Шашылыш кабар:

Кыргызстанда жыл сайын 100дөй бала ВИЧке чалдыккан энеден төрөлөт

Сентябрь 13, 2017 | жарыялаган Бурулай Шергазиева
282

Кыргызстанда 700дөн ашык бала ВИЧ/СПИД инфекциясын алып жүрөт. Ал эми ВИЧке чалдыккан энелерден жыл сайын 70-80 бала төрөлөт. Бул жагдайды эске алып ЮНЭЙДС жана ЮНИСЕФ эл аралык уюму  жана “Марал” радиосу менен биргеликте, Орусия өкмөтүнүн колдоосу менен СПИД илдетине чалдыккан балдардын саламаттыгын жакшыртууга багытталган “Сен жалгыз эмессиң” программасын сунуштайт. Программанын алкагында Республикалык СПИД борборунун дарылоо бөлүм дарыгери Эркин Тостоков Кыргызстандагы жалпы тенденция боюнча айтып берди.


140206-baby-hospital-1635_d5450ed056237a62b4c806e11b582bd2.nbcnews-fp-1240-520

Кыргызстанда  ВИЧ илдетине чалдыккан 20 баланын жуктуруу жолу аныкталган эмес

Жалпылап айтканда Кыргызстанда 2017-жылдын 1-сентябрына карата расмий түрдө 7 миң 663 жаран СПИД илдетине чалдыккан деп аныкталган. Алардын ичинен кыргызстандык 7 миң 264, чет элдик жарандар 399. Ал эми жаш балдар арасында 14 жашка чейинкилер-607, 14-19 жашка чейинки өспүрүмдөр арасында болсо 110 бала ВИЧ менен катталган. Жугуу жолдоруна токтоло турган болсок 607 баланын ичинен ооруканадан жуктуруп алгандардын саны 373, энесинен жуктурган балдардын саны 210. Ал эми ийне аркылуу жуктуруп алгандардан 2 бала баңгизат колдонгон деп болжолдонот, 2 бала жыныстык жол менен жуктуруп алган.

Ошондой эле 20 баланын жуктуруу жолдору аныкталган эмес. Буга ата-энелердин миграция кыймылы, ата-энелер мигрант болуп кеткендиктен толук кандуу аныктоого мүмкүн болбой келет. Анткени ата-энесинин да статусун аныктамайын, толук түрдө кайдан жугузуп алганын аныктоо кыйын. Тилекке каршы  72 бала ВИЧ илдетинен каза болгон. Алардын ичинен 27 СПИДден көз жумган.

Балдар арасында ВИЧтин катталуусу 2005-2007-жылдары кескин өскөн

-Алдын алуу чаралары жакшы эле көрүлүп келет. Маселен Саламатыкты сактоо министрлигинин буйругуна ылайык, ар бир кош бойлуу эне СПИД илдетине каршы көзөмөлдөн өтөт. Эгерде энеде ВИЧ аныкталса атайы алдын алуу чаралары көрүлөт. Төрөт учурундагы чаралар аныкталат, бала дагы 42 күн дарыланат. Бирок белгилеп кетүүчү жагдай акыркы учурда ВИЧке чалдыккандардын саны турукташа баштады. Мисалы 2005-2007-жылдары түштүк аймагында ооруканадан жугузуп алгандардын саны кескин көбөйгөн. Ошонун негизинде балдар арасында ВИЧ илдетине чалдыккан балдардын саны кескин көбөйгөн. Ал эми акыркы учурларда негизинен балдар энесинен жугузган учурлар катталууда. Алар да энеси кош бойлуу учурунда каттоодо турбай кайдыгер мамиле жасагандыгынын кесепети. Алардын көпчүлүгү  мигрант болуп, текшерилбей, төрөттөн кийин гана аныкталып, убагында чара көрүлбөй калгандыгынын кесепети.

ВИЧ илдетине кабылган балдардын басымдуу бөлүгү түштүк аймагында

-ВИЧ илдетине чалдыккан балдардын басымдуу бөлүгүн түштүк аймагы түзөт. Ал эми түндүктө энесинен жугузган учурлар басымдуулук кылат.

Жалпылап алсак, Ош облусу биринчи орунда турат. Облус боюнча 395 бала аныкталган, алардын 291 ооруканадан жуктуруп алган, 1 баңгизатты колдонгон учурда жуктурган деген божомол бар, 89 энеден жуктуруп алган, ал эми 14 баланын жуктуруу жолу аныкталган эмес. Андан кийинки орунда Жалал-Абад облусу 79 бала менен катталган. Алардын ичинен 30 ооруканадан, 45 энесинен жуктурган. Ош шаарында болсо 72 аныкталган, алардын 38 ооруканадан, 33 энесинен жугузган. Ал эми түндүк аймагы боюнча айта турган болсок, Бишкекте 15 бала, Чүйдө 25 балада ВИЧ аныкталган. Түндүктө түштүк аймагына салыштырмалуу көпчүлүгү энесинен жугузуп алгандар түзөт. Бирок бул жаш балдардын көрсөткүчү гана. Ал эми чоңдор боюнча алып карай турган болсок тескерисинче Чүй облусу биринчи орунда турат.

Балдарда ВИЧ аныкталгандыгынын башы 2005-жылдарга барып такалат. Анткени тилекке каршы ал мезгилде кош бойлуу энелердин милдеттүү түрдө СПИДге карата текшерүүдөн өтүүсү керек деген милдеттендирме жок эле, балдарды да текшерүү жокко эсе болчу. Натыйжада атадан энеге, энеден балага жугуп отуруп, 2005-2007-жылдары кескин көбөйгөн.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *