Шашылыш кабар:

Түндүк Корея БУУнун жаңы санкцияларын четке какты

Сентябрь 13th, 2017 | by Гүлбарчын Тилембаева
Түндүк Корея БУУнун жаңы санкцияларын четке какты
Дүйнө кабарлары
0

Без названия

Түндүк Корея БУУнун коопсуздук кеңеши кабыл алган жаңы санкцияларды четке какты.

Өлкөнүн тышкы иштер министрлиги билдиргендей, резолюция АКШ тарабынан даярдалган жана мамлекетти экономикалык блокадага алуу максатын көздөйт.

Министрликтин айтымында, бул резолюция Түндүк Корея туура багытта бара жатканын тастыктады. Эми Корея өз көз карандысыздыгын коргоп, АКШ менен теңтайлашуу жолу менен аймакта тынчтык орнотот.

Эске сала кетсек, БУУнун Коопсуздук кеңеши Түндүк Кореянын алтынчы жолу ядролук ракета сыноосуна жооп катары текстиль, нефть, кен иштетүү жана энергетика тармактарына жаңы санкцияларды киргизүүчү резолюция кабыл алды.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache