Шашылыш кабар:

Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү мыйзам коомдук талкууда

Сентябрь 12, 2017 | жарыялаган Бахар Хакимова
74

e357b7f51fc1a2950189140ddb2a42ec

Бүгүн Жогорку Кеңеште Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети Мамлекеттик сатып алуулар боюнча парламенттик угуу өткөрдү. Анда “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушу талкууланды. Бир катар сунуштар айтылып, жыйынтыгында мамлекеттик сатып алуулар болжол менен өлкө бюджетинин 40 пайызын түзөөрү белгилүү болду. Ушул теманын алкагында «Күн чекит» программасында “Коррупцияга каршы ишкер” кеңешинин төрайымы Нурипа Муканова менен маектештик.


Парламенттеги мамлекеттик сатып алуулар мыйзамы боюнча парламенттик угууга сиз дагы катыштыңыз. Кайсы багыттар боюнча өзгөртүүлөр киргизилип жатат?

Биринчиден, мамлекеттик сатып алуулардын босого суммасы айыл өкмөттөрүнө чоң көйгөй жаратып келет. Анткени алар, майда-чүйдө нерселерди сатып алууну тендерсиз сатып алууга уруксат берилсин, анткени тендер өткөрүүгө убакыт керек болгондуктан биз эч нерсе сатып ала албай жатабыз деп айтып келишет. Бирок азыркы күнү иштеп жаткан мыйзамда борбордук сатып алуу деген бар, бардык айыл өкмөттөрүнүн канцеляриялык товарларын чогуу сатып алса болот. Бирок, ошого босого сумманы тактоо керектигин суранып жатышат.

Экинчиден, форс-мажордук кырдаалдарда мамлекеттик сатып алууларды тендерсиз жүргүзүү сунушу айтылууда. Анткени, мисалы кышында бир мектепте түтүкчө жарылып кетсе, же дагы башка ушул сыяктуу жагдайда жеткирүүчү компания менен түзмө-түз келишим түзүү зарыл болот. Бирок, бул азыркы жаңы мыйзамда бар.

Тендерсиз сатып алуу жүргүзүүнү туура деп ойлойсузбу?

Форс-мажордук кырдаалдарда мамлекеттик сатып алууларды тендерсиз жүргүзүү талабы коюлса болот. Бирок, конкурс тууралуу маалыматтардын баары ачык түрдө малекеттик сатып алуулар порталына жайгаштырылышы керек. Бул да көзөмөлдө болушу зарыл.

Мындан тышкары, мамлекеттик үлүшү 50 пайыз жана андан чоң болгон акционердик коомдор бул мыйзамдан чыгарып салуу сунушун беришүүдө. Бирок мыйзам баарына тең иштеш керек. Булар грант, насыя, мамлекеттин акчасын алып жаткан үчүн аталган мыйзамдан чыгарылбаш керек. Мен муну туура деп эсептейм.

Алдыда «Таза коом» программасы ишке киргени жатат. Анда көптөгөн кызмат көрсөтүүлөр электрондук түрдө жүргүзүлөт деп айтылып жатат. Мамлекеттик сатып алуулар канчалык ачык болот деп ойлойсуз?

Азыркы иштеп жаткан мыйзам 2015-жылы май айында киргизилген. Жакшы иштелип, эл аралык экспертизадан өткөрүлгөн. Бирок, азыр талкуу болуп жатканда ар кандай сунуштар түшүп, мамлекеттик сатып алууну порталсыз эле мурункудай кагаз түрүндө жүргүзүш керек деп айтылып жатат. Буга жол бербеш керек. Бүгүнкү күндө биз ким, эмнени сатып алып жаткандыгын билебиз, бул ачык болушу керек.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *