Шашылыш кабар:

Жабыркаган жайыттарды жандандыруу жүрүүдө

Сентябрь 12, 2017 | жарыялаган Түмөнбай Абдинаби уулу
60

1

Кыргызстанда 9 жарым миллион гектар жайыт жери болсо, анын 1,5 миллиону деградацияга учураган. Ошол себептүү аны сактап калуу жана жабыркаган аянтты калыбына келтирүү иши маанилүү. Мындай маалыматты Айыл чарба, тамак-аш жана мелорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев  билдирди. Ошол себептүү аталган мекеме бейөкмөт уюмдар менен биргеликте атайын форум өткөрүп, анын негизинде чечүү жолдорун талкуулашты. Бул иштин алкагында азыр изилдөө иштери жүрүүдө деген министр орун басары төмөнкүлөргө токтолду.

-Бул форумда Кыргызстандагы жайыт жана токойлордо кандай жетишпестиктер бар экендиги талкууга алынып, анын негизинде тажрыйба алмашуу да жүрөт. Иш-чара аяктаган соң келген коноктор Ысык-Көлгө барып, биздин жерлер менен таанышмакчы. Изилденген соң кыска убакытта калыбына келтиребиз деп айта албайм. Анткени бул процесс узак мөөнөттү талап кылат.

Кыргыз эли мурунтан эле жайытты баалап, аны колдонууну да мыкты өздөштүрүп келген. Бирок акыркы жылдары жарандар туура эмес пайдаланып, жайыттар деградацияга учуроодо. Тагыраагы, ал жерлерди которуп туруу унутулуп, бир эле аймакта мал багылып жатат. Бул маселени чечүү үчүн жер-жерлерде Жайыт комитеттери түзүлгөн. Алар эл менен бирге туура колдонууну жолго салып, керектүү чараларды көрүшөт. Мындай маалыматты “Кыргыз жайыты” улуттук жайыт пайдалануучулар ассоциациясынын директору Абдималик Эгембердиев айтты.

-Бардык эле жайыт комитеттери бүгүнкү күндө бардык көйгөйлөрдү чечти деп айта албайм. Бирок ошого карата кадам болуп жатат. Эл дагы 5-6 жыл мурункуга караганда өзгөрдү десем болот. Негизи жайытты дайым коргой билишибиз керек. Бир жерде эле отура бербестен, которуп туруу шарт. Ошондо күзгүнү күзгө, кыштоону кышка сактаган болобуз.

Жайытты туура пайдалануу боюнча ар кандай долбоорлор да иш алып барууда. Алсак, АРИС ишканасы 2 долбоордун үстүндө иштеп, анын биринчиси Ысык-Көл менен Нарында, экинчиси Баткен, Ош жана Жалал-Абад облусунда ишмердүүгүн жүргүзүүдө. Анда жалпысынан 37-30 млн доллар коротулуп, анын негизинде ар бир жайыт комитетин окутуп, аларга атайын каражат да бөлүнүп берилген. Аны менен бирге жайыттын планын түзүү үйрөтүлгөнүн аталган компаниянын координатору Алмаз Акматалиев билдирди. Ал өз сөзүндө колдонулбай калган жайыттарды ишке киргизүү максатында 80дей көпүрө салынып, жол куруу үчүн 300-400 техникалар сатылып алынганын билдирди.

-Жайыттарды пайдалануу планын түзүү оңой иш эмес. Биз жакында ар бир Жайыл комитетине электрондук карталарды берип бүтөбүз. Анда өзүнүн жайытынын картасы аныкталган. Анда компьютер менен “бул жерде сарай, бул жерде көпүрө бар” деп жаңы обьектилерди түзсө болот. Жакшы жери, участокторду бөлүп алып, шарттуу түрдө “30 чакырым жерге мынча мал батат” деп эсептеп чыгып, ротациялык система менен иштөөгө үйрөттүк.

Сөзүнүн уландысында малды багуу боюнча да атайын тренингдер өтүп жатканын айтты. Анда 4 литр сүт берген 5 уйду бакканга караганда 20 литр берген 1 уйду багуу керек. Ошондо жайыт да үнөмдөлөт деген сыяктуу да альтернативалык жолдор да каралып жатканын белгиледи.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *