Шашылыш кабар:

Кыргыз токой чарбасына 70 жыл болду

Сентябрь 12, 2017 | жарыялаган Канай Анаркулов
26

_20111115_1225435409Ушул жылдын 17 — сентябрында Кыргыз Республикасынын токой чарбасынын түзүлгөндүгүнө 70 жыл болот. Бул тууралуу айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы агенттигинин директору Абдыкалык Рустамов билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда 5,6% токой баскан аймак бар. Токой элдин байлыгы. 70 жыл арасында ар кандай кыйынчылыктар, бактарды кыюулар  болгонуна карабай токойлор сакталып калды. Кызматкерлердин  ак эмгеги, чынынгы адистер болбосо, токойду сактап калуу кыйын эле. Бүгүнкү күндөгү чоң жетишкендик, токой кыюуга мыйзам менен толук тыюу салынганы болуп жатат деди Рустамов.

-Азыр токойлорду кыюуга эч кандай уруксат жок. Баары мыйзамсыз болот. Биз токойлорду жок кылбай, алардын аянтын көбөйтүшүбүз керек. Ушул максатында, биз жыл сайын гектарлап бак олтургузабыз. Келерки жаз мезгилинде миллион көчөт олтургузуу пландап жатабыз. Ал көчөттөр жергиликтүү бийликтер менен жер жерлерге олтургузулат. Эгер алар колдоого алышса. Бак-дарактар абаны тазалоого, туристтерди тартууга, кооздукка өзүнүн чоң салымын кошоорун билебиз. Ошондуктан, элибиз бул кадамды колдоого алышат деп ишенебиз.

Ал эми Токой экосистемасын өнүктүрүү департаментинин директору Элдияр Шерипов, жыл башынан бери тыюу салынганына карабастан, мыйзамсыз бак дарактарды кыйгандар болуп жатканын айтып, ага токой кызматкерлери да аралашкан учурлар болгонун белгилөө менен статистиканы айтып берди.

 2017-жылдын башынан бери Кыргызстанда дарактарды мыйзамсыз кыюу боюнча 249 факты катталган.  Бардык материалдар укук коргоо кызматкерлерине өткөрүлүп берилди. Арасында биздин кызматкерлер да бар экени айтылууда. Алар да сөзсүз жоопко тартылат. Кыш мезгилинде жана дем алыш күндөрү мыйзамсыз дарактарды кыюуну азайтуу максатында рейд өткөрп турабыз. Колго түшкөндөргө административдик айып каралган. 2 миң сомдон өөдө болсо, кээде кылмыш иши козголот.

Аны менен катар ушул департаменттин жетекчи орун басары Бактыбек Ырысалиев , буга чейин айып пул сатылган карагайдан бир топ аз болгондуктан, жарандар карагайларды сатып, айып пулду төлөп жүрө беришкенин эске салып, азыр айып пул көтөрүлүп, мыйзамсыз ишке баргандар кескин азайганын кошумчалады.

-1992-жылдары айып пулдун баасы 1 кубка 300 сом болчу. Аны сатса, 1000 сомдон ашык болот. Анан айып пулду төлөп коюп, калганын чөнтөккө салып иштей бергендер болгон. Учурда этап менен келип олтуруп, 10миң сомго чейин айып пул көтөрүлдү. Анын артынан мыйзамсыз ишке баргандар кескин азайды.

Айта кетсек, агенттиктин карамагында 42 токой чарба 8 өз алдынча токойчулук , 12 улуттук жаратылыш парк жана 10 корук бар. Жалпы республика боюнча 880 кызматкер бар.  Алардын ар бири 3,5 гектардан 5 гектарга чейин аймакты кайтарышат. Алган маянасы 2,5 миң сом болуп келсе, 2015-жылы 7 миңге чейин көтөрүлгөн. Алдыда мындан да жогорулатууга аракеттер көрүлүп жатканы маалым болду.

Кошумчалай кетсек, кыргыз эли Орусия империясынын курамына киргенден баштап, токойлорду изилдөө башталган. Кийин 1947-жылы СССР  Министирлер кеңеши Токой чарба министрлигин түзүү боюнча токтомун чыгарган. Ошондон тарта бул күн токой кызматкерлеринин күнү деп белгиленип калган.

70 жылдык маарекеге карата 15-сентябрда Улуттук филармонияда чоң майрамдык салтанат уюштурулуп, анда мыкты токойчулар сыйланаары маалым болду.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *