Шашылыш кабар:

“Төртилтик” бириге элек жатып ыдырады

Сентябрь 12, 2017 | жарыялаган Бакыт Төрөгелди уулу
202

20767755_1944647699116558_8494082691477330334_n

“Өнүгүү-Прогресс”, “Ата-Журт Мекенчил” жана “Бүтүн Кыргызстан” саясий партияларынын төрт лидерин бириктирген “Кайра Жаралуу” партиясы түзүлбөй турган болду. Ошондой эле башта айтылгандай саясий “төртилик” президенттик шайлоодо бирдиктүү талапкер чыгарбайт.

Бакыт Төрөбаев, Адахан Мадумаров, Камчыбек Ташиев жана Ахматбек Келдибековдор түзгөн “Кайра Жаралуу” партиясынын курултайы 11-сентябрда өтөөрү кабарланган. Анда аталган саясий биримдик шайлоого чыгарган президенттикке талапкердин аты аталаары айтылган эле. Бирок, анын ордуна “Өнүгүү-Прогресс” партиясынан талапкер Бакыт Төрөбаевдин шайлоодогу программасы сунушталып, Төрөбаев төрт саясатчы түзгөн жаңы партия ишин токтотконун ачыктады.

Көп өтпөй 12-сентябрда Бакыт Төрөбаевдин штабы “Өнүгүү-Пргоресс” партиясынын саясий кеңеши кабыл алган чечимди таратты. Ал чечимде үч партия биригип, шайлоого бирдиктүү талапкер чыгаруу боюнча 6-августта төрт саясатчы кол койгон келишимди жокко чыгаруу кабыл алынганы камтылган. Ошондой эле саясий “төртилик” кимдин талапкерлигине токтолушканы тууралуу Төрөбаев буларды билдирген.

— Мен саясатчыларды биримдикке чакырууга жана жаңы саясий күчтү курууга болгон аракетимди жумшадым, бирок тилекке каршы кээ бир менин тарапташтарым жеке амбицияларын жеңе алышкан жок. Азыркы учурда мен ачык эле айта алам, 2017-жылдын 6-август күнү “Ата-Журт Мекенчил” жана “Бүтүн-Кыргызстан” партиялардын лидерлери менен бирге кол коюлган биздин келишимибиз боюнча, мен үч саясий партиянын атынан КРнын президенттигине бирдиктүү талапкер катары көрсөтүлмөкмүн. Эгерде биздин келишимибиздин эң башкы шарты аткарылбаган болсо, мен ойлойм анын саясий күчү да жоголот.

Төрөбаев, Мадумаров, Ташиев жана Келдибеков биригишкенден кийин алар президенттик шайлоодо эле эмес мындан ары дагы өлкөдөгү бардык саясий иштерде чогуу болушаарын жарыя кылышкан. Президенттик шайлоого бирдиктүү талапкер көрсөтүү тууралуу ачык айтышпай, аны саясий тактика катары кийин жарыялай турганын жүйө кылып келишкен. Ал ортодо саясий биримдик бириге элек жатып ыдырап отурат.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Курманбек Осмонов төрт саясатчынын шерттешип кайра башка-башка жолго түшкөндүгүнүн себебин аларды тар кызыкчылыктар бириктиргени менен байланыштырып жатат.

— Бул жерде ар кандай кызыкчылыктар аралашкан. Негизи биригүүчүлөр идеянын тегерегинде биригишсе ынанымдуу болмок. Менин боолголошум боюнча булардыкына башка дагы кызыкчылыктар аралашып кетти окшойт. Убактылуу кызыкчылык менен бириккендердин жолу бир башка, идея жана көп перспективалык убакытка белгиленген биригүүлөр башка.

Борбордук шайлоо комиссиясы Бакыт Төрөбаев, Адахан Мадумаров менен Камчыбек Ташиевди президенттикке талапкер катары каттап, Ахматбек Келдибековду соттуулугу жоюла элек деген жүйө менен каттоодон баш тарткан.

Ал арада Камчыбек Ташиев бийликчил КСДП партиясы президенттикке талапкерлигин көрсөткөн Сооронбай Жээнбековду колдоп кеткени ачыкка чыкты. Ташиев бул боюнча кенен түшүндүрмө бере элек. Ал эми Адахан Мадумаров Камчыбек Ташиевдин чечими боюнча буларга токтолгон.

-ММКлардан, жергиликтүү тургундардан, айрыкча Жалал-Абад шаарынан ушундай маалыматтарды алып атабыз. Эгерде ал киши (ред. К.Ташиев) ошондой жолду тандап алып, өзү талапкер катары барбай башка бирөөнү колдоп кеткен болсо өкүнүчтүү. Бирок, ал кишинин өзүнүн эрки.

“Төртиликтин” чачырашы кыргыз саясатындагы саясий биригүүлөрдүн аягына чыкпай калган биринчи окуя эмес. Буга чейин партиялар шайлоо алдында биригип шайлоо бүткөндөн кийин эки жолго түшкөн учурлар болгон.

Конфликтолог жана журналист Жыргалбек Касаболотов төрт саясатчыны эң ириде регионалдык фактор бириктиргенин жана аты аталган саясатчылар биригүүдөн ансыз да көңүлү калган дейт.

Булар (ред: төрт саясатчы) бири-биринен дагы, башка саясатчылардан дагы көңүлү калып калган жайы бар. Мисалы Ташиев Бабанов менен бириге калып орто жолдо кур жалак калды. Конкреттүү алганда төртөөнүн биригүүсү бул аймактык электоратты алабыз деген ой болсо керек.

Буга чейин Бакыт Төрөбаев дагы талапкерлигин алып шайлоодо башка саясий күчтөрдү колдошу мүмкүндүгү айтылып жаткан. Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт. Ага жалпы 13 талапкер ат салышууда.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *