Шашылыш кабар:

Кыргызстандын ЕАЭБ өлкөлөрү менен болгон соодасы 14 пайызга өстү

Сентябрь 12, 2017 | жарыялаган Чолпон Бейшелең кызы
54

Кыргызстандын Улуттук статистика комитети ушул жылдын сегиз айынын жыйынтыгын чыгарды. Комитеттин маалыматына ылайык, бул жылы өлкөдө экспорттун көлөмү 324,7 миллион долларды түзсө, импорттун көлөмү 977 миллион доллар түзгөн.

images (5)

Үстүбүздөгү жылдын сегиз айында ички дүң продукциянын көлөмү 283 млрд сомго жетип, былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 6 пайызга жогорулады. Кумтөр кенин кошпогондо 253млрд сом. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети маалымдады. Мындай көрсөткүч өндүрүштүн жанданышы менен жетилген.

Алып карай турган болсок, өндүрүш тармагы ички дүң продукциянын 26 пайызын түзгөн. Айыл-чарба  12% жана курулуш тармагы 7% көрсөтүүдө.

Анын ичинде Евразия экономикалык биримдигине мүчө-мамлекеттер менен болгон сооданын көлөмү дагы 14,4 пайызга жогорулады. Анын ичинен экспорт 32,7 пайызын түзсө, импорт 9 ,8 пайызды гана көрсөтүүдө. Бул тууралуу статистика комитетинин тышкы соода–сатык бөлүмүнүн башкы адиси Гүлайым Шайахметова тааныштырып өттү.

Евразиялык экономикалык биримдиктин айланасында бизде жакшы тенденцияларды көрүүгө болот. Соода жүгүртүү 14,4%, экспорт 32,7%, импорт 9,8% өстү. Уюмга кирген өлкөлөрдүн ичинен Кыргызстандыкы өтө эле жогорку көрсөткүч.

Биримдик ичиндеги беш мамлекеттин арасында Кыргызстандын көрсөткүчү жогору саналса, кайсы товарларды алып сатуу жүрүп жатат? Бул боюнча Шайахметова төмөнкүлөрдү кошумчалады.

Бизден эң көп сыртка чыгып жаткан товарларга сүт азыктары, айнек, кургатылган жемиштер, кийим-кече жана техникалык айрым тетиктер бар.

Уюмга мүчө мамлекеттер менен соода өстү делгени менен өлкөдөн чыккан эмес, дагы деле кирген товар басымдуулук кылып жатат. Мунун негизги себебин экономист Искендер Шаршеев Кыргызстанда өндүрүштүн жоктугу менен байланыштырат. Ошондуктан экологияга зыяны аз болгон өндүрүштү жандантууну сунуштайт.

Экспортту көтөрүү үчүн өндүрүшкө көңүл бурушубуз керек. Бирок мында дагы экологияга зыян алып келбегендей болууга тийиш. Ошондуктан аз бирок сапаттуусуна карашыбыз керек. Мында өлкө дагы өнүгөт. Андыктан өлкөгө кирип жаткан чийки заттын баасын түшүрүү керек болот. Ошонда ЕАЭБ мамлекеттери менен атаандаша алабыз.

Буга чейин экс-премьер-министр Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн экспортун өстүрүү жаатында жаңы мамлекеттик программа түзүлүп жатканын айткан. Ошондой эле өкмөт жергиликтүү ишкерлерге каржылык колдоо көрсөтүү тууралуу пикирин айтканы бар. Бирок азырынча бул убадалар иш жүзүнө өтө элек.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *