Шашылыш кабар:

Небере баккан карыялар кошумча киреше таап жатышат

Сентябрь 12, 2017 | жарыялаган Айжамал Худайбердиева
61

“Арыш” коомдук бирикмеси борбордун жети жаңы конушунда улуу муундун өкүлдөрүнө жардам көрсөтүп келет.  Долбоор 3 жылдын ичинде күнөскана, чакан наабайкана иштетүү, жашылча-жемиш консервалоо, эчки, тоок жана бөдөнө багуу үчүн акча бөлүп берген.


15052047960

 “Майыптык пенсия алам. Жетимиш жашка келип калдым. Быйыл мага бөдөнө беришти. Алгач жеми менен кошо беришкен, эми өзүм үйрөнүп алдым. Мурда жыйырмадай жумуртка берип жаткан. Азыр күн суугандыгына байланыштуу 15-16 жумуртка алып калдым. Жем алыш үчүн жумурткаларды сатам. Неберелерим да жейт, кээде өзүбүздөн ашпайт”. 

70 жаштагы Марзия Паизова — ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жаран. Алган пенсиясы аз болгондугуна байланыштуу аны “Арыш” коомдук бирикмеси бөдөнө менен камсыз кылган. Марзия апа айткандай, мындан көп киреше түшпөсө да, неберелерин багып, караганга аз да болсо жардам болот. Бөдөнө багуу оңой көрүнгөнү менен убагында көңүл буруп карабаса, бат эле өлүп калат.

“Арыш” Коомдук Бирикмеси  карыларга пайда алып келүүчү ишкердикти үйрөтүү максатында 9 багытта иш алып барышат. Тактап айтканда, күнөскана иштетүү, эчки, тоок жана бөдөнө багуу, жашылча-жемиштерди консервалоо сыяктуу иштер. Бирикменин жетекчиси Мааматкул Айдаралиев: «Аталган программанын башкы максаты, пенсиясы аз жарандарга кошумча каражат табууга мүмкүнчүлук түзүү,»- дейт. Жетекчи айткандай, мындай колдоолор карапайым турмушта жашаган 55 жаштан жогорку курактагы пенсионерлерге гана берилет.

“Биздин ишибиз карыларга пайда берүүчү ишкердикти уйрөтүү. Мисалы, күнөсканаларды куруп берүү, андан пайда табуу. Бөдөнөну берүү жана жумурткасын сатуу. Бул программанын негизги максаты карылардын үй-бүлөсүндө тамак аштын түрүн көбөйтүү. Экинчиден, пенсиясына кошумча киреше табуу. Мындай кызматты пайдаланыш үчүн жаш курагы 55 жаштан жогорку, жупуну жашап, небересин жалгыз баккан карылар пайдалана алат”. 

Кары адамдардын өз жардам топтору конуштардагы өз участкаларында күнөскана иштетишет. Алардын бири Зыйна Коёшева. Ал төрт небереси менен Жеңиш конушунда турат. Каарман билдиргендей, өзү кошуналары менен биргеликте жашылча-жемиштерди консервалоо иштерине да катышат. Тапкан кирешеси пенсиясына кошумча болот.

“Мен өзүм күнөсканада бадыраң өстүрөм. Жүзүмдөр да өзүбуздүн бактан. Компот да жасайм. Беш үй-бүлө биригип бадыраң туздайбыз. Тапкан каражатты ортодо бөлүп алабыз. Өзүм 2600 сом пенсия алам. Бул иштер кошумча киреше алып келет. Жолдошум экөөзбүз неберелерди караганча, пайда алып келчү иштер менен алек болобуз.”

Карылардын эмгегин пайдалансак болот. Мындай пикирин экономист Айылчы Сарыбаев Япония өлкөсүн мисал келтирүү менен билдирди. Анын айтымында, карыяларды укук коргоо органдарынын көзөмөлүнүн астында колунан келген жумуш менен камсыз кылган жакшы.

“Ишке жарамдуу болсо, майда жандыктарды бакканы пайдаланса эмне үчүн болбосун? Азыр пенсия жетпегендиктен кыйналып жаткан мезгили. Мисалы, Японияда транс-улуттук компаниялардын тетиктеринин 60-70% үйдөн жасашат. Жеке кызмат көрсөтүү аркылуу оокат кылышат. Кыргызстанда деле колдонсок болот.”

Белгилей кетсек, Кыргызстанда жалпы 629 миң пенсия алган жаран бар.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *