Шашылыш кабар:

Москва Анкарага С-400 коргонуу тутумун сатмай болду

Сентябрь 12th, 2017 | by Гүлбарчын Тилембаева
Москва Анкарага С-400 коргонуу тутумун сатмай болду
Дүйнө кабарлары
0

upload-RIAN_02746774.HR-pic905-895x505-605

Москва  Анкарага С-400 коргонуу системасын берүү боюнча макулдашты. Бул тууралуу аскер-техникалык кызматташуу боюнча федералдык кызматтын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, макулдашуу жетишилди жана Орусия аны аткарууга даяр. Теманын өзгөчөлүгүнө байланыштуу келишимдин деталдары айтылган эмес. Бирок, Орусиянын Түркияга аталган системаны берүүсү анын геосаясий кызыкчылыгына туура келери белгиленген.

Дүйнөдө аналогу жок ЗРС С-400 системасы аба учактарын жана баллистикалык ракеталарды жок кылуучу күчкө ээ.

Эске сала кетсек, бул системаны берүү боюнча Орусия Кытай менен дагы келишим түзгөн.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache