Шашылыш кабар:

Жол кырсыктарын азайтуу үчүн жаңы долбоор сунушталды

Сентябрь 12, 2017 | жарыялаган Бакыт Төрөгелди уулу
45

DSC_0161

Шейшемби күнү «Фабула», «Майдан» жана «Мантыш» гезиттери жарык көрдү. Мезгилдүү басылмалар алдыдагы президенттик шайлоодо канча талапкер калаары, жол кырсыктарын азайтууга болгон жаңы сунуштар жана мектепке деп ата-энелерден чогултулган каражаттардын мыйзамдуулугу тууралуу жазышты.

«Фабула» гезити биринчи бетин кыска жаңылыктар менен ачып анда 15-октябрда болчу президенттик шайлоого токтолгон. Анда шайлоодо 6 же 7 талапкер калаары айтылат. Жалпы 13 талапкер шайлоого катышууга укук алса алардын беш алтысы башка талапкерлер менен соодалашып, талапкерлигин алып коёру камтылган. Мисал катары Камчыбек Ташиев, Таалатбек Масадыков жана Улукбек Кочкоровдор бийликтин талапкери Сооронбай Жээнбековду колдоору камтылган. Ал эми Азимбек Бекназаров менен Адахан Мадумаров Темир Сариевди жандашы мүмкүндүгү божомолдонот. Бакыт Төрөбаевдин дагы акырына чейин күрөш жүргүзөөрү күмөн деп, негизги күрөш Сооронбай Жээнбеков, Өмүрбек Бабанов жана Темир Сариевдин ортосунда жүрөт дейт автор.

Гезит шайлоо темасын улай эле Бажы кызматынын орун басары Раим Матраимов Кара-Суу шаарында болгон жергиликтүү шайлоого кийилигишкени тууралуу айрым фракциялардын айткан сынын жарыялады. Жарыяланган кабарда Жогорку Кеңештеги «Республика-Ата Журт» фракциясы жана «Бир Бол» фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов дагы Матраимовдун шайлоолорго таасирин тийгизип жатканына нааразычылыктары бар экени жазылган.

Эске салсак Кара-Суу шаарында болгон жергиликтүү шайлоодо чуу чыгып, ал президент Алмазбек Атамбаев катышкан Коопсуздук кеңешинин жыйынында дагы талкууланган.

«Майдан» басылмасы «Жанга өбөлгө жаңы долбоор же жол кырсыктарын айып пул кыскарта алабы?» деген көлөмдүү макаланы басып чыгарды. Макалада жол эрежесин бузгандарга салынчу айып пулдар жана автокырсыктардын санын азайтуу боюнча сунуштар жазылган. Гезит жакында эле Коопсуздук кеңешинде бул маселе талкууга алыны,п анда жаңы долбоор сунушталганын кабарлайт.

Ага ылайык буга чейин бузук автоунааны айдоого салынчу айып пулдун  көлөмү 500 сом болсо эми ал 2 миң сомго көтөрүлөт. Коопсуздук курун тагынбаган айдоочу ушуга чейин 300 сом айыпка жыгылса ал 500 сомго чейин өсөт. Рулда мобилдик телефон колдонгону үчүн МАИ айдоочуга эскертүү берип же 500 сом айыпка жыгышы мүмкүн. Тийштүү уруксаты жок жарык жана добуш сигналдары бар автомобилди айдоо кожоюнду 2000 сом айыпка жыгып, 6 айга айдоочулук күбөлүгүнөн ажыроого дуушар кылышы мүмкүн. Ал эми унаанын терезесин караңгылатканы үчүн азыр 2 сиң сом айып пул төлөсө ал 5 миң сомго чейин жогорулашы мүмкүн.

Ошондой эле жолдо белгиленген ылдамдыктан катуу айдаса, жол чырак кызыл күйүп турганда өтүп кетсе, каршы жол тилкеге чыгып айдаса жана спирт ичимдиктерин ичип алып рулга отурса жана документи жок автоунаа айдагандарга болгон жазалар бир топ күчөтүлүп жатканы жазылган.

«Мантыш» гезити мектептердин ата-энелерден чагултуучу каражаттын мыйзамдуулугу боюнча макалады чыгарды. Макаланын автору Назгүл Исакова мектепке баланы окууга киргизүүдө эң биринчи демөөрчүлүк үчүн акча берилээрин жазат. Бул ата-энелердин өз ыктыяры менен берилчү каражат деп жумшартылып түшүндүрүлөөрүн айтат. бул каражат мектептин аймактарда жайгашкан өзгөчөлүгүнө жараша кеминде 15 миң сомго чейин барат экен.

Экинчи мектеп фондуна ай сайын төлөнүүчү каражат кирет. Кыргызстанда орто билим алуу официалдуу түрдө эле акысыз деп айтылганы менен бир топ эле каражат жумшалат дейт. Андан соң мектепти оңдоп-түздөөгө делген, башкача айтканда ремонтко акча, класстык кутучага, ар кандай майрамдарда белек-бечкек үчүн акча, мектептин бирдиктүү символдору үчүн каражат, коопсуздук үчүн деп отуруп ата-энерлердин бир топ эле чөнтөгүн кагып коёру баяндалат.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *