Шашылыш кабар:

Мамлекеттик сатып алууну ишке ашыруудагы көйгөйлөр жоюлат

Сентябрь 12, 2017 | жарыялаган Анара Бакытбекова
27

Бүгүн Жогорку Кеңеште Мамлекеттик сатып алуулар боюнча парламенттик угуу өттү. Парламенттик угууну парламенттин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети уюштурду. Анда “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушу талкууланды. Угууда мамлекеттик сатып алуулар болжол менен өлкө бюджетинин 40 пайызын түзөөрү белгилүү болду.


Мамлекеттик сатып алуу жол-жоболорун жөнгө салууга багытталган мыйзам долбоору иштелип чыккан.01e504b9cb094730835e6f85806a909bd726de35 Жогорку Кеңеште биринчи окууда жактырылган. Ага ылайык, баардык мамлекеттик органдар менен жергиликтүү башкаруу органдарына 1 млн сомго чейинки сатып алууларды сынаксыз эле жүргүзүүгө уруксат берилет. Ошону менен бирге өз бюджетинин 3 пайыз өлчөмүндөгү каражатка да сынаксыз сатып алуусуна мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Мындан тышкары «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» мыйзамга «атайын тартип», «улуттук режим», «демпингдик баа» деген сындуу бир катар жаӊы түшүнүктөр киргизилүүдө. Улуттук мыйзамды Евразия экономикалык бирлигинин курамына кирген өлкөлөрдүн мыйзамдарына шайкеш келтирүү милдети турат.

Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы Нурланбек Макеевдин айтымында, “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамга киргизилип жаткан түзөтүүлөр заман талабы.

Өзүӊөр жакшы билесиӊер, мамлекеттик сатып алуулар тармагында көйгөйлүү маселелер өтө көп, биз аларды чечишибиз керек. Талкуу жүрүшүндө айтылган сунуштар менен пикирлер толугу менен талданып чыгып, алардын алгылыктуулары сөзсүз эске алынат.

Каржы министри Адылбек Касымалиев өз баяндамасында мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр Евразия экономикалык бирлигинин талаптарына шайкеш келтирилип жатканын баса белгиледи.

-Азыркы учурда баардык мамлекеттик органдар менен жергиликтүү башкаруу органдарына 1 млн сомго чейинки сатып алууларды сынаксыз эле жүргүзүүгө уруксат берүү чаралары иштелип чыкты. Ошентип, алар өз бюджетинин 3 пайыз өлчөмүндөгү каражатка да сынаксыз сатып алуусуна мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Өткөн жылы мамлекеттик органдар 44 070 электрондук сынактын негизинде 43 млрд сомдон ашык каражатка ар кандай сатып алууларды жүргүзгөн.

Талкуунун жүрүшүндө иш-чаранын бир катар катышуучулары мыйзам долбоору аркылуу киргизилип жаткан “демпингдик баа” түшүнүгүнө карата ой-пикирлерин ортого салышты. Алардын бири Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов мындай түшүнүктү киргизсек иштин сапатына жете албай калабыз деди.

Анын пикиринде, тендер жарыялоодо баанын төмөнкү босогосун так белгилөө керек. Банктык кепилдикти алып салууну, ата мекендик ишканаларга карата айтылган жеңилдиктерди жалпылабай, так көрсөтүү зарыл.

“Демпингдик баа” түшүнүгү турмуш тажырыйбасынан улам киргизилип жатканын айткан КР Каржы министри Адылбек Касымалиев буларга токтолду.

Тендерде уткан компания ишти мойнуна алдыбы, аягына чейин чыксын. Болбосо каражат жетпей калды деген жүйө менен мамлекеттен кошумча каражат сураган жагдайлар кездешип жатат.

Өткөн жылы 504 миӊ сатып алуу ишке ашырылып, 3 миңден ашык сатып алуучу уюм жана 13 500 сатуучу катталган . Эсептөө палатасынын төрагасы Улукбек Марипов өз баяндамасында бюджеттин 30-35% мамлекеттик сатып алууларга жумшаларын айтты.

Анын маалыматында, тендерди уткан компаниялардын ишти бүткөрүү мөөнөтүнөн кечигип жаткан учурлар бар. Алардын жоопкерчилигин дагы тиешелүү мыйзамда так белгилөө керек.

Негизги максат – мамлекеттик каражатты натыйжалуу пайдалануу.

Парламенттик угууга катышкан айыл өкмөттөрүнүн башчылары айыл өкмөттөрүнүн майда чыгымдарын тендерсиз ыкчам чечүү жолдору белгилениши керектигин, ошондой эле сатып алуу иштерин жүргүзүүчү адистерди окутуу же штат ачуу маселесин көтөрүштү.

Жыйынтыгында парламенттик угуунун жүрүшүндө айтылган сунуш-пикирлердин негизинде тармактык комитетте мыйзам долбоорун жеткире иштеп чыгуу боюнча сунуштама кабыл алынды.

Мындан сырткары, конкурстук документтердин даярдалышына, өзгөчө, сатып алуу жүргүзүүдө товардын техникалык талаптарын түзүү бөлүгүнө, келишим түзүү шарттарына көзөмөлдү күчөтүү жагы да белгиленди.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *