Шашылыш кабар:

Ошурахунова: «Таза эле эмес, ачык, эркин жана адилеттүү шайлоо болушу керек»

Сентябрь 11, 2017 | жарыялаган Канай Анаркулов
49

icon150Президент Алмазбек Атамбаев, премьер-министр, фракция лидерлери жана өкмөттүн мүчөлөрү Коопсуздук кеңешинин жыйынына чогулуп, шайлоого карата даярдык менен таанышты. Президент Алмазбек Атамбаев күзүндө болчу шайлоонун таза өтүшү керектигин айтты. Жыйындын уланышы жабык эшик артында болуп, анда тартиптин сакталышы, административдик ресурстун колдонуусу тууралуу маселелер талкууланды. Мына ушул таза шайлоо өткөрүү темасынын айланасында, «Демократия жана жарандык коом үчүн коалиция» бирикмесинин өкүлү Динара Ошурахунова менен маектештик.

Бүгүнкү күндө президент баш болуп, тиешелүү мамлекеттик мекемелер таза шайлоо  өткөрүү алдыдагы негизи максат экенин айтып, өз аракеттерин кылып жатышат. Сиздин баамыңызда, Таза шайлоо өткөрүүнүн камылгасы кандай болуп жатат?

Баары эле өз убагында, өз жолу менен башталды. Бирок, мен айтаар элем, таза шайлоо эле эмес, эркин, адилеттүү шайлоо өткөргөнгө аракет кылсак. Бул деген жалпыга маалымдоо каражаттардын жана журналисттердин эркиндиги, маалыматты шайлоочуларга эркин жеткизүү. Ошондой эле, Борбордук шайлоо комиссиясы, сот жана башка мамлекеттик органдар шайлоого байланыштуу адилеттүү чечимдерди кабыл алганы керек.  Аны менен катар БШК, жана башка мекемелердин ачык болушу зарыл. Кабыл алган чечимдер, ташталып жаткан кадамдар ачык айтылып, маалыматтын жеткиликтүүлүгү зарыл. Ошондой эле баары добуштун сатылышын кеп кылып жатышат. Бул жерде административдик ресурсту колдонуу маселесин да көбүрөөк айтышыбыз абзел. Азыр ал ачык айтылбаса да, социалдык тармактарда мугалимдерди, башка мамлекеттик кызматкерлерди бир адамга добуш берүүгө мажбурлап жатканы айтылууда. Мына ушундай абалдарга тиешелүү мекемелер, ошол эле БШК өзүнүн позициясын көрсөтүшү керек.

БШКнын, Мамлекеттик каттоо кызматынын, Коомдук байкоочу кеңештердин статусу ,иш алып баруусу кандай болуп жатат?

Мамлекеттик мекемелер өз ишин азырынча өз жолудла алып барып жатышат. Ал эми коомдук байкоочуларга келсек, алардын укуктарын бир аз чектеп койгону баарыбызга эле маалым. Азыр болгону коалиция өз билдирүүсүн таратып, Бишкектин аймактык комиссиясына аккредитация болбой турганын айтышты. Ал эми жалпылап айтканда, коомдук байкоочуларга бут тосуулар азырынча болгон жок.

Таза шайлоо өтөрүнө күмөн санагандар көп. Бүгүнкү түзүлүп жаткан шарттар, заманбап технологиялар менен таза шайлоо өтөрүнө ишенсе болобу?

Албетте, азыр жакшы шарттар түзүлүп жатат. 100% болбосо да, жакшы кадамдар жасалууда. Бирок, бул жерден кайрадан эле шайлоочу чечет. Ар бир жаран өзүнө ишенип, “менин добушум келечекти чечет, эч ким мени мажбурлай албайт” деп, жүрөгү, акылы менен тандоо жүргүзүшү керек. Анан талапкерлер да өзүнө берилген добушту коргоп, өз укугун коргоонун жолдорун жакшылап өздөштүрүүсү абзел. Ал эми бюллетендерди салуу сыяктуу иштерге жол берилбейт деп ойлойм. Анткени эл аралык абройлуу байкоочулар да олтурушат. Буйруса, демократиялуу өлкө экенибизди көрсөтө алабыз деп ишенем.

Маегиңизге рахмат.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *