Шашылыш кабар:

Каракол: Элди кубандырган River Park

Сентябрь 11, 2017 | жарыялаган Гулжамал Асанкадырова
136

Каракол шаарына биринчи жолу River Park сейил багы ачылды. Башкача айтканда суу боюндагы сейил бак бүгүнкү күндѳн тарта иштеп баштады.

21616794_1236679006437053_2095664346_o

Каракол шаарына биринчи жолу курулган River паркы ишке берилгенден тарта сырттан келген туристтер жана жергиликтүү тургундар эс алууда. Учурда бардык шарттар ойдогудай жана кѳӊүлдүү болуп жатканын жашоочулар айтышат:

-Караколдо бизде Жеӊиш жана Пушкин паркы бар. Ал эми бул жаштардын сейил багы катары орнотулду деп угуп жатабыз, абдан кубанычтабыз.

-Мен бул жакта үй-бүлѳм менен эс алып жүрѳм, жакшы экен, мага жакты. Бак-дарактардын арасында, жаратылыш койнунда, таза абада эс алган жакшы экен. Андан сырткары, жанында да суу агып турат экен. Кичинекей балдарга да атайын аянтча бар экен ал жерге бѳбѳктѳрүмдү ойноттум.

— Азыр эми күндѳ кечинде паркка чыгабыз. Балдарга да, бизге да абдан жакшы болду.

Анткени бул суу боюндагы паркка заманбап үлгүдѳгү шарттар камтылган. Сейил бакты башка ѳлкѳлѳргѳ салыштырганда, табыгый экологиясы менен ѳзгѳчѳ дейт, туризм факультенинин студенти Мээрим Айсахунова

-Мен буга чейин Алматы шаарында болгом, ал жерде Сайран деген чоӊ арыгы бар экен. Мага жакканы арыктын ылдый жагын тозуп, Кытайдан жасалма кумдарды алып келип, парк жана кѳл кылып жасап коюшуптур. Андан сырткары Оштогуну кѳрдүм, ал мындан да чоӊ эс алуучу жай. Кѳпчулүк учурда тойлордо аш жасап, эс алуу ѳткѳрүшѳт экен. Ал эми биздеги ѳзгѳчѳлүк, бул жактан машыкканга вело жолдор бар экен. Жѳн гана үй бүлѳ менен эс алып кетүүгѳ табыгый таза экология да ыӊгайлуу.

20170909_115004 20170909_114437 20170909_122632

Атап айтканда River паркына тамактануучу жана спорт менен машыгуучу жай, балдар аянтчасы, велосипед жүрүүчү жол жана заманбап үлгүдѳгү кѳпүрѳ, шам чырактар орнотулган. Бул “Каракол Дестинациясы” коомдук уюуму тарабынан 2015-жылы  демилгеленип, бүгүнкү күндѳ ынтымактын негизинде ишке ашты, дейт уюмдун мүчѳсү Чыӊгыз Маткеримов:

Биз жергиликтүү тургундар болуп, «суубузду жакшырталы, сейил багын ачалы» деп талдап чыккандан кийин грантка кайрылуу жаздык. Демилгелүү топтун ичинде жергиликтүү туризмге тиешелүү болгон 10го жакын мүчѳбүз бар болгондуктан ийгиликтин сыры ошондо болду. Биздин демилгелүү топтун ичинде ынтымакташып, жалпы шаардын пайдасына болгон долбоор каралып, биздин биринчи ийгилигибиз ынтымак жана бирге иштешүүдѳ болду.

Негизги максаты Каракол шаарында жана Кыргызстан боюнча чет элдик туристтердин санын көбөйтүү, иш орундарды камсыздоо жана коомчулуктун кирешесине мүмкүнчүлүк  түзүү болуп саналат. Ага жалпы 7 миллион сом  сарпталып, каржынын басымдуу бѳлүгү   «Бизнести өнүктүрүү боюнча USAID Демилгеси»  долбоору колдоду. Бул да болсо эки элдин ынтымагын, ишмердүүлүгүн бириктирүү экендигин долбоордун жетекчиси Карен Вестергаард белгиледи:

Бул долбоор Америка ѳкмѳтү жана кыргыз элинин ортосундагы кызматташтыктын белгиси. USAID трабынан 100 миӊ доллардай каражат бѳлүнгѳн. Ага кошумча Кыргызстандан да кошумча каражат керектелди. Эӊ маанилүүсү Кыргызстан тарабы кызмат катары, долбоорго катышууга каражат бир топ аракеттер кѳрүлдү.

Ал эми эс алуу бакча мындан ары Каракол шаарынын муниципалдык ишканалары тарабынан кѳзѳмѳлгѳ алынат. Эми иш аракетти мындан ары да улантуу планы бар экендигин мэр Данияр Арпачиев билдирди:

Бул жерде мындан ары да ар кандай пландар бар. Бул иш аракетти мындан ары да улантабыз, анткени Каракол суусунда орундар дагы эле кѳп. Биз ушул долбоорго кайрадан кайрылып жатабыз ушундай паркты мындан ары да уланталы деп. Алар ѳздѳрүнүн иш чарасына киргизип карап кѳрѳлү деп жатышат, — дейт Д.Арпачиев.

20170909_115217 20170909_12262821616794_1236679006437053_2095664346_o

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *