Шашылыш кабар:

Улугбек Ормонов: Жеке менчик учагым болгон эмес

Сентябрь 11, 2017 | жарыялаган Чолпон Бейшелең кызы
1302

Саясатта соңку 17 жылдан бери аралашып, Жогорку Кеңештин бир жолку эмес,  үч жолку чакырылышына элдин атынан келген  депутат Улугбек Ормонов «Саясаттан сырткары» программасында конокто. 20 жыл заводдо иштеп,  жетекчиликтин тапшырмасы менен саясатка аралашкан эл өкүлүнүн саясат сыртындагы жашоо сүртүмдөрү менен  таанышыңыз.

Ормонов Улугбек Зулпукарович 1963-жылы 3-декабрда Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Кеңеш айылында жарык дүйнөгө келген.  Жогорку билимдүү. 1986-жылы Орусиянын Воронеж институтунун  инженер –электрик адистигин бүтүргөн. Ал эми 1992-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин экономист адистигине ээ болгон. Эмгек жолун Өзгөндөгү совхоздон катардагы кызматкерден баштаган.  2005-жылы Жогорку Кеңештин депутаты болгон. 2006-2007-жылдары  эмгек жана миграция комитетинин төрагасы, 2007-2010-жылы Жогорку Кеңештин  IV чакырылышындагы  «Ак Жол» фракциясынын лидери. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген өндүрүшчүсү. Үй-бүлөлүү 2 кыз жана 2 уулдун атасы.

20 жыл бир заводдо иштедим

Ормонов

Жогорку окуу жайды бүтүп, ал убактагы Кыргызстандын 50 жылдыгы атындагы прибор куруучу заводго  жолдомо менен келип ишке орноштум. Азыркы «Дастан» заводу. Ошол бир заводдо дээрлик 20 жыл иштедим.  2000-жылы заводдун башкы директорунун экономика боюнча орун басары болдум. Бир күнү жетекчибиз чакырып «Бизге тапшырма бар. Өзгөнгө барып шайлоого иштеп келишиң керек. Бийлик айткан кишини колдоп, шайлоодон өткөрүп келишиң керек »- деди.  Ал убакта шайлоо менен  тап-такыр ишим деле жок болчу. Заводго эртең менен кирип кечинде чыгып жүргөндүктөн сырттагы жашоо мени кызыктырчу эмес. Ага карабай аскердик тартиптеги завод болгондой кийин, жетекчинин айтканын эки кылбай, чемоданымды көтөрүп алып, туулуп өскөн жериме жөнөдүм. Барсам шайлоо өнөктүгү катуу жүрүп жатыптыр. Элдин баары Адахан Мадумаровду колдогондор. Ал эми жетекчилик мени «Азиз Мадумаровду колдойсуң» деп жөнөткөн. Ал кезде Азиз Мадумаровду таанычу эмесмин. Ошентип айылга барып үгүт иштери менен жүрдүм, жетекчилик айткан талапкерди мактап-жактадым. Бирок жеңишке жетпей утулуп калдык. Ошондо айылдаштарым «кийинкиде бирөөнү мактап жактабай эми келсең өзүң кел» дешти. Ошондо гана кийинки беш жылдыкта депутат болуп, саясатка аралашам деген ой пайда болду. Эгер саясатчы болбосом өзүмдү өндүрүшчү катары өз ордумду тапмакмын. Кыргызстандын өнүгүшүнө ушул тармакта өз салымымды кошмокмун.

 Биринчи алган айлыгым атам үчүн күтүүсүз болгон

3ccf9d0f-bd2f-454d-8e74-79f61f4a64a1

Эң биринчи алган айлыгым бүгүнкү күндөгүдөй эсимде. 120 рубль. Мен үчүн бул  абдан чоң акча болчу. Ал убакта Бишкектен Ошко самолет менен 14 рублга барчубуз. Алган айлыгымдан 60 рублды айылга барып атамдын колуна бергем.  Аны атам чөнтөгүнө санап салып мени көчөгө ээрчитип чыкты. Жолдо алдыбыздан чыккан тааныштарына  «баламдын айлыгы»- деп, ооз тийгизип отурду. Кечинде туугандар чогулуп отуруп санатса дагы деле баягы 60 рубль. Көрсө байкуш атам дүкөнгө өзүнүн акчасынан гана коротуп отуруптур.Кийин ойлонсом атам мен үчүн абдан сүйүнгөн экен.

 Өзүмдү Кыргызстанга таанылдым деп эсептейм

c64fde86-4c4d-4a7f-aed8-58a3839349c7

Биздин жаштыгыбыз, биздин кызматыбыз  союздун таркашы, эгемендүүлүк, андан кийин 2005, 2010-жылдагы бийлик алмашууларга туш келди. Анан албетте  саясатка аралашкан адамдын аты сөзсүз чыгат. Мен ойлойм, Кыргызстанга балким жакшы же жаман жагым менен таанылдым.  Бул өткөн мезгил тууралуу көп саясатчылардын  жазган китептерин окуп жүрөм. Бирок көп жерлерде тактык болбогондугун көрүп, басып өткөн жолдогу урунттуу учурларды кагазга түшүрсөм деп ойлоп жүрөм. Бирок өкүнүчтүүсү азыр жаштар басылып чыккан китептерди деле барактап, окубай калышты.

15 жылдан бери жеке демилгем менен спорттук мелдеш өткөрүп келем

maxresdefault (1)

Кылган жакшылыктарды санап же айтуунун өзү туура эмес. Колдон келип турганда көп жакшылыктарды кылуу керек. Бирок мени кубанткан нерсе, акыркы 15 жылдан бери Өзгөн районунда спорттун 6 түрүнөн жаштарга эки күндүк майрам тартууланат. Райондун эли дагы айтып жүрүшөт.  1-2- май Өзгөн районунда союз убагындагыдай спорттук майрам. Бул жеке мен үчүн кубанаарлык иш.

Жеке менчик учагым болгон эмес

59d4260d-e5da-48fc-a77f-1545a5db024f

Бишкек шаарында бир үйүм бар. Мындан  тышкары  завод берген жатакана тибинде эки бөлмөлүү үйүм бар. Анда карындашым жашайт. Анан жалпы үй-бүлөбүзгө бир эле унаа . Ал эми эл арасында айтылып жүргөн жеке менчик учак боюнча… Менде самолет жок. Болгон дагы эмес. Бирок эмне үчүн мындай кеп чыкканын дагы айтып өтүшүм керек. «Air Bishkek»   деген авиакомпаниянын жетекчилиги менен достук мамилем болгондугуна байланыштуу, 2010-жылдан кийин бийлик алмашкандан кийин ошол  авиакомпаниянын президентинин кеңешчиси болуп эмгектенгем.  Ушундан улам айтып калышкан.  Учагым жок, бирок досторум көп.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *