Шашылыш кабар:

Ырчылар үгүт иштерин тандайбы же тойлордубу?

Сентябрь 11, 2017 | жарыялаган Айжамал Худайбердиева
27

Буга чейин болуп келгендей, бул жолку шайлоого карата президенттикке талапкерлер үгүт иштерине ырчы, чоорчуларды пайдаланышат. Антпесе элдин жыйынга чогулушу кыйын. Айрым ырчылар ушундай саясий өнөктүк мезгилде аздыр-көптүр каражат топтоп аларын айтышат.


Кыргызстан-жылдыздары 11

Президенттик шайлоонун алдында талапкерлер көчө жарнамалардан сырткары маданий иш-чараларга да жүз миңдеген акча коротушат. Учурда алар жер-жерлерде эл топтоо үчүн концерттерге ондогон ырчы-чоорчулар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө жетишти. Буга чейин мамлекеттик сыйлыгы бар ырчылар 20-30 миң долларга чейин сурап жатканы айтылган. Акыркы учурда популярдуу боло баштаган Кайрат Примбердиев ар бир үгүт иштерине 1000 доллардан чыгат. Бул тууралуу ырчынын менеджери билдирди.

“Бизде эки функция бар. Өзү келип, эки-үч ыр аткарса, 300 доллар болот. Жандуу үн менен ырдап, музыканттары менен чыкса 1000 долларды түзөт.”

Эстрада ырчысы Нурмат Садыров бул шайлоодо да үгүт иштерине активдүү катышып жатат. Ал талапкерлер ырчыларды элдин кызыкчылыгына жараша тапдап алды дейт.

“Адаттагыдай кызматыбызды кылып жүрөбүз. Чыгармачыл адам болгондуктан, чогулган элге жакшы маанай тартуулап дегендей. Бул биринчи жолу эмес, буга чейин да парламенттик шайлоодо кызмат кылганмын. Гонорар маселеси боюнча сүйлөшүүлөр болгон, азыр так айта албайм. Өтө көп же аз эмес. Элдин талабына жараша артисттер тандалып алынды деп ойлойм.”

Ырчылар талапкерлерди жалаң акчасына карап эмес, өлкө үчүн кылган кызматына карап да тандашат. Алардын бири Сыймык Бейшекеев.

“Кыргызстан үчүн эмне кылат? Өлкө үчүн кандай жумуш аткарат? Буга чейин кандай иштерди аткарып келген? Кандай убадаларды бергенине карайм. Жалаң каражат жагына караган жокмун. Мындан 4 эсе көп акча сунуштагандар да болду. Бирок, өлкөнүн келечеги үчүн татыктуу бирөөнү колдойм”

«Алтын үн» продюсерлик борборунун жетекчиси Жыргалбек Шакиров талапкерлердин командаларынан иштешүү тууралуу сунуштар түшүп жатканын билдирип, популярдуу жана мамлекеттик сыйлыгы бар ырчылар 20-30 миң долларга чейин сурап жатканын айткан. Бирок учурда нарк келишпей, жетекчинин командасы үгүт иштерине катышкан жок.

“Азыр иштеген жокмун. Баалары туура келбегендиктен баш тарттым. Артисттер айткан баалардан төмөн сурап жатышат. Мисалы, 10 миң дегендерди 8, 20 миң дегендерди 15 миңге барып бергиле деп жатат. Ошондуктан ырчылардын көпчүлүгү иштешкен жок.”

Талапкерлердин сүйлөгөн сөзүнөн тарта, кийген кийимине чейин дардаган “Mainazarov Team” тобу бул жылы талапкерлер менен иштешкен эмес. Топтун жетекчиси Нурсултан Майназаров анткени шайлоо күз мезгилине дал келгенин, ал убакта тойлор көп  болоорун айтат. Алып баруучу, эң маанилүүсү жакшы кызмат кылуу деп тойлорду тандап кеткен.

“Бизге талапкерлер кайрылгында 15 миң доллар деп айтканбыз. Андан кем баага бара албайбыз деп. Той мезгили башталганына байланыштуу, башка партиялардан жооп алганга чейин 20 кардар менен келишим түзүп алдык. Кээде бир тараптуу болуп шайлоону тандап кетсең кийин эл жактырбай калышы мүмкүн. Анткени, кээ бир жаштар аябай күтүшөт, анан кантип аларга “жок” дейсин. Ошондуктан, бизге жакшы кызмат кылып бериш калат.”

Алып баруучу Максат Надырбеков үгүт иштерине катышкандар жакшы пайда табат, анткени, шайлоодон тапкан каражат тойдон түшкөн 3-4 айлык акчага барабар дейт.  Бирок, бул жылы эч бир талапкерден үгүт иштерин жүргүзүүдө чогуу иштешүү сунушу түшкөн эмес. М.Надырбеков мунун себебин президенттикке талапкерлердин санынын  аздыгы менен байланыштырат.

“Үгүт иштерине катышкандар аз. Бул талапкерлердин аздыгы менен байланыштуу болсо керек. Себеби, парламенттик, Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоодо партияда, региондордо иштешкени адамдар көп болот. Күн сайын той болсо, бир айлык үгүт ишинен тапкан каражат топтолот, бирок, күн сайын той болбойт. Быйыл андай мүмкүнчүлүк болгон жок.”

Расмий үгүттөөгө берилген убакыттын ичинде талапкерлер көбүрөөк добуш чогултуу максатында түрдүү иш-аракеттерди аткарышат. Алардын бири ырчылардын катышуусундагы концерттер. «Өнөрпоздордун шайлоо алдындагы үгүт иштерине катышуусу элди чогултууда жардам берген ыкма,»- дейт медиа эксперт Кубан Абдымен.

“Кыргызстанда да өнөрпоз адамдарды өздөрүнө тартып алып, алардын кызматын элди үгүттөөгө колдонууга болот. Президенттикке аттанган 13 талакердин көпчүлүгү өздөрүнүн саясатын элге жеткирүүдө жардам берген, концерт коюп, элди чогултканга кол кабыш кылганга жараган артисттерди пайдаланышат. Эл чогулган жерде концерт көрүүгө, талапкердин шайлоо ишине байланыштуу үгүттөө процессин аткарууга жол ачылат. Үгүт иштерине ырчылардын катышуусу элди чогултканга жардам берген ыкма.”

Эске салсак, Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, учурда 13 талапкер үгүт иштерин жүргүзүп жатышат.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *