Шашылыш кабар:

КУУнун ректорго нааразы мугалимдери президентке кайрылуу жасашты

Сентябрь 11, 2017 | жарыялаган Чолпон Бейшелең кызы
52

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин социалдык  гуманитардык илимдер  факультетинин  фиософия кафедрасынын жамааты  ректорго нааразычылыгын айтып, президентке кайрылуу жолдошту.  Жүйө катары  сабак өтпөгөн айрым кызматкерлерге айлыктын берилишин айтышууда.

2017-05-30_16-27-09_725424

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде кайрадан нааразычылык.   Окуу жайдын социалдык- гуманитардык илимдер  факультетинин  философия кафедрасынын жамааты улуттук университетте билим берүүгө эмес, интригага малынып, коррупция гүлдөп жатканын айтып чыгышты. Жүйө катары философия кафедрасындагы айрым сабак өтпөгөн мугалимдерге  маяна берилип жатканын журналисттерге кабарлап, президент Алмазбек Атамбаевге кайрылуу жолдошту.

Философия илимдердин доктору, профессор Абдимиталип Айтбаев  бул ишти ректордун алдында түзүлгөн комиссия толук аныктап чыкса дагы, чара көрүлбөгөнүн төмөнкүчө айтып берди.

Кээ бир окутуучулар сабак өтүмүш этип, айтык алып жүргөндөр бар. Оптимизация деп биздин кафедрага культуралогия  багыты кошулган. Расмий иш кагаздарын кабыл алууда, студенттер менен жолугушууда эки жолку илимдин доктору, профессор Мэлис Артыкбаев баш болгон окутуучулар сабак өтпөй, стандартты одоно бузуп, айлык маяна алып жүргөндөрү толук такталган. Бул маселе боюнча атайын комиссия дагы түзүлүп, ал факт такталган. Бирок Канат Садыков буга чара көрбөстөн, тескерсинче комиссия тарабынан толук аныкталган жана такталган фактыны жабуу максатында студенттерден сабак өтүлгөн деген кол топтоп ишти жабышты. Бул маселени «калыс карап берсин» деп президент Алмазбек Атамбаевге, Премьер-министр Сапар Исаковго жана билим берүү министрине кайрылабыз.

Окутуучулардын мындай нааразычылыгы боюнча Канат Садыковдун өзү менен байланышууга мүмкүн болгон жок. Бирок КУУнун коомчулук менен байланыштар боюнча координатору Болот  Байысов «иштебеген мугалимдерге айлык чыгарып берген» деген кептер чындыкка коошпой турганын «Марал» радиосуна билдирди. Анын ырасташынча мугалимдердин мындай нааразычылыгы жетекчилик орундан түшкөнүнө байланыштуу чыгып жатат.

Иштебеген мугалимдер айлык алып жатат деген чындыкка жатпайт. Экинчиден маалымат жыйын бергендердин арасында мурдагы философия кафедрасынын башчысы Айтбаев Абдимиталип кафедраны жетектөө мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу кызматтан кеткен. Мыйзам менен анын ордуна башка адам дайындалган. Бул жерде эч кандай мыйзам бузуулар жок.

Эскерте кетсек, Кыргыз улуттук университетине Канат Садыков 27-майда өткөн шайдоодо жеңип чыгып ректор болуп дайындалган.

Канат Садыков билим берүү министри болуп 2010-2014-жылдары иштеген. Ага чейин аталган министрликте, Улуттук университетте бир катар жетекчилик кызматтарда жүргөн.

Садыковдун аты министр кезиндеги айрым бир чуулуу иштерде аталган. Эки жыл мурун Башкы прокуратура өкмөткө Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясына абитуриенттерди кабыл алуудагы мыйзам бузуулар боюнча чара көрүүгө чакырган.

Анда аталган окуу жайда 2011-2012-жылдары ондогон баланы мыйзамсыз, башкача айтканда, сынактан тышкары кабыл алганы, арасында тестирлөөдөгү баллы жетишсиздер да бар экени айтылган.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *