Шашылыш кабар:

Кыргыздын бийик руханий байлыктарын камтыган «Саякбай» тасмасы…

Сентябрь 11, 2017 | жарыялаган Каныкей Бозгунова
88

Өткөн жума соңунда кыргыз маданиятында, анын ичинде кино тармагында жакшы саамалык, чоң сүйүнүчтүү жаңылык болду. Тактап айтканда, 7-сентябрь күнү  Бишкектеги «Манас» кинотеатрында көптөн күткөн «Саякбай» көркөм тасмасынын улуттук бет ачаары болуп, чоң экранда элге көрсөтүлдү.

1029322370


«Улут уюткусу» уктуруусунун бул жолку чыгарылышында жогоруда сөз болгон, эл өтө толкундануу, кубанычтан аккан көз жаш, дүркүрөгөн кол чабуу менен кабыл алган «Саякбай» тарыхый тасмасы тууралуу кенен баяндадык.

Мындан 10-15 жыл мурда качан кино тартабыз? Качан кино көрөбүз? деген суроолор байма-бай берилген болсо, азыр кинолор көп тартылып, көрүүчүлөрдүн саны арбыган сайын сапатка өтө баштагандыгы, алардын профессионалдык деңгээлине басым жасала баштагандыгы талашсыз.

90-жылдардан кийин  он жылга жакын убакыт суу куйгандай дымып калган кино дүйнөсүн Эрнест Абдыжапаров, Садык Шер Нияз, Нурбек Эген, Актан Арым Кубат, Темир Бирназаров, Бакыт Мукул сыяктуу таланттуу кинорежиссерлор кайрадан жандандырууга зор салымдарын кошо алышты. Бүгүнкү күндө алардын эмгегинен жаралган тасмалар дүйнөнүн чар тарабын аралап, даражалуу сыйлыктарды багынтып жатышат. Өз киндигин өзү кескен таланттардын ийгиликтерди сыймыктануу менен белгилесек болот.

46857Ал эми, быйылкы жылдын эсебинен кыргыз кинематографиясы дагы бир дүйнөлүк деңгээлдеги мыкты тасма менен толукталды. «20-кылымдын Гомери» аталган залкар манасчы Саякбай Каралаевдин өмүр таржымалын жана кыргыздын уникалдуу өнөрү манасчылыктын касиетин чагылдырган «Саякбай» көркөм тасмасы жарыкка чыгып, жалпы элдин сынына коюлду.

Аталган тарыхый тасманы тартуу Саякбай манасчынын 120 жылдыгын белгилөөнүн алкагында «Саякбай манасчы» эл аралык коомдук фондунун негиздөөчүлөрү Болот Берикбаев жана Саматбек Ибраевдер тарабынан 2014-жылы демилгеленген. Анын сценарийин жазууга 2015-жылы сынак жарыяланып, фильмди тартуу чыгаан кинорежиссер Эрнест Абдыжапаровго буюрган.

IMG_4941— Бул тасманы тартууну 2015-жылы жазында сунуштаганда мен баш тарткам. Анткени ал учурда «Шабдан» тасмасынын үстүндө иштеп жаткам. Кийин булар башка режиссер издешип, дагы деле баштай элек экен. «Шабдан» бүткөндөн кийин кайра сунуш кылышып, мен макул болдум. Демилгечилер сценарий үчүн сынак жарыялайбыз деп пландап коюшкан экен. Ошондуктан, мен эки ай ичинде сценарийди жазып, сынактан утуп алдым. Түздөн түз «Саякбайды» тартам деген пландарым жок болчу, бирок, «Манас» дүнүйөсүн мурда деле чагылдырып келгем. Буга чейин кыска метраждуу тарыхый, ретро тасмаларды тартып жүргөм, бул алгачкы толук метраждуу тарыхый тасма тартышым болду. Өзүмдүн толук купулума толгон тасмам ушул болду десем дагы жаңылышпайм.

Саякбай Каралаев тууралуу буга чейин бир катар документалдуу фильмдер тартылган. Бирок, залкар талант жана улуу манасчылык өнөр тууралуу көркөм тасма биринчи ирээт жаралууда.

«Саякбай» тасмасын тартуудагы негизги максат «Манас» эпосун кеңири жайылтуу жана манасчылык өнөрдү даңазалоо болуп саналат. Техника мүнөт санап өнүгүп турган бүгүнкү күндө «Манасты» кандай жол менен жеткирип, кандай жол менен даңктоо керек деген чоң суроо турган. Жыйынтыгында демилгечилер кыргыз элин дүйнөгө тааныткан «Манас» эпосун, 500 миң сапты башына батырып, оозеки түрдө биздин заманга жеткирген айтылуу Саякбай манасчы жана манасчылык өнөрдү  чагылдырган дүйнөлүк деңгээлдеги кино тасма тартууга бел байлашкан.  Бул тууралуу «Саякбай манасчы» эл аралык коомдук фондунун президенти Саматбек Ибраев буларды билдирди.

 IMG_4779— 2014-жылы биз Саякбай атабыздын 120 жылдыгына карата «Саякбай манасчы» фондун түзгөнбүз. Анын максаты «Манас» эпосун кеңири элге жайылтуу болчу. Бүгүнкү күндүн талабына жараша аны кантип элге жеткиребиз деген ой келди. Ошондон улам, фонддун негиздөөчүлөрүнүн бири Болот Берикбаев Саякбай Каралаев тууралуу көркөм тасма тартсак, кыргыздын маданиятына, тарыхына чоң кызмат кылат элек деген сунушун айтты. Жыйынтыгында, тасманы дүйнөлүк деңгээлде тартуу чечимине келип, ал үчүн режиссер, операторлорду издеп баштадык. Анан бул тармакта тажрыйбалуу болуп калган адамдарды, режиссерлукка Эрнест Абдыжапаровду жана операторлукка Хасан Кыдыралевди тандадык.

«Саякбай» тасмасында улуу инсандар Саякбай Каралаевдин жана Чыңгыз Айтматовдун бейнеси чагылдырылган. Башкы ролдорду белгилүү актер Марат Жантелиев менен Чыңгыз Айтматовдун уулу Элдар Айтматов ойногон.  Актер Марат Жантелиевдин айтымында, Саякбай сыяктуу бир эсе сырдуу, бир эсе татаал таланттын образын ачып берүү оңойго турган эмес. Бирок, анын кийимин кийип, грим жасалгандан кийин образга кирүү өзүнөн өзү жеңил кетип жатты, — дейт Жантелиев.

 158601504466740_big— Биринчиден, Саякбай сыяктуу тарыхый инсандын образын ачуу өтө кыйын. Буга чейин Саякбай атабыздын көп жоруктарын уккам. Бапылдаган, өтө орой киши болгон экен. Мен ошол жагын көргөзүүгө аракет кылдым. Бирок, режиссер анын ички дүйнөсүн ачып бер деди. Саякбай атабыздын ички дүйнөсүн ачып берүү мен үчүн чындыгында кыйын болду. Баса белгилеп айтып коюшум керек, мен анын кийимин кийип, гримди жасаганда эле, эч даярдыксыз бардык нерсе өз нугу менен кетип атты. Башкалардан айырмаланып Саякбай атабыздын ролун аткаруу мен үчүн чоң табылга болду. Кыргызстандагы миңдеген артистердин ичинен бул роль мага туш келгендигине кубанычтамын.

Ал эми, тасмада Саякбайдын байбичеси Бейшекан апанын ролун КРнын Эл артисти Тынара Абдразаева аткарган. Анын образын ачып берүүдө ал киши тууралуу көп окуп, көп нерсени изилдеп чыгууга туура келгендигин Абдразаева айтат.

 IMG_4771— Албетте, ар бир ролдун өзүнчө өзгөчөлүгү бар. Анын үстүнө бул прототип. Бейшекан апабыз кадимки тирүү адам, ал жөн эле жомоктон же аңгемеден алынган жок да. Ал өзү байдын кызы, кайраттуу, олбурлуу аял болгон экен. Ал кезде Саякбай ата айлап-жылдап эл аралап кеткен. Ошол учурда балдарын багып, тиричилигин өткөргөн аял – бул жөн эле чалчактаган байдын кызы эмес. Ал акыл-эси, билими менен бардыгын жеңген. Эң негизгиси ал Саякбай атага түнөгөн, жылытылган тамак бербептир. Күнүгө эртең менен турганда, түштө, кечинде жаңы тамак даярдап турчу экен. Мына Бейшекан апанын эң улуу касиети. Албетте, ал тууралуу тарыхта көп нерселер жазылып калган. Ошондон алыс кете албайсың, бирок, мен эң негизгиси мээримдүү, жөнөкөй аялдын образын жараттым. Эми ага эл өз баасын берет.

Мындан тышкары тасмадагы негизги ролдорго белгилүү актерлор Бактыбек Нурмат уулу, Галина Кетова, Рахат Божокоева, Элина Абай кызы жана кичинекей манасчы Үмөт Дөөлөтов тартылган.

Фильмге өзгөчө көрк берип, анын таасирдүүлүгүн артыра турган нерселердин бири – мыкты жазылган музыка болуп саналат. «Саякбай» тасмасынын музыкасын КРнын Эл артисти, композитор Муратбек Бегалиев жазган. Ал кыргыздын залкарлары жана баа жеткис руханий байлыгы тууралуу музыка жазууда алгач чочулагандыгын жашырбайт.

 IMG_4729— Мен музыкасын жазаардын алдында сценарийди окуп көрүп, кичине жүрөгүм түштү. Алгач Саякбай атанын образынан эмнени жаратуу керек экендигин ойлондум. Анан акырындап ичине сүңгүп кире баштап, түшүнө баштадым. Бул жерде эң чоң дух, кыргыздын бийик руханий байлыгы — улуу «Манас» жөнүндө кеп болуп жатат. Экинчи жагынан бүткүл дүйнөлүк «20-кылымдын Гомери» деп айтылган Саякбай атабыз жөнүндө. Мунун образын ачыш албетте, биз үчүн абдан кыйын болду. Ал эми, үчүнчүсү – бул биздин улуу инсаныбыз Чыңгыз Айтматов жөнүндө болду. Ошондуктан, музыка дагы бат эле жазылды, кино дагы бат эле тартылды. Абдан жакшы саамалык болду. Мен дагы бир нерсени белгилеп айткым келет. Буга чейин Манас атабыздын элеси буга чейин бир дагы көркөм тасмада бериле элек болчу. Мында Бакай ата, анын жанында Алмамбет коштогон Манас баатыр биринчи жолу элге көрүнөт. Менин оюмча фильм абдан мыкты тартылды. Кут болсун!

«Саякбай» тасмасы тартылып бүтөөрү менен эле Канадада өтүүчү «А» класстагы Монреаль эл аралык кинофестивалына чакыруу алган. 24-августта дүйнөлүк премьерасы болуп, тасма чет элдик кино ишмерлери, көрүүчүлөр тарабынан жылуу маанайда кабыл алынып, чоң олжо менен кайтып келди. Фестивалдын жыйынтыгында «Мыкты инновациялар үчүн» категориясында баш байге — «Алтын Зенит» сыйлыгына татыган. Бул кыргыз киносунун жогорку деңгээлге өнүгүп бара жаткандыгынын далили экендигин Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев белгилейт.

IMG_4740— Өзү эпиканын заманы бүткөн. Бүгүнкү доордо эпиканы киного алып келүү өтө татаал нерсе. Ошол эле, Саякбай Каралаевди «аян алыптыр» десе ошол доордогу эмес, азыркы адамдар түшүнбөйт. Аны өзүбүзгө түшүндүрө албай атып, чет жакка алып барып, ушундай чоң байге алышы кыргыз киносунун өнүгүүсүндөгү абдан жакшы көрүнүш. Саякбай жөнөкөй, карапайым жашоодон ошол эпикалык дүйнөгө кантип өтүп кетти?.. Муну кинонун тили менен берүү өтө татаал эле. Бирок, кинорежиссер аны бере алган. Кино чынында эле накта кино болду. Орусия киного жылына 2 млрд доллар бөлөт. Бул Кыргызстандын бюджети менен барабар. Бирок, алар «Ата керээзи», «Саякбай» алган сыйлыктарды ала элек. Тескерисинче, бул тасмаларга бюджеттен бир дагы тыйын кеткен жок. Өз аракети менен дүйнөлүк кинонун бийиктиктерин багынтып жатышат. Бул үчүн ыракмат айтышыбыз керек.

Тасма Монреаль эл аралык кинофестивалына француз жана англис тилдерине которулуп жөнөтүлгөн. Мындан сырткары, ал орус жана кытай тилдерине которулган.

«Саякбай» тасмасынын бет ачаар салтанатына өлкөнүн экс-президенти Роза Отунбаева жана башка мамлекеттик жетекчилер катышты. Анда Отунбаева фильмге жогорку баасын берип, Кыргызстанды, кыргыз элин даңазалап жаткан кинематографтарга алкышын айтты. Ал эми, кино тасманы өтө суктануу, толкундануу менен көргөндүгүн айтат.

 IMG_4972— Саякбай манасчы тууралуу фильм бүгүнкү күнү бизге өзүбүздүн тарыхыбызды айтып берип жатат. Мен бүгүн жазуучу, манасчы деген кыргыз элинин көзү, жүрөгү, өзөгү экендигин сездим. Бул эпикалык фильм экен. Кыргызстандын 70 пайызы айыл чарбасына ылайыкталган, мал менен жан баккан тоодогу эл деп айтышат. Жок. Биздин арабызда ушундай укмуштуу таланттар бар экен. Мына ошол таланттар бүгүнкү күнү Кыргызстанды, кыргыз элин чет жакта даңазалап жаткандыгын барыбыз көрүп турабыз. Булар биздин сыймыгыбыз. Мындай иш ар кимдин эле колунан келе бербейт.

Мындан сырткары, өкмөт башчы Сапар Исаков өз фондунан тасманы тартууга негизги каржылык колдоо көрсөткөн «Саякбай манасчы» эл аралык фондуна  300 миң сом өлчөмүндө каражат бөлүп бергендигин өкмөт өкүлдөрү билдирди.

Иш-чаранын соңунда тасмага күбө болгон белгилүү маданият ишмерлеринин оюн билүүгө кызыктык. Белгилүү журналист, маданиятка эмгек сиңирген ишмер Байма Сутенова тасма тууралуу өз оюн мындайча билдирди.

IMG_4986— Мен аябай толкундандым. Себеби, бул жерде символика абдан көп экен. Биз буга чейин угуп, айтып келгенбиз. Бул нерселерди легенда катары же ар бир манасчынын жомогу катары кабыл алчубуз. Бүгүн ошол Саякбай атабызга берилген кут кандайдыр бир деңгээлде Чыңгыз Атматовго өткөндүгү ушундай чеберчилик менен берилет деп күткөн эмесмин. Бүткүл дүйнөгө «Манасты» тааныткан Саякбай атабыздын даңазасы кандай болсо, Чыңгыз Айтматовдун дагы так ошондой болду. Биздин Манас атабыздан келаткан кут ар бирибизде экендигине дагы бир жолу ишендим. Бул эки инсан жөнүндө көп нерсе билем деп ойлочумун. Бирок, билбегендерим да көп экен. Жүрөгүм толкуп турат…

Ал эми, КРнын эмгек сиңирген артисти Күмөндөр Абылов тасмадан болуп көрбөгөндөй чоң таасир алгандыгын айтат. Бирок, кыргыздын айрым каада-салттарын чагылдырып берүүдөгү жакшы мүмкүнчүлүктөр болгону менен ал колдонулбай калгандыгын белгилейт.

— Акыркы кыргыз фильмдеринин ичинен өтө олуттуу, тарыхты чагылдырган, тарыхтан дагы мурда ошолордун касиетин ачып берген мыкты фильм болуптур. Бирок, менин фильмди көргөндөн кийин кичине бир ой пайда болду. Тасманын башында кыргыздын салттарын кичине тагыраак кошуп кетсе жакшы болмок экен. Мисалы, алыстан келген кишиге суу айлантып, Айтматовду жеткирип келген шоопурду «нан ооз тий» деп койсо, ушул сыяктуу кыргыздын кайталангыс, элде жок салттарын, меймандостугун кошуп кеткенге жакшы мүмкүнчүлүк болгон экен. Болбосо, Үркүндү, согушту, панфиловчуларды, Манастын коштоп жүргөнү абдан жакшы камтылыптыр.

Манасчылардын Манасы атыккан Саякбай Каралаев жана улуу манасчылык өнөрдүн касиети аз каражатка жогорку деңгээлде чагылдырылганына таң калып турган Дөөлөт Сыдыков манасчы катары тасмадан эч кынтык таппагандыгын билдирди.

 — Эми кылдан кыйкым издей берген болбойт да. Көкөтөйдүн ашында деле кемчилик болгон. Анда эң чоң кемчилик — ашка Манас чакырылбай калып, кыргыз чабылып кала жаздаган. Бул тасма биздин жан дүйнөбүздөгү манасчылык касиетти, жолду чагылдырып берип атат. Кыргыздын дээрлик баары манасчы кандай болоорун билет, бирок, башка эл манасчы ушундай болот экен, ушундай жол менен «Манас» айтылат экендигин биле алат. Ошонун өзү чоң жетишкендик.

Тасма чоң экрандан көрсөтүлгөн соң анын мыкты тарыхый эмгек болгондугун элдин 10 мүнөттүк туруп алып тынбай кол чабуусу далилдегендей болду. Көпчүлүк өзүлөрүнүн толкундануусун, эмоцияларын дагы жашыра алышкан жок. Келгендер «келечекте кыргыз киносун дүйнөгө даңазалайт» деген терең ишеним менен кайтышты.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *