Шашылыш кабар:

Жол куруудан акча өндүргөндөр мамлекетке миллиондон ашык суммада зыян алып келишти

Сентябрь 8, 2017 | жарыялаган Бахар Хакимова
16

 

maxresdefault

Ош облусунун Кызыл-Кыя – Бешбуркан жана Ноокат – Калинин жолдорун курууда мыйзам бузуу катталган. Анын натыйжасында мамлекетке 1 миллиондон ашык зыян келтирилген. Бул тууралуу “Маралга” Башкы прокуратурадан билдиришти.


Транспорт жана жолдор министрлигинин кызмат адамдары Кызыл-Кыя –Бешбуркан жолун курууда 100 тонна асфальтты кымтып калышкан. Негизи ал жолго 6 см калыңдыктагы асфальт төшөлүүсү керек болсо, 4,8 см гана асфальт төшөлгөн. Мунун натыйжасында 203 739 сом зыян келтирилген.

Ошондой эле, Ноокат-Калинин жолуна төшөлгөн асфальт белгиленген нормадан 0,5 смге жука салынганы аныкталган. Мындан мамлекетке келтирилген зыяндын суммасы 637 870 сомду түзгөн. Бул факты боюнча Башкы прокуратура “кызмат ордунан пайдалануу”, “ишенип берилген мүлктү сарптоо же менчиктеп алуу” беренелери боюнча кылмыш ишин козгоду. Мекеменин басма сөз кызматынын өкүлү Бакыт Арабеков, бул иш боюнча тергөө жүргүзүү үчүн тиешелүү жактарга тапшырма берилген.

-Кыргызстандын Транспорт прокуратурасы Жол чарба департаментинин, жол эксплуатациялык мекемесине текшерүү жүргүзгөн. Ал жерде бюджеттен бөлүнгөн каражат кандай сарпталып жатат жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча мыйзам кандай аткарылып жаткандыгын текшеришкен. Натыйжада бул башкармалыктын кызматтык адамдары жана жоопкер тарап автомобиль жолуна асфальт төшөөдө мыйзам бузуу аныкталды.

Ал эми Жол чарба департаментинин алдындагы Жол эксплуатациялык мекемесинин (ДЭУ-37) жетекчиси прокуратуранын бул бүтүмү менен макул эмес. Анткени аталган жолдун салынып бүтүп колдонууга берилгенине бир жылдан ашкан, жана текшерүүнү 7 жерден атайын техникалык адистер менен жүргүзгөн эмес. Мыйзам бузуу катталгандыгы тууралуу акты да жол куруучуларга берилген эмес. ДЭУ-37 мекемесинин жетекчиси Чиркешбай Сактанов, бул боюнча төмөнкүлөргө токтолду.

Аталган министрликтин коомдук байкоочу кеңешинин төрагасы Талант Садакбаевдин айтуусунда, учурда жаңы курулуп жаткан жолдордун калыңдыгы канча болуп жатат, эсеп-ченеми кандай жүрүп жаткандыгы так эмес. Мындай учурда асфальттын уурдалып кетүү жана сапатынын начар болуу коркунучу чоң.  Ошондуктан жаңы салынып жаткан жолдордун асфальтын, анын астындагы шагылын текшерүүгө техникалык адистерди жиберүү керек. Жол салууга буйрук берген тарап министрликтин алдындагы Жол чарба департаменти болсо, аткаруучу жак Жол эксплуатациялык башкармалыгы болуп жаткандан улам да ушундай мыйзам бузуулар каттала берээрин Садакбаев кошумчалайт.

-Өзү заказчик, өзү аткаруучу болуп жатпайбы. Өзүн-өзү текшерип, кол коюп жатпайбы. Жол чарба департаменти болгондон кийин көз карандысыз техникалык текшерүү болушу керек эле. Ошондо мындай акча өндүрүүгө барышмак эмес. Жол эксплуатациядык башкармалыктарды бюджеттен чыгарып коюу керек. Буга өкмөттүн токтому чыгып, бөлүнгөн акча аларга түз кеткендей болбош керек. Ошондо гана эгераткаруучу жа жолду начар жасаса акчасын төлөбөй коюуга болот.

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген куруучусу Алмаз Калыев, жол курууда акча өндүрүүлөр көп эле болоорун айтат. Ошондуктан атайын адистерди окутуу керек, же болбосо чет жактан алып келсе болот. Аны менен катар, Кыргызстанда жолдун сапатын жол курулуп бүткөндө эмес, салынып жатканда текшерүү туура болот.

Депутаттар тобу жакында мыйзам долбооруна өзгөртүү киргизүүнү демилгелеп жатышат. Жаңы мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынган. Эгер кабыл алынса, жол салуу боюнча тендерден утуп алган фирмалардын жоопкерчилиги күчөйт. Демилгечилердин бири Төрөбай Зулпукаров, Ноокат-Калинин жолун өзү көрүп келгенин, ал жерде мыйзам бузуу байкалбаганын айтат.

Эгер мыйзам бузуу аныкталып, жол куруудан акча өндүрүлгөн болсо Транспорт жана жолдор министрлигине тиешелүү чаралар көрүлөт.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *