Шашылыш кабар:

«Кумтөр» кени боюнча жаңы келишим түзүлдү

Сентябрь 11, 2017 | жарыялаган Бакыт Төрөгелди уулу
1385

SAB_5720

Кыргыз өкмөтү «Центерра Голд Инк» компаниясы менен бүгүн «Кумтөр» кени боюнча жаңы келишимге кол койду. Ага ылайык канадалык инвесторлор экологиялык чыгымдар жана социалдык багыт менен жаңы геологиялык чалгындоо иштери үчүн Кыргызстанга 170 млн доллар бөлөт.

«Кумтөр» кени боюнча кыргыз өкмөтү менен «Центерра Голд Инк» компаниясынын ортосундагы жаңы келишимде экологиялык маселелер биринчи орунга коюлган. Келишимге ылайык «Центерра» Кыргызстанда жаңы түзүлгөн жаратылыш фондуна 50 млн доллар бөлөт. Ал каражат Ысык-Көл облусунун жээгинде заманбап суу тазалоочу түтүктөрдү орнотууга жумшалат. Ошондой эле «Центерра» буга чейин жаратылышка келтирген зыян үчүн Кыргызстанга жыл сайын 310 миң доллар төлөп келсе эми ал 10 эсеге өсүп 3 млн долларга көтөрүлгөнү турат. Премьер-министр Сапар Исаков жаңы келишимге кол коюу учурунда «Кумтөр» кенин саясий эмес элдин пайдасына иштеген долбоор кылуу керектигин белгиледи.

— Бүгүнкү күндөн баштап Кыргыз өкмөтү «Кумтөр» долбоорун саясатташтырбоо максатын көздөйт. Белгилүү бир иш аракеттерден соң күчүнө кирчү келишимден кийин биздин кызматташтыгыбыз кайрадан жаңыланат. Мен белгилегим келет, өкмөт айлана-чөйрөнү коргоо тармагына өзгөчө маани берет. Анткени «Кумтөр» кени иштетилип бүткөндөн кийинки ал жактагы абал бизге маанилүү болуп саналат. Биз жаратылышыбызды сактап калууну жана «Кумтөрдөн» биздин элге реалдуу пайда түшүүсүн каалайбыз. Долбоордун ишмердүүлүгү ачык жана таза болот. Бизге оңой эмес шарттан чыгып биргелешкен орток пикирге келүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Бул компания «Центерра Голд Инк» Кыргызстан элинин жана бүт уюштуруучулардын кызыкчылыгы үчүн иштеп, долбоорду натыйжалуу жүзөгө ашырууда мындан ары да өз ара ишенимдин жана биргелешкен күч-аракеттердин негизинде кызмат кылат.

«Центерра» социалдык багытта Республикалык онкология борборун техникалык жактан камсыздаш үчүн 10 млн доллар берүүгө даяр. Ошондой эле Кыргызстандагы жаңы геологиялык чалгындоо иштерине дагы 10 млн АКШ долларын которот. Ошентип баш аягы болуп «Центерра» кыргыз тарапка 170 млн доллар берүүгө макул болгонун өкмөт башчы Сапар Исаков билдирген.

SAB_5554

 Сүрөт: 11.09.2017-жыл өкмөт үйү

«Центерра Голд Инк» ишканасынын аткаруучу директору Скотт Пери жаңы келишимге кол коюп жатып, Кыргызстан «Центеррадагы» эң чоң акционер экенин эске салып буларга токтолду.

 Кыргыз Республикасы «Центеррадагы» эң чоң акционер экенин эске алганда жаңы жетишилген келишим өтө чоң мааниге ээ. Урматтуу премьер-министр эки тараптуу сүйлөшүүлөргө катышкандардын бардыгын куттуктайм. Анткени бул келишим «Кумтөрдөгү» мурда жолго салынбаган бардык иштерди камтыган келишим болду.

Жаңы келшимде ошондой эле «Кумтөр» кени иштетилип бүткөндөн кийин жаратылышты калыбына келтирип, уулуу калдыктарды зыянсыздандырыш үчүн түзүлгөн Рекультивация фондундагы каражатты Кыргызстанга алып келүү дагы бар. Өкмөт маалымдагандай «Кумтөр» иштетилип бүткүчө ал фондго 69 млн доллардан кем эмес акча топтолушу зарыл. Учурда аталган фондго 23 млн доллар каражат түшкөн экен. Өкмөт башчысы эми ал акчалар Англиядагы банктардан Кыргызстанга которулуп келип өлкө экономикасынын пайдасына иштейт деп ишендирген.

«Кыргызалтын» ишканасынын директору Алмаз Алимбеков жогоруда сөз болгон каражаттар үч ай аралыгында Кыргызстанга келишимде көрсөтүлгөн талаптар менен которулаарын айткан.

 Келишим түзүлгөндөн кийин 1-2-этаптар бар. Бул үч айдын иш аракети болот. Келишимге кол коюлгандан кийин каражаттарды которуу иши башталат.

Аны менен катар Канадалыктар эл аралык экологиялык «AMEK» компаниясы берген бардык көрсөтмөлөрдү аткарууга даяр.

«Центерра» Кыргызстан менен мындан ары дагы кызматташууга кызыктар экенин жарыялаган, өкмөт да жаңы геологиялык чалгындоо иштерин канадалык ишкана менен бирге жүргүзөбүз деп жатат.

Премьер-министр Сапар Исаков баштаган өкмөт мүчөлөрү жана Жогорку Кеңештин депутаттары кендин иши менен жеринде таанышып келүү үчүн 9-сентябрда «Кумтөргө» барып кендеги экологиялык абалды көрүп келишкен.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *