Шашылыш кабар:

Чех компаниясы 37 млн долларды качан которот?

Сентябрь 11, 2017 | жарыялаган Анара Бакытбекова
106

Нарын ГЭСтер каскадын жана чакан ГЭСтерди курмай болгон Чех компаниясы 37 млн долларды Кыргызстанга которуп бере элек. Чехиялыктар убада кылган акча 18-сентябрга чейин которулуусу керек. Бирок эксперттер чехтер акчаны которбой турганын белгилеп, өкмөттү элдин алдында кечирим сурашы керек дешет.


Чехиялык Liglass Trading компаниясы 37 млн долларды Кыргызстанга которуп бере элек. Бул тууралуу Өнөрlig5 жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Улан Рыскулов билдирди. Анын айтымында, чехтер бул сумманы 18-сентябрга чейин бериши керек.

Liglass Trading менен түзүлгөн келишим боюнча 18-сентябрга чейин убакыт бар. Алар 4-августтан баштап 30 банктык күндүн ичинде “РусГидрого” 37 миллион доллар которушу керек. Биз азыр күтүп жатабыз. Берилген мөөнөттө төлөбөсө келишимди бузабыз.

Өткөн аптада эле «РусГидро» ишканасы Жогорку Нарын ГЭС каскадынын курулушуна байланыштуу Кыргыз Өкмөтүн эл аралык сотко берерин жарыялаган. Эгерде сотко берсе, анда өкмөт соттошуугада даяр экенин билдирген.

Ал эми вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев келишимди белгиленген убактысына чейин күтө туруу керектигин билдирди. Эгерде мыйзам бузуулар болсо өзү жоопкерчиликти алаарын кошумчалады.

Келишимде чек компаниясы көп ГЭСтерди курган, миллиондогон каражаты бар деп белгиленген. Анда эмнеге убада кылган акчаны которбойт деген пикир жаралат. Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев Лигласстын акчасы жок деген ойдо.

Анын пикиринде, чехтер Кыргызстандын аты менен Америкадагы биржалардан каражат жасап жатат. Ошондуктан Лигласс команиясы ГЭС кура албайт.

Каражат келбесе жоопкерчиликти вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев алам деп жатат. Эгерде чехиялыктар 18-сентябрдан кийин каражатты которбосо, Зилалиев элден кечирим сурап, отставкага кетип, андан да чоң жоопкерчиликти алууга туура келет. Анткени өзү ошентип айтты. Ал эми премьер-министр «37 млн долларды чехтер төлөй албаса эч нерсе болбойт, келишимди бузуп коебуз» дейт. Бул деген чет өлкөлүк инвесторлордун Кыргызстан тууралуу терс ойлоосуна түрткү берет. Убакыт кетип жатат. Кырк жылга план түзгүчө, ушундай реалдуу иштер менен алектенишсе. Кыргызстандын кен байлыктары оюнчук эмес.

Эгерде Liglass Trading Орусияга 37 млн долларды толоп бере албаса, анда бул маселе парламентте көтөрүлүшү зарыл экенин Акаев кошумчалады.

Буга чейин маалымат булактарында чех компаниясынын финансылык кубаты жок экендиги, эч кандай ГЭстерди курбагандыгы тууралуу маалыматтар чыккан. Ошол үчүн Кыргыз Өкмөтү 18-сентябрды күтпөй эле мойнуна алып, кечирим сурашы керектигин экономика илимдеринин кандидаты, доцент Эркин Абдразаков билдирди.

Анын айтымында, чоң ГЭСти эч кандай тажрыйбасы жок компания кура албайт. Кыргызстан белгисиз компания менен келишим түзгөнү өзү уят иш болду. Ошондукта чех компаниясы менен «мышык, чычкан» оюнун ойноштун кереги жок.

Бул келишим жеке кызыкчылыктан улам болду. Биздин жаш жетекчилерибиз чек жакта окуп, мүмкүн тааныштарыдыр. Себеби мында жеке кызыкчылыктын кулагы көрүнүп жатат. Ошондуктан мамлекеттин кызыкчылыгын биринчи орунга коюп, шектүү компаниялар менен экинчи кызматташпаш керек. Мисалы, Кумтөрдүн канча акчасы жөн эле шылуундардын колуна өтүп кетүүдө. ГЭС куруу маселесин коомчулуктун пикирине салыш керек эле. Азыр күчтүү Орусия ГЭС кура албай Кыргызстан менен соттошобуз деп жаткандан кийин каяктагы аты, жыты жок компания менен келишим түзгөндүн өзү уят.

Энергетика боюнча эксперт Расул Умбеталиев Кыргыз Өкмөтү тарабынан Чех компаниясына эч кандай кепилдик берилбей жатканын белгиледи.

Умбеталиевдин баамында, Лиглассды өз күчүнө ишенген же шылуун, таза эмес компания деп эсептөөгө болот. Себеби, 1 млрд доллар киреше киргизип, мамлекет тарабынан кепилдик албаганы чоң күмөн жаратат.

Мамлекеттик жетекчилер Чех компаниясынын 240 млн евро акча каражаты бар экен деп сөз кылып жатат. Эгерде каражаты болсо 37 млн долларды которуп бермек.  Ошону үчүн Орусияга каражатты төлөп бербей коет.

Эске салсак, Кыргызстандагы Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын, ага кошуп он чакан ГЭСти чехиялык жеке менчик компания кура турган болгон. Муну бышыктаган келишимдерге үч ай мурун Бишкекте кыргыз өкмөтү менен Liglass Trading CZ. SRO компаниясы кол койгон.

Ага ылайык, Жогорку Нарын ГЭСтер каскадынын курулушу быйыл октябрда башталышы ыктымалдуулугу айтылган. Ошонун негизинде үч айга чейин техникалык-экономикалык негиздеме дайын болушу керек эле.  Тилекке каршы инвестор убада кылган 37 млн доллар каражатты которуп бере элек.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *