Шашылыш кабар:

«Кумтөр»: Өкмөт менен «Центерра» мунасага келди

Сентябрь 11, 2017 | жарыялаган Бакыт Төрөгелди уулу
280

SAB_5133

Өкмөт менен «Центерра Голд Инк» ишканасынын ортосунда сүйлөшүүлөр жыйынтыкталып «Кумтөр» кени боюнча жаңы келишимге кол коюлганы турат. Бул тууралуу премьер-министр Сапар Исаковдун 9-сентябрда алтын кендин иши менен таанышуу учурунда белгилүү болду. Ошондой эле «Кумтөрдү» башкаруу стратегиясы дагы өзгөрүп жаңы департаменттер түзүлөөрү айтылды.

Өкмөт «Кумтөр» боюнча «Центерра» менен жаңы келишимге кол коёт

Кыргыз өкмөтү менен «Кумтөрдү» иштеткен Канадалык «Центерра Голд Инк» компаниясы кендин айланасындагы маселелер боюнча мунасага келип, жаңы келишимге кол коюшканы турат. Премьер-министр Сапар Исаков «Кумтөрдүн» иши менен таанышуу сапарын жыйынтыктап жатып ушул жана башка жетишилген келишимдер тууралуу журналисттерге маалымат берди. Ал өз сөзүндө «Кумтөрдү» башкаруу стратегиясы кайрадан каралып чыгаарын жана буга «Центерра» ишканасынын жетекчилери дагы макул болушканын жарыялады.

— Биз «Центерранын» жетекчилери менен «Кумтөр» ишканасынын азыркы менеджментин кайрадан карап чыгууну келиштик. Компанияда «Кумтөр» кенин башкара турган эң негизги делген 5 департамент түзүлөт. Аталган департаментти жетектеген 5 директордун үчөө Кыргызстандын жарандары болот. Ага көп жылдардан бери ушул кенде иштеп келеткан жана өз ишин мыкты билген адистер дайындалат. Биздин бул максатыбыз кендеги ыктымал коррупциялык элменттерди төмөндөтүү болуп саналат.

Өкмөт башчысы менен бирге вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев, «Кыргызалтындын» жетекчиси Алмаз Алимбеков, өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев жана Жогорку Кеңештин депутаттары жүрдү.

Ал эми «Центерра Голд Инк» ишканасынан компаниянын директору жана жоопту кызматкерлери болду. «Центерранын» башчысы Дэниел Дежарден журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып Канадалык ишкана Кыргызстан менен мындан ары дагы иштешүүгө кызыктар экенин айтты.

Биз эң ириде кыргыз өкмөтү менен «Центерра» сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканына кызыктарбыз. Мунасага дагы келип жакынкы аралыкта жаңы келишимге кол коюлганы турат. Биринчи кезекте кенди иштетүүгө болгон бардык уруксаттарды алып, «Кумтөрдүн» келечекте ишин улантышын камсыз кылышыбыз керек.

Сапар Исаков дагы кыргыз тарап Канадалык инвесторлордон кол үзбөй кызматташтыкты улантышы керектигин баса белгиледи. Анын негизинде «Центерра» Кыргызстандагы жаңы геологиялык чагындоо иштерине 10 млн доллар бөлөөрү белгилүү болду.

Ал ортодо кыргыз тараптын «Кумтөрдөгү» акциясы 32,1 пайыздан 26,6 пайызга түшүп кеткени парламенттеги айрым фракциялардын сынына кабылды. Эске салсак «Центерра» «Thompson Creek Metals Inc.» аттуу компанияны 1 млрд 100 млн долларга сатып алуудан Кыргызстандын үлүшү азайып кеткен. Жогорку Кеңештеги «Республика-Ата Журт» фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов бул ишке өкмөттү айыптаган.

— Бизде килтейген 32 пайыз турат. Эми 26га түштү. Бизден тапкан акчага Канадага барып инвестиция кылып «Центерранын» финансылык абалы дароо төмөндөдү. Мына банктардан 320 млн доллар карызга алды деп айтып кеттиңер. Эми «Кумтөргө» кантип инвестиция жасайт? Бул «Центерра» бардык финансылык ресурстарды Кыргызстандан алып чыгып кетти дегенди билдирет.

Анткен менен өкмөт менен «Кыргызалтын» «Центерра» сатып алган «Thompson Creek Metals Inc.» ишканасы 2040-жылга чейин иштээрин жана Кыргызстан андан түшкөн каражаттан 20 жыл дивиденд алып тураарын айтып ишендирүүдө. Исаков бул боюнча суроого жооп берип жатып айрым алтын өндүрүү жаатын түшүнбөгөн саясатчылар чуу чыгарып жатат деп, аларды тажрыйбалуу адистерден кеңеш алууга чакырды.

Исаков «Кумтөрдүн» иши менен таанышуу учурунда кенде иштеген оор техникаларды куроочу жана оңдоп-түздөөчү Мегалоп жайы менен таанышты. Аталган жайдын башчысы Нурлан Ашыралиев кенде баш-аягы болуп 99 оор техника иштээрин жана алардын басымдуу бөлүгү ата-мекендик ишканалардан ижарага алынаарын айтып берди.

— «Кумтөр» жергиликтүү компаниялардын техникаларын дагы иштетет. Анын ичинде «Кыргызалтын» бар, «Каркыра», «Кросс», «Кылпыр» 10-12дей ишкана бар.

Сапар Исаков «Центерра» менен өкмөттүн ортосундагы эки тараптуу сүйлөшүүлөр акыркы айларда жигердүү жүргөнүн билдирип ага президент Алмазбек Атамбаев көз салып турганын айтып өттү. Маалыматка ылайык «Кумтөр» боюнча өкмөт менен «Центерранын» ортосундагы жаңы келишимге бүгүн, кол коюлуп калышы мүмкүн.

SAB_5416

«Центерра» бардык экологиялык чыгымдарды төлөйт

Жаңы келишимге ылайык «Центерра» экологияга келтирген зыян үчүн баш-аягы 170 млн долларга жакын каражат которууга даяр. Анын ичинде социалдык-чөйрөгө дагы акча каралган. Ошондой эле жаратылышка келтирген чыгым үчүн Канадалык инвесторлор төлөп келген акча каражаты 10 эсеге жогоруламай болду.

Кыргызстанда жаратылышты коргоо боюнча жаңы фонд түзүлөт. Өкмөт менен «Центерра» ишканасы кол койчу келишимге ылайык «Центерра» аталган фондго 50 млн АКШ долларын которот. Премьер-министр Сапар Исаковдун маалымдаашынча ал каражат Ысык-Көлдун жээгинде заманбап суу тазалоочу түтүктөрдү курууга жумшалат. Ошондой эле «Центерра» буга чейин экологияга келтирген зыян үчүн жылына 310 миң доллар төлөп келсе ал сумма 10 эсеге өсүп, 3 млн долларга чыгат. Аны менен катар Канадалыктар эл аралык экологиялык «AMEK» компаниясы берген бардык көрсөтмөлөрдү аткараарын Исаков мындайча айтып берди.

— «AMEK» компаниясы бир топ талаптарды коюп берди. Биз келшимдерди даярдап атканда алар изилдеп чыкты. Анын ичинде бир нече талап бар. Ошол эле Петров суусу, андан тышкары хвостохранилище жана башка көйгөйлүү маселелердин тегерегинде бүт изилдөө иштерин кылып жазып беришти.

«Центерра» социалдык багытта Республикалык онкология борборун техникалык жактан камсыздаш үчүн 10 млн доллар берүүгө даяр. Ошентип геологиялык чалгындоого берилчү дагы 10 млн Америка акчысын кошкондо «Центерра» Кыргызстанга баш аягы 170 млн доллар бөлөрүн өкмөт башчы Сапар Исаков билдирди.

Ал эми «Кыргызалтын» ишканасынын директору Алмаз Алимбеков аталган каражаттар келишимге кол коюлгандан кийин үч ай аралыгында Кыргызстанга келишимде көрсөтүлгөн талаптар менен которулаарын айтты.

— Келишим түзүлгөндөн кийин 1-2-этаптар бар. Бул үч айдын иш аракети болот. Келишимге кол коюлгандан кийин каражаттарды которуу иши башталат.

Премьер-министр «Кумтөрдүн» иши менен таанышуу учурунда Борбордук карьерге, Сары-Төр карьерине, рудаларды иштетүүчү заводго барды. Ошондой эле Петров көлөнүн абалы менен да таанышты. Жергиликтүү калк аталган көл ташып кетүү коркунучу бар экенин айтып келишет. «Кумтөр» кениндеге тоо кен бөлүмүнүн башчысы Болотбек Идирисов Петров мөңгүсү 80-жылдан бери дээрлик 1 км жылып кеткенин жана андагы суунун көлөмү жыл сайын көбөйүп баратканын айтты. Ушундан улам көлдөгү суунун көлөмүн азайтыш үчүн 4 жылдык программа жазылып иштер жүрүп жаткан экен.

— Бекемдөө иштери деген бул суунун көлөмүн азайтуу деген сөз. Ошондо көлдүн жээги ары кетип дамбага коркунуч жок болуп калат. Петров деген мөңгү турбайбы ошол ээрип анан пайда болгон көл. Бул көл 200 жылда пайда болгон.

Өкмөт баштаган топ кенден иштетилип чыккан уулу калдыктар сакталуучу жайга да барышты. 400 гектар аянтты ээлеген бул жайдан суу тазаланып Кумтөр дарыясына ал барып Нарын дарыясына куят.

Ошондой эле иш сапарда «Кумтөр» кени иштетилип бүткөндөн кийин жаратылышты калыбына келтирип, уулуу калдыктарды зыянсыздандырыш үчүн түзүлгөн Рекультивация фондундагы учурда топтолгон 23 млн доллар Англиядагы банктан Кыргызстанга алынып келинээри маалым болду. Ал фондго «Кумтөр» иштетилиип бүткүчө 69 млн доллардан кем эмес акча топтолушу зарыл.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *