Шашылыш кабар:

«Кумтөрдөгү» учурдагы абал сүрөттөрдө

Сентябрь 10, 2017 | жарыялаган Бакыт Төрөгелди уулу
953

IMG_8764

1-«Кумтөр» алтын кени дүйнөдөгү эң бийик жайгашкан алтын кендеринин бири. Сүрөттө кендеги борбордук карьер.

IMG_8765

2-«Кумтөр» кени деңиз деңгээлинен 4000 метр бийктикте жайгашкан.

IMG_8804

3- Бул жерде геологиялык иликтөөлөр 1920-жылдан баштап жүргүзүлгөн. Бирок кен өзү 1978-жылы гана ачылган. Сүрөттө Сары-Төр карьери.

IMG_8811

4- Кенди казуу ачык ыкмада, бургулоо, жардыруу жолдору менен жүргүзүлөт.  Андан соң рудалар жүктөлүп фабрикага киргизилет.

IMG_8847

5-«Кумтөрдөгү» алтындын запасы дүйнөдө 3-орунда турат.

IMG_8871

6-Кенден күнүнө 17-18,5 тонна руда алынат. «Кумтөрдөн» алтын казуу жолу оор болуп саналат. Бул боюнча ал дүйнөдө 3-орунда турат.

IMG_8712

7- А бул «Мегалоп» деген оор техникаларды курап, оңдоочу жай. Бул жерде иштегендердин дээрлик бардыгы жергиликтүүлөр.

IMG_8691

8-«Мегалоп» 2016-жылы ишке берилген экен. «Кумтөр» жергиликтүү 10дон ашык компаниядан оор техникаларды ижарага алып иштетет.

IMG_8874

9-Кыргызстандын жарандарын кооптондурган Петров көлү. «Кумтөрдүн» жетекчилиги көл коопсуздандырылып андагы суунун көлөмү азайтылат деп ишендирди.

IMG_8900

10-Мына бул сүрөттө «Кумтөр» кенинен чыккан уулуу заттар. Анын аянты 400 гектар.

IMG_8899

11-Бул жердеги заттар кайрадан тазаланып таза суу бөлүнүп чыгат экен. Ал суу Кумтөр дарыясына түшөт, Кумтөр дарыясы болсо Нарын дарыясына барып куят.

IMG_8795

12-Премьер-министр Сапар Исаков 9-сентябрда «Кумтөрдүн» иши менен таанышып чыкты.

IMG_8973

13- Исаков кыргыз өкмөтү «Центерра» менен жаңы келишимге кол коёрун жарыялады.

IMG_8903

14-«Кумтөр» кенин Канадалык «Центерра Голд Инк» компаниясы иштетип келет.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *