Шашылыш кабар:

Антибиотик дарыларды дарыгердин көрсөтмөсү жок колдонуу өлүмгө алып келет

Сентябрь 9, 2017 | жарыялаган Чолпон Бейшелең кызы
163

Казакстандын Караганда облустук ооруканасына эс учун жоготкон 2 жаштагы бала түштү. Учурда баланын абалы өтө оор, жандандыруу бөлүмүндө жатат. Баланын мындай акыбалга келүүсү, өзүм билемдик менен «Цеф3» антибиотиктин сайылуусунда болгон. 

187_art1

Коңшу Казакстандын Караганда облусунда эки жаштагы бала антибиотикалык дарыларды туура эмес колдонуудан улам эки күндөн бери эч учу жок жатат. Казакстандын саламаттык сактоо министрлигин маалыматына караганда бала облустук ооруканага эс учун жоготкон абалда түшкөн. Наристенин апасы, дарыгерлердин көрсөтмөсү жок «Цеф 3» антибиотигин сайган. Ошол замат бала эсин жоготуп дем ала албай калган.  Азыркы тапта дагы баланын абалы оор.

Жарандардын медициналык жактан билимсиздигинин натыйжасында, өзүм билемдик менен үйдө  дарылоо бир гана Казакстанда эмес, Кыргызстанда дагы кеңири жайылган.  Көпчүлүк ата-энелер тараптан маани деле берилбей. Басымдуу бөлүгү дарыкана сунуштаган гана дарыны алып жөнөшөт. Бул жаатта элдин дагы пикирин уктук.

Ошондуктан мындай аракеттерге тыюу алууну өкмөт былтыркы жылдан баштаган. Ага ылайык антибиотикалык дарылар дарыгердин көрсөтмөсү менен гана берилиши керек. Мунун негизги себебин, саламаттык сактоо министрлигинин дары-дармек саясаты боюнча консультанты Жылдыз  Жумагулова  айтып берди.

Антибиотиктер бул өзгөчө дары деп айтсак болот. Ал микроорганизмдерге каршы колдонулат. Эгер туура эмес колдонсо, дозасын же ичүү убактысын унутуп калган учурда микроп мутация болуп кетет. Натыйжада ал антибиотикалык дарыга туруштук берип, ооруга таасир этпей калат. Кийин терс таасирлери дагы көп болот.  

Бул жагдайларын эске алуу менен киргизилген жаңы мыйзамды дарыканалары канчалык сактап жатат… Өз көзүбүз менен көрүп чыгуу үчүн кардар катарында дарыканаларды кыдырганыбызда  төмөнкүдөй жоопту алдык.

Сизге кандай антибиотикалык дарылар керекҮч жашта болсо,  ампициллин же пеницилин  алып көрүңүз. Беш күн күнүнө эки маал.

Мындай дарыканаларды жаап коюуга саламаттык сактоо министрлигинин күчү жетпейт. Текшерүү маалында аныкталган болсо, эскертүү берүү менен гана чектелип жатат. Ошондуктан дары саясатындагы бир канча мыйзамдарга өзгөртүү керек экендигин  аталган министрликтин дары-дармек саясаты боюнча консультанты Жылдыз  Жумагулова  айтты.

Чынын айтканда бүгүнкү күнү  базарлардын айланасындагы дарыканалар дарыгердин көрсөтмөсү жок эле сатып отурушат.  Өзгөчө Ош базар биздин эң чоң көйгөй. Биз жалгыз дагы күрөшө албайбыз. Себеби ошол жер шаардык мэрияга тийиштүү болгондон кийин, алар ижарага беришет. А биз айып дагы сала албайбыз. Мэрия салган айыптын көлөмү 200 сом.

Маалыматка ылайык, Кыргызстанда 562 антибиотик жана микробго каршы дары катталган. Алардын 328 чет өлкөлүк, 234 коңшулаш мамлекеттерге жана 19 жергиликтүү компанияларга таандык.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *