Шашылыш кабар:

Кыргыз-өзбек мамилеси бекемделип, өкмөт «Кумтөр» маселесине киришти

Сентябрь 10, 2017 | жарыялаган Анара Бакытбекова
65

Мирзиёевдин Бишкекке болгон иш сапарынын маанилүүлүгү

Узап бараткан жуманын 5-сентябрында Кыргызстанга Өзбекстандын президентти Шавкат Мирзиёев эки күндүк иш сапары менен келип кетти. Бул расмий иш сапар 17 жыл тыныгуудан кийин болду. Анын натыйжасында Кыргызстан менен Өзбекстандын мамилеси жаңы багытка карай жол алды. Анын ичинде дээрлик 25 жылдан бери чечилбей келген чек ара маселесинин 85%ы такталып, маанилүү документке эки өлкөнүн президенттери өздөрү кол коюшту. Бул тарыхий окуя бир гана чек ара менен чектелбестен, экономикалык, социалдык, облустар аралык, маданий кызматташтыктар боюнча да келишимдерге жетишти. Жалпы жонунан 12 документке кол коюлду.

21316427_1511963552183649_4991088040392111949_o-768x468

«Бул күндү 25 жыл күттүк»

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен өлкө башчы Алмазбек Атамбаевдин жолугушуусу жогорку деңгээлде өттү. Анткени көтөрүңкү маанай өзбек делегациясы тараптан да, кыргыз тараптан да даана байкалып турду. Ал эми мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев кесиптеши Шавкат Мирзиёевдин келгенине өтө кубанганын жашырган жок. Айрыкча бул жолугушууну эки тарап тең самап күткөнүн баса белгиледи.

«Кыргыздар да, өзбектер да бул күндү 25 жыл күттү. Анткени улуу жазуучубуз Айтматов айткандай, сиздер менен динибиз да, дилибиз да бир. Сиз менин чакыруумду кабыл алып, Бишкекке келгениңиз үчүн чоң рахмат. Кош келиңиздер!!!».

Ошондой эле Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы алаканын жаңы эпохасы башталганын да баса белгиледи. Ортодо сууп кеткен мамилелердин жанданышына Өзбекстандын жаңы президентинин салымы чоң экендигин да өлкө башчы кошумчалап өттү.

«Мен ачык эле айтайын, эки өлкөнүн мамилеси Шавкат Миромонович келгенден бери жакшы жакка өзгөрдү. Бир жылга жетпеген убакта көп нерсеге жетиштиңиз. Сиздин жасаган реформаларыңызды мен ар дайым кубаттайм. Эгер ушул темпте кете турган болсо, Өзбекстан Борбор Азиянын саясий да, экономикалык да борборуна айланат».

Тарыхый жолугушуу

Ал эми Өзбекстандын президенти да Кыргызстандагы жылуу кабыл алынганына өзгөчө ыраазычылык билдирди жана эки өлкө ортосунда пайда болгон тосукту жеңүүдө  кесиптеши А. Атамбаевдин саясий эркине чоң баасын берди.

“Сиз айткандай кыргыздар менен өзбектер 25 жылдан бери ушул  күндү күтүп келгени бул чындык. Бүгүнкү жолугушуунун тарыхий экени да чындык. Мен бул жолугушууга өтө катуу даярдандым жана чыдамсыздык менен күттүм.  Мындан ары экөөбүздүн тең элибиздин алдында жүзүбүз жарык. Анткени биз жолугуп сүйлөшкөндөн кийин дээрлик чечилбеген маселенин өзү калган жок.  Бул куру сөз эмес, чындык”.

Чек ара дээрлик чечилди

Эки лидердин тар жана кең чөйрөдөгү сүйлөшүүлөрү дээрлик эки саатка созулду. Андан соң эки тараптын делегациялары менен биргеликте жалпысынан 12 документке кол коюлду. Алар Бишкек жана Ташкент, Ош жана Андижан шаарларынын ортсундагы, чек арадагы облустар арасындагы кызматташтык, экономикалык алаканы жакшыртуу, темир жолду пайдалануу, билим берүү тармагындагы кызматташуу, соода-сатык боюнча бир катар келишимдер жана меморандумдар кабыл алынды. Алардын арасынан эң маанилүүсү катары Кыргызстан менен Өзбекстан ортосундагы чек ара боюнча келишим түзүлдү. Аталган документке эки өлкөнүн президенттери  өздөрү кол койду. Анын негизинде чек аранын дээрлик 80%ынан ашыгы макулдашылганын президент Атамбаев өзү жарыялады.

«Чек аранын дээрлик 80%ын чечтик. Калганы деле чечилет. Ушунча жерди тактагандан кийин, башкасы боюнча да тил табышабыз деген үмүттөмүн»

Чек аралар ачылат

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев болсо карапайым калк үчүн чек ара бекеттери мурдагыдай болуп ачыла турганын айтты. Ал чек ара азабынан улам элдин өчкөн үмүтү кайра жанарына ишендирип, бүгүнкү чек ара боюнча келишим кабыл алынганы менен эки тарапты да куттуктады.

“25 жылдан бери чечилбеген маселени бир жылда чечтик. Албетте, бул оңойго турган жок. Биз кесиптешим Алмазбек Шаршенович менен катуу аракеттерди жасадык. Саясий эркибизди жумшадык. Мына эми дээрлик 80-85% чек арабыз чечилип, кол коюп жатабыз. Кыргызстанды да, Өзбекстанды да ушундай тарыхий күнү менен чын жүрөктөн куттуктаймын!”.

Өзбекстан Камбар-Ата ГЭСин курууга катышат

Мындан сырткары Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев эки өлкө ортосундаы соода-сатыкты жогорулатуу үчүн Андижан-Ош-Эркештам-Кашкар автоунаа каттамы ачыла тургандыгын билдирди. Маданий карым-катнашты бекемдөө үчүн эки өлкөнүн маданият күндөрүн өткөрүүгө макулдашышкан. Андан сырткары Ош шаарында достуктун символу катары Өзбекстандын каражатына жаңы мектеп да салынмай болду. Ошондой эле өзбек лидери суу ресурстарын биргеликте пайдалануу боюнча да кеп козгоп, Камбар-Ата ГЭСин курууга Өзбекстан сөзсүз катышат деп айтты.

“Мына бүгүнкү сүйлөшүүдө Алмазбек Шаршенович өзү да айтып өттү: Эч кайсы ГЭС Өзбекстандын катышуусуз курулбайт деди. Чындыгында, биз Кыргызстан менен ГЭСтерди чогуу курууга өтө кызыктарбыз. Камбар-Ата ГЭсин да биргеликте курабыз. Суу ресурстарын пайдаланууда мындай кадамдар өтө маанилүү. Бул жерде куру намыс, эмоция менен эмес, акыл калчап иш кылган өтө туура болот”.

Мирзиёев: Татыктуу президент шайлап алгыла

Жыйындын аягында Шавкат Мирзиёев Кыргызстан алдыда келе жаткан шайлоодо татыктуу президент шайлап алуусуна тилектештигин айтты. Ал эми президент Атамбаев кесиптешине пикирин кубаттады.

“Мен кыргыз калкы так ушул кыргыз-өзбек мамилесин ушул нукта уланта турган президент шайлаарына ишене тургандыгым айтып,  сөзүмдү жыйынтыктамакчымын. Сизге чоң рахмат Шавкат Миромонович”.

Атамбаев октябрда Өзбекстанга барат

Жыйынтыктап айтканда, учурда эки өлкө ортосунда чечиле элек 15% чек ара тилкеси калды. Бирок ал маселе да жакын арада чечилет деп күтүлүүдө. Тагыраак айтканда, Атамбаев октябрда Ташкентке расмий сапар менен барып, калган чек араны да чечип келерин айтты.

                                         Достук чек арасы 24 саат иштеп жатат

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы “Достук” чек ара бекетинен 1 суткада 2,5 миң адам өттү. Бул тууралуу чек ара кызматынан кабарлашты. Чек ара бекети ачылгандан бери эки өлкөнүн тургундары кыйынчылыксыз өтүп жатышат. Мурункудай телеграмма аркылуу өтүү токтогондуктан, мындан улам коңшу өлкөгө бара тургандардын узун кезеги пайда болду.

Чегара ачылды.Still003Эки өлкөнүн расмий адамдары Достук чек ара бекети ачылганын, жарандар телеграммасы жок өтөт деп кабарлагандан бери бул жайда адамдар кымгуут. Өзгөчө Өзбекстан тарапка өтүүчүрлөр өтө көп. Тургундардын узун кезеги пайда болгон. Узун кезекте 2 сааттан бери турушуп, нааразылык айткандар менен катар кубангандар да бар.

-Ысык аптапта 2 сааттан бери турабыз. Тезирээк өткөрсө жакшы болот эле. Мен чек ара чындап эле ачылдыбы деп келдим. Ачылыптыр. Азыр паспорт менен Өзбекстандагы апамдарга кетип жатам. Сүйүнүп жатам.

Ошол эле кезде Өзбекстандан бул жакка келе жаткандар да көп. Аларда Кыргызстанга кирип-чыгуу жеңилдегенин угушуп, бул жактагы туугандарына келе жатышат. Дилара Назырбекова Ханабад шаарынан Ошко келди. Ал өзбек чек ара кызматынан оңой эле өтүп келгенин айтып берүүдө.Чегара ачылды.Still006

-Бажы декларациясын толтуруп, паспорт гана көрсөттүк. Бир адамга 15 мүнөт кетип жатат. Мурдагыдай кыйынчылык жок. Дароо текшерип өткөрүп жатышат.

Өзбекстандын чек арасы мурунку убактарда эрте менен саат 8 ден кечки 20.00го чейин гана иштечү. Расмий ачылуудан кийин алар чек арасын 24 саат бою ачып коюшкан. Бирок алар тараптан тыкыр текшерүү менен жарандарды өткөрүшөт. Ал эми “Достук” өткөрмө бекетинин башчысы Бахтияр Есенгелдиев  жарандар соңку 2 күндүн ичинде эки эсе көп өткөнүн билдирди.

Чегара ачылды.Still005Кыргызстандын чек ара кызматынан билдиргендей, эки  өлкөдөн товар ташуу да чектөөлөрсүз жүрүүдө.  Байкоочулар «Достук» чек ара бекетинин ачылуусу менен адамдардын эркин жүрүүсу менен катар эки өлкөнүн соода-экономикалык жаатында да өнүгүү болоорун билдиришет.

 

 

      Эл чек аранын ачылышын 27 жыл күткөн

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек ара маселеси 85 пайызга чечилгенине эки өлкөнүн тең эли сүйүнүүдө. Анткени 27 жылдан бери чек ара өткөрүү бекеттеринен жарандар кирип чыгуудан кыйналып келишти. Эми бул көйгөй бир жаңсыл болуп, эл чек арадан өтүүдө шарт жеңилдээрин Кыргызстан менен Өзбекстандын президенттери белгилешти.


Кыргыз кызы Халида Алиева 15 жыл мурун Өзбекстандын Фергана облусунун Алвал айлына келинgranitsa-nasha болуп, өзбек жарандыгын алган. Бирок чек арадан өтүү катаал болгондуктан Баткенге ата-энесинин үйүнө келе алчу эмес. Эми өткөрүү бекеттери ачыла турганын уккан Алиева сүйүнүчтөн көзүнө жаш алды.

— Өзбекстанга жаңы президент келгенден кийин анын адамдары биздин айылга келип эмне көйгөйлөр бар деп сурап кеткен. Ошондо чек араны ачып коюусун суранып, бизди да уга турган адам бар экен деп сүйүндүк. Жакында эле апам каза болду эле, мен барып, бир тууган сиңдим келе албады. Сиңдим кыргыз жараны болсо деле чек арадан өткөрбөй коюшту. Чек аралар ачык болсо эки эл катташып калат элек. Жаңылыктардан чек ара ачылат десе сүйүнүчтөн көзүбүзгө жаш келип жатат.

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек аранын юридикалык күчкө ээ болгон документти болгон эмес. Эки мамлекеттин эли миң жылдардан бери кыз алышып, уул үйлөп, кыз беришип чырмалышып жашап келгени тарыхта айтылат. Бирок 1991-жылдардан бери элдин ынтымагын, достугун дайым бир калыпта сактоодо эки өлкөнүн башчылары бардык учурда эле орток пикир таба алган эмес.

Албетте, буга эки мамлекеттин ортосундагы суу ресурстарын бирге колдонуу, такталбаган чек ара тилкелери сыяктуу факторлор таасирин тийгизип келген.

Өзбекстандын Анжиян облусунда туулуп-өскөн Турат Сабыров, 15 жыл мурун үй-бүлөсү менен Бишкек шаарына көчүп келген. Бирок Сабыровдун атасы өзбек жараны болгондуктан,  ар эки айда Өзбекстандын аймагына Оштогу «Достук» чек ара өткөрүү бекетинен кирип, Казакстан аркылуу кайра Бишкекке келет. Бул көрүнүш 4-5 жылдан бери кайталанып турат. Буга деле бир топ каражат кетет.

Атам сөзсүз ар эки айда паспортуна «кирди, чыкты» деген мөөрдү бастырып турат. Кыргызстанда атамдын иштөөсүнө тоскоолдуктар деле жаралбайт. Ал эми эки ай сайын Өзбекстанга кирип чыкканына бир канча каражат кетип калат.

Эки өлкөнүн ортосундагы чек ара маселеси айрым талаштуу тилкелерди алмашуу жолу менен чечилген. Чек арада Кыргызстандын аймагында өзбектер жашаган жерлер Өзбекстанга, ал эми Өзбекстандын аймагында кыргыздар отурукташкан жер Кыргызстанга берилди.

Мындай аймактардын бири Каражантак айылы Кадамжай районуна өткөрүлөт. Аталган айылдын туругун Кайрат Рахмановдун айтымында, бул күндү 27 жыл күткөн. Анын айтымында, айылдын жарымы Өзбекстанга караштуу болуп, 500 кыргыз үй-бүлө жашап келет

— Каражантак айылы кыргыздардыкы, аны өзбектер ээлеп алган. Былтыр чек араларды тактап жүрүшкөндө биздин айылды Өзбекстанга калтырылсын деген токтомго кол коюлган. Бирок айылдын жаштары каршы чыгып, натыйжада кайра Кыргызстандын аймагында калтыруу чечимине келишти. Муну уккан аксакалдарыбыз сүйүнүп, көздөрүнөн жаш чыгып кетти.

Коңшу өлкө менен чек ара маселеси бир жаңсыл болуп жатканына жалпы эл сүйүнүүдө. Муну Өзбекстандын президентти Шавкат Мирзиёев да байкаганын Бишкекке болгон иш сапарында билдирди. Ал Кыргызстандын теле каналдарынан эл чек аранын ачылышына ишене албай жатканына күбө болгон.

-Мен эртең менен 20-25 мүнөт кыргыз телеканалдарына назар салдым. Анда эл мындан кийин чек аралар чын эле ачылат экенби деп сүйүнгөндөрүн көрдүм. Алар өзбек президентти келип кеткенден кийин чек аралар ачылабы? Мурункудай болуп Андижиянга бара алабызбы? Ушундай болобу  дешет. Мен айтмакмын, ушундай болот.

Ошондой эле, Бишкек шаарынын тургундарын да кыргыз-өзбек мамилеси кайрадан жанданганы сүйүндүрүп, ыраазы болуп жатат. Айрымдар кыргыз-өзбек чек аранын ачылышы коңшу тарапка көп пайда болду деген ойдо.

Статистикалык маалыматтарга караганда, Кыргызстанда 700 миңден ашык өзбек улутундагы жарандар бар. Алар өлкөнүн түштүк аймактарында отурукташкан. Ал эми Өзбекстанда 370 миңден ашык кыргыздар жашайт. Кыргыздар негизинен Анжиян, Фергана, Жизах, Сырдарыя, Самарканд, Ташкент облустары, Каракалпакстан аймактарынан орун алып, жашап калышкан.

21534387_1823167804594435_1845751056_o

 Өкмөт: «Центерра» миллиондогон доллар бөлмөй болду

Кыргыз өкмөтү «Кумтөр» кенинин айланасындагы экологиялык абалды жакшыртуу боюнча «Центерра Голд Инк» компаниясы менен сүйлөшүүлөр жыйынтыкталып калганын билдирди. Анын натыйжасында тараптар эл аралык арбитраж менен экологиялык соттук териштирүүлөрдү чечип, бир пикирге келүүгө ниеттенүүдө.

Өкмөт башчы Сапар Исаков парламенттин Отун энергетикалык- комплекси жана жер казынасын пайдалануу комитетинде «Кумтөр» кенин иштетип жаткан Канадалык «Центерра Голд Инк» компаниясы Кыргызстандын айлана-чөйрөнү коргоо тармагына 50 млн АКШ долларын которууга даяр экенин айтты. Премьер-министр ал каражат биринчи кезекте Ысык-Көлдүн жээгиндеги саркынды суу тазалоочу түктүктөрдү курууга жумшааларын белгилеп, өлкөгө келтирген экологиялык чыгым үчүн «Центерра Голд Инк» жыл сайын төлөп келген каражатты көбөйтүү демилгеси менен бөлүштү.

-Биз ойлоп жатабыз экологиялык төлөмдөр биздин бюджетке 310 миң доллар эмес 3 млн доллар болушу керек. Андан тышкары Ысык-Көлдөгү суу тазалоочу түтүктөр чоң көйгөй болуп жатат. Бул маселени түп тамыры менен «Центерра» менен чогуу чечишибиз керек.

Өкмөт тараткан маалымат боюнча 2009-жылдагы келишимге ылайык «Центерра» экологияга келтирген зыяны үчүн Кыргызстанга жыл сайын 310 миң доллар төлөп келген. Эми ал 10 эсеге чейин өскөнү турат. Аны менен катар «Центерра» экология боюнча эл аралык «AMEK» компаниясы койгон бардык көрсөтмөлөрдү аткарууга моюн сунганы кабарланды. Канадалык инвесторлор Республикалык онкологиялык борборунун курулуш иштерине да 10 млн доллар бөлүүгө макулдугун берген. Отун энергетикалык- комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитеттин төрагасы Кожобек Рыспаев«Центерра» менен болгон акыркы келишимдерди жакшы жышаан катары баалады.

— Бир дагы премьер-министр ушинтип алып келип айткан жок эле. Бул жакшы төлгө болуш керек. Биздин комитетке өзүңүз атайын жетишкендиктер менен келдиңиз, мен дагы  ушуну тилеген элем.

«Кумтөр» кени иштетилип бүткөндөн кийин жаратылышты калыбына келтирип, уулу калдыктарды зыянсыздандырыш үчүн Рекультивация фонду түзүлгөн. Ал фондго 69 млн доллардан кем эмес акча топтолушу зарыл. Сапар Исаковдун айтымында учурда аталган фондго 23 млн доллар каражат түшкөн. Бирок, акча чет өлкөдөгү банктарда сакталып тургандыктан, аны Кыргызстандагы банктарга которуп өлкө экономикасынын пайдасына иштетүү пландалып жаткан экен.

Парламенттеги «Ата Мекен» фракциясынын лидеринин убактылуу милдетин аткаруучу Алмамбет Шыкмаматов аткаруу бийлигинин аракети колдоого алаарлык экенин белгилеп, бирок ал сөз боюнча калбаш керек дейт.

— Чубактын кунундай болуп жети жылдан бери «Кумтөр» боюнча бир дагы маселе чечилбей келатат. Азыркы өкмөт сунуштап жаткан идея жакшы, алдыга жылыш десек болот. Бирок, эгерде ишке ашса.

2010-жылдан кийин келген төрт өкмөт тең «Центерра» менен «Кумтөр» кенине байланыштуу орток пикир таппай келет. Жогорку Кеңеш Канадалык инвесторлор менен 50-50 пайыз үлүштөгү ишкана түзүү боюнча меморандум кабыл алган. 2015-жылы Темир Сариев башында турган өкмөт «Кумтөр» долбоору боюнча «Центерра» менен болгон сүйлөшүүдөн чыккан. Ошол учурдагы аткаруу бийлиги мунун Канадалык ишканын экологиялык маселелерди эске албаганын негиз кылган.

Экс-депутат Эркингүл Иманкожоева жаңы келген өкмөттүн «Кумтөр» боюнча акыркы билдирүүсүн элди алаксытуу аракети катары сыпаттап жатат.

-Мунун аркасында чоң нерселер турат. Анткени булар мөңгүлөрдү талкалаганга баргантат. Балким ушул нерселерди айтып, алдамыш болуп андан ары муздарды талкалаганы турушат. Эгер депутаттар түшүнө турган болсо муздарды талкалоого жол бербеш керек.

Июль айында кыргыз тараптын «Кумтөрдөгү» акциясы 32,1 пайыздан 26,6 пайызга азайып кеткен. Буга «Центерранын» «Thompson Creek Metals Inc.» компаниясын сатып алганы негиз болгон. «Кыргызалтын» ишканасы кыргыз тараптын үлүшү азайганы менен анын терс таасири тийбейт деп ишендирип тескерисинче 20 жыл дивиденд алып турууга шарт түзүлөт деп маалымат тараткан эле.

Деген менен парламенттеги «Республика-Ата Журт» фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов «Кыргызалтындын» алты пайыз акциясынан ажырашын сындап депутаттык комиссия түзүп, ишти иликтөөнү демилгелеп чыккан.

— «Центерра» финансылык абалы кыйын акыбалда турган «Thompson Creek» деген 1 млрд 100 млн долларга сатып алды. «Центеррага» 80 пайыз акча биздин «Кумтөрдөн» түшөт. Биздин фракция депутаттык комиссия кылып туруп негизги кен байлыгыбыз болгон «Кумтөрдөгү» үлүшүбүз эмнеге 32 пайыздан 26 пайызга түшүп кеткенин иликтөөнү сунуш кылат.

Өкмөт «Центерра Голд Инк» Кыргызстандын аймагындагы дагы башка кендерди иштетүүчү ишканаларды түзүү аркылуу жаңы инвестицияларды тартууга даяр экенин билдиргенин кабарлоодо. Жыйынтыгында Отун энергетикалык- комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитети эки тараптуу жетишилген сүйлөшүүлөрдү карап чыгып маалыматты палатанын кароосуна макулдашууга жиберди.

Манасты, Саякбай менен Чыңгызды кайра жараткан «Саякбай» тасмасы…        Саякбай-кино

Узап бара жаткан аптада маданият тармагында да жакшы жаңылык болду. Бишкекте кино режиссер Эрнест Абдыжапаровдун  «Саякбай» көркөм тасмасынын улуттук бет ачаары болуп, чоң экранда көрсөтүлдү. Тасмага алгачкылардан болуп Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева, Жогорку Кеңештин депутаттары баштаган жогорку мамлекеттик жетекчилер, маданият ишмерлери жана шаар тургундары күбө болушту. Залкар манасчы Саякбай Каралаев тууралуу тартылган аталган фильм көрүүчүлөр тарабынан абдан жогору бааланып, элдин алкышына татыды.

«20-кылымдын Гомери» аталган залкар манасчы Саякбай Каралаевдин өмүр таржымалын жана манасчылык өнөрдүн касиетин чагылдырган «Саякбай» көркөм тасмасы 7-сентябрдан тарта жалпы кыргыз элине тартуулана баштады. Аталган тарыхый тасманы тартуу манасчынын 120 жылдыгын белгилөөнүн алкагында «Саякбай манасчы» эл аралык коомдук фондунун негиздөөчүлөрү тарабынан демилгеленген. Анын сценарийин жазууга 2015-жылы сынак жарыяланып, фильмди тартуу чыгаан кинорежиссер Эрнест Абдыжапаровгобуюрган.

— Бул тасманы тартууну 2015-жылы жазында сунуштаганда мен баш тарткам. Анткени ал учурда «Шабдан» тасмасынын үстүндө иштеп жаткам. Кийин булар башка режиссер издешип, дагы деле баштай элек экен. «Шабдан» бүткөндөн кийин кайра сунуш кылышып, мен макул болдум. Демилгечилер сценарий үчүн сынак жарыялайбыз деп пландап коюшкан экен. Ошондуктан, мен эки ай ичинде сценарийди жазып, сынактан утуп алдым.

Саякбай Каралаев тууралуу буга чейин бир катар документалдуу фильмдер тартылган. Бирок, залкар талант жана улуу манасчылык өнөр тууралуу көркөм тасма биринчи ирээт жаралууда. Ал эми, Эрнест Абдыжапаров мындай тарыхый фильмди өз тажрыйбасында биринчи жолу тартып жаткандыгын кошумчалады.

Фильмдин музыкасын КРнын Эл артисти, композитор Муратбек Бегалиев жазган. Ал кыргыздын залкарлары жана баа жеткис руханий байлыгы тууралуу музыка жазууда алгач чочулагандыгын жашырбайт.

 — Мен музыкасын жазаардын алдында сценарийди окуп көрүп, кичине жүрөгүм түштү. Алгач Саякбай атанын образынан эмнени жаратуу керек экендигин ойлондум. Анан акырындап ичине сүңгүп кире баштап, түшүнө баштадым. Бул жерде эң чоң дух, кыргыздын бийик руханий байлыгы — улуу «Манас» жөнүндө кеп болуп жатат. Ошондуктан, музыка деле бат эле жазылды, кино дагы бат эле тартылды. Абдан жакшы саамалык болду.

«Саякбай» тасмасын тартуудагы негизги максат «Манас» эпосун элге кеңири жайылтуу жана манасчылык өнөрдү даңазалоо болуп саналат. Анда улуу инсандар Саякбай Каралаевдин жана Чыңгыз Айтматовдун бейнеси чагылдырылган. Башкы ролдорду белгилүү актер Марат Жантелиев менен Чыңгыз Айтматовдун уулу Элдар Айтматов ойногон.  Саякбай сыяктуу таланттын образын ачып берүү оңойго турган жок, — дейт актер Марат Жантелиев.

 — Буга чейин Саякбай атабыздын көп жоруктарын уккам. Бапылдаган, өтө орой киши болгон экен. Мен ошол жагын көргөзүүгө аракет кылдым. Бирок, режиссер анын ички дүйнөсүн ачып бер деди. Саякбай атабыздын ички дүйнөсүн ачып берүү мен үчүн чындыгында кыйын болду. Баса белгилеп айтып коюшум керек, мен анын кийимин кийип, гримди жасаганда эле, эч даярдыксыз бардык нерсе өз нугу менен кетип атты.

Мындан тышкары тасмадагы негизги ролдорго белгилүү актерлор Тынара Абдразаева, Галина Кетова, Рахат Божокоева, Элина Абай кызы жана кичинекей манасчы Үмөт Дөөлөтов тартылган.

«Саякбай» тасмасы тартылып бүтөөрү менен эле Канадада өтүүчү «А» класстагы Монреаль эл аралык кинофестивалына чакыруу алган. 24-августта дүйнөлүк премьерасы болуп, тасма чет элдик кино ишмерлери, көрүүчүлөр тарабынан жылуу  маанайда кабыл алынган. Фестивалдын жыйынтыгында «Мыкты инновациялар үчүн» категориясында «Алтын Зенит» сыйлыгына татыган. Бул кыргыз киносунун жогорку деңгээлге өнүгүп бара жаткандыгынын далили экендигин Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев белгилейт.

 — Өзү эпиканын заманы бүткөн. Бүгүнкү доордо эпиканы киного алып келүү өтө татаал нерсе. Ошол эле, Саякбай Каралаевди аян алыптыр десе ошол доордогу эмес, азыркы адамдар түшүнбөйт. Аны өзүбүзгө түшүндүрө албай атып, чет жакка алып барып, ушундай чоң байге алышы кыргыз киносунун өнүгүүсүндөгү абдан жакшы көрүнүш. Саякбай жөнөкөй, карапайым жашоодон ошол эпикалык дүйнөгө кантип өтүп кетти?.. Муну кинонун тили менен берүү өтө татаал эле. Бирок, кинорежиссер аны бере алган.

Тасма Монреаль эл аралык кинофестивалына француз жана англис тилдерине которулуп жөнөтүлгөн.  Мындан сырткары, ал орус жана кытай тилдерине которулду.

«Саякбай» тасмасынын бет ачаар салтанатына өлкөнүн экс-президенти Роза Отунбаеважана башка мамлекеттик жетекчилер катышты. Анда Отунбаева фильмге жогорку баасын берип, Кыргызстанды, кыргыз элин даңазалап жаткан кинематографтарга алкышын айтты.

 — Саякбай манасчы тууралуу фильм бүгүнкү күнү бизге өзүбүздүн тарыхыбызды айтып берип жатат. Мен бүгүн жазуучу, манасчы деген кыргыз элинин көзү, жүрөгү, өзөгү экендигин сездим. Бул эпикалык фильм экен. Кыргызстандын 70 пайызы айыл чарбасына ылайыкталган, мал менен жан баккан тоодогу эл деп айтышат. Жок. Биздин арабызда ушундай укмуштуу таланттар бар экен. Мына ошол таланттар бүгүнкү күнү Кыргызстанды, кыргыз элин чет жакта даңазалап жаткандыгын барыбыз көрүп турабыз. Булар биздин сыймыгыбыз.

Мындан сырткары, өкмөт башчы Сапар Исаков өз фондунан тасманы тартууга негизги каржылык колдоо көрсөткөн «Саякбай манасчы» эл аралык фондуна  300 миң сом өлчөмүндө каражат бөлүп бергендигин өкмөт өкүлдөрү билдирди.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *