Шашылыш кабар:

Кыргыз-өзбек «Достук» чек ара бекети 24 саат иштеп жатат

Сентябрь 9, 2017 | жарыялаган Арген Нуров
53

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы “Достук” чек ара бекетинен 1 суткада 2,5 миң адам өттү. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты. Чек ара бекети ачылгандан бери эки өлкөнүн тургундары андан эч кыйынчылыксыз өтүп жатышат. Мурункудай телеграмма аркылуу өтүү токтогондуктан, мындан улам коңшу өлкөгө бара тургандардын узун кезеги пайда болду.

Чегара ачылды.Still003Эки өлкөнүн расмий адамдары «Достук» чек ара бекети ачылганын, жарандар телеграммасы жок өтөт деп айтылганы бул жайда адамдар кымгуут. Өзгөчө Өзбекстан тарапка өтчүлөр өтө көп. Тургундардын узун кезеги пайда болгон. Узун кезекте 2 сааттан бери туруп, нааразылык айткандар менен катар кубангандар да бар.

-Ысык аптапта 2 сааттан бери турабыз. Тезирээк өткөрсө жакшы болот эле. Мен чек ара чындап эле ачылдыбы деп келдим. Ачылыптыр. Азыр паспорт менен Өзбекстандагы апамдарга кетипжатам. Сүйүнүп жатам.

Ошол эле кезде Өзбекстандан бул жакка келе жаткандар да көп. Аларда Кыргызстанга кирип чыгуу жеңилдегенин угушуп, бул жактагы туугандарына келе жатышат. Дилара Назырбекова Ханабад шаарынан Ошко келди. Ал өзбек чек ара кызматынан оңой эле өтүп келгенин айтып берүүдө.Чегара ачылды.Still006

-Бажы декларациясын толтуруп, паспорт гана көрсөттүк. Бир адамга 15 мүнөт кетип жатат. Мурдагыдай кыйынчылык жок. Дароо текшерип өткөрүп жатышат.

Өзбекстандын чек арасы мурунку убактарда эртең менен саат 8 ден кечки 20.00го чейин гана иштечү. Расмий ачылуудан кийин алар чек арасын 24 саат бою ачып коюшкан. Бирок алар тараптан тыкыр текшерүү менен жарандарды өткөрүшөт. Ал эми “Достук” өткөрмө бекетинин башчысы Бахтияр Есенгелдиев жарандар соңку 2 күндүн ичинде эки эсе көп өткөнүн билдирди.

Чегара ачылды.Still005Кыргызстандын чек ара кызматынан билдиргендей, эки өлкөдөн товар ташуу да чектөөлөрсүз жүрүүдө.  Байкоочулар Достук чек ара бекетинин ачылуусу менен адамдардын эркин жүрүүсу менен катар эки өлкөнүн соода-экономикалык жаатында да өнүгүү болоорун билдиришет.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *