Шашылыш кабар:

Кыргызстандык тогуз коргоолчулар Дүйнө чемпионатында 7 медаль тагынышты

Сентябрь 9, 2017 | жарыялаган Каныкей Бозгунова
29

2015-04-17_15-53-45_182534

Астанада өткөн тогуз коргоол боюнча Дүйнө чемпионатында кыргызстандык спортчулар 7 медаль тагынышты. Бул тууралуу Тогуз коргоол федерациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мелдеште Кыргызстан курама командасы 1 алтын, 3 күмүш жана 3 коло медаль жеңип алган.

Бир алтын медалды Кубанычбек Ибрагимов багындырып, Дүйнө чемпиону болду.

Мелдештин акыркы күнүндө Анарбек Джамакеев күмүш, ал эми, Мадина Курманбекова коло медаль утуп алышты.

Чемпионатка дүйнөнүн 20дан ашык өлкөсүнөн спортчулар келишкен.

 

 

 

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *