Шашылыш кабар:

Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар «Мени ук» деген чакырык менен жөө жүрүшкө чыкты

Сентябрь 8, 2017 | жарыялаган Айжамал Худайбердиева
56

Борбор калаада  мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар жана алардын ата-энелери “Мени ук” деген чакырык менен жөө жүрүш өткөрүштү. Иш-чарада алар БУУнун майыптардын укугу тууралуу Конвенциясын ратификациялоону талап кылышты, ошондой коомчулуктун көңүлүн бурууга аракетин жасашты.  Ага жалпы Республика боюнча 300дөн ашуун киши катышкан.


Майыптар-маршы-768x432БУУнун майыптардын укугу тууралуу Конвенцияга Кыргызстан 2011-жылы кол койгон, бирок ал документ дагы деле ратификацияланбай келет. Мунун себебин Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин ден соолугу чектелген адамдар жана кары-картаңдар башкармалыгынын башчысы Чолпон Мамбетаипова акчанын тартыштыгы менен байланыштырат. Себеби, Конвенцияны ратификациялоого 30 млрд сом сарпталат. Жетекчи айткандай, бул сумманы дароо табуу кыйын. Эми алдыдагы убакытта тийиштүү министрликтер менен кеңешилип, бул маселе каралат.

“Бул конвенцияны ишке ашырууга 30 млрд сом кетет. Бул акча каражаты бир күндүн ичинде табылбайт. Ошондуктан, өз мүмкүнчүлүгүбүздү карап, министрликтер менен кеңешип, ратификациялоону карап жатабыз.”

Ош шаарынын тургуну Сүйөркул кызы Ыктырас 1-топтогу майып. 26 жаштагы каарман наристе кезинде кырсыктап, баспай калган. Ал ден соолугуна байланыштуу билим ала албай калганын айтып, «өкмөт жок дегенде бизден кийинки майып балдарга көңүл бурса» дейт.

“Мугалимдер “кызыңар балдар менен чогуу басып кете албай жатат, биз окута албайбыз” деп окутпай коюшкан. Апам өзү окутуп, билим берди. “Бир кесиптин ээси бол кызым” дегенинин ыр жазганды өздөштүргөм. Ден соолугума байланыштуу мектепте, жогорку окуу жайда окуп билим ала алган жокмун. Өкмөттөн жок дегенде бизден кийинки мүмкүнчүлүгү чектелген жаштардын билим алуусуна мүмкүнчүлук түзүп берүүсүн суранат элем”.

Аталган Конвенция  ратификацияланса, коомчулукта майыптыгы бар адамдарга мамиле өзгөрмөк. Тактап айтканда, аларга айлана-чөйрөдөгүлөр шарт түзүп бермек. Ага кошумча, өлкөдөгү улуттук мыйзамдардын да толук иштешине кепилдик болмок. Мындай пикирин майып адамдарга юридикалык жардам көрсөтүү фондунун жетекчиси Толкунбек Исаков билдирди.

“Конвенция социалдык жана укуктук мамиле менен курулган. Анда көрсөтүлгөн нормаларды ишке ашыруу үчүн сөзсүз түрдө ратификациялоо зарыл. Мыйзамдар баары иштеп баштаганда, коомчулукта майыптарга болгон мамиле өзгөрөт. Демек, тиешелүү билим алганга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Кесипке ээ болуп, адистиги менен иштегенге шарт түзүлмөк. Бул программада баары комплекстүү каралган. Конвенция ратификацияланса, майыптарга башкалардай эле өз алдынча жашаганга мүмкүнчүлүк болот”.

Эске салсак, Кыргызстанда мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын жалпы саны 170 миң кишини түзөт. Алардын 29 миңин 18 жашка чейинки балдар түзөт.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *