Шашылыш кабар:

Фракция өкмөттөн Центерра Голдду сотко берүүсүн талап кылды

Сентябрь 8, 2017 | жарыялаган Анара Бакытбекова
25

Парламенттеги “Республика “Ата-Журт” фракциясы Кумтөр алтын кенин иштеткен канадалык Центерра Голд компаниясынын Thompson Creek Metals Inc. кенин сатып алуу келишимине каршы чыкты. Мындай чечим фракциянын жыйынында бир добуштан кабыл алынды. Жыйында фракция мүчөлөрү кыргыз өкмөтү тез арада ал келишимди жокко чыгаруу үчүн Centerra Gold компаниясын сотко берип, кыргыз тараптан ага тиешеси барлардын жоопкерчилиги каралышы керек деген талапты коюшту.


Канадалык Центерра Голд компаниясы түндүк америкалык «Thompson Creek» тоо-кен компаниясын сатып рпалуу бүтүмүн аяктады. Бул тууралуу Вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев «Республика – Ата-Журт» фракциясы жыйынында билдирди.

-Аны каржылоого кошумча эмиссия чыгаруудан түшкөн каражат дагы жумшалган. Ошонун натыйжасында Кыргызстандын «Центерра Голд Инк.» компаниясындагы үлүшү 32,1 пайыздан 26,6 пайызга чейин азайды. Бирок, «Кыргызалтындын» акцияларынын саны мурдагы бойдон калды.

Фракция башчысы Өмүрбек Бабанов Thompson Creek Metals Inc. компаниясынын азыр каржылык жактан кысталып турганын белгиледи. Ал Кыргызстандын кызыкчылыгына кайчы келген бүтүмгө жол бергени үчүн Өкмөттүн мындай аракетин сынга алды.

Кендерди коргой турган учур келди. Болгон 5-6 эле кен чыкчу жерлерибиз бар. Бул келишим чыккынчылык. Центерра Голд 1 млн долларга компания сатып алып жатат. Ошол акчасын инвестиция кылып Кыргызстанга салбайбы?

Депутат Мирлан Жеенчороев Кыргызстанга келтирилген экологиялык чыгымга кайрылып, анын кенемтесин толтуруу сөз кылды. Андан сырткары, кыргыз тараптын өкүлдөрүнүн «Центерра Голд Инк» компаниясынын Директорлор кеӊешиндеги орду, келишимге кол коюудагы ролу тууралуу маселелерди көтөрдү.

Ал эми «Кыргызалтын» компаниясынын төрагасынын орун басары Бектур Сагынов Thompson Creek Metals Inc. компаниясын сатып алуу менен алтын кыйла көп өндүрүлө турганын билдирди.

Анын айтымында, дивиденд өлчөмү да 10 млн доллардан 20 млн долларга чейин көбөйөт. Андан тышкары, кыргыз тарап экологиялык доолор боюнча сотто утуп алгандыктан, «Центерра Голд Инк.» компаниясынын эсебиндеги 350 млн доллар камакка алынган.

Жыйынтыгында фракция мүчөлөрү «Центерра Голд Инк» компаниясынын Thompson Creek Metals Inc. компаниясын сатып алуу бүтүмүнө каршы чыгышты. Ошондон улам, алар тез арада бул бүтүмдү бузуу боюнча доо-арыз менен сотко кайрылуу зарыл деген чечимге келишти.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *