Шашылыш кабар:

Манасты, Саякбай менен Чыңгызды кайра жараткан «Саякбай» тасмасы…

Сентябрь 8, 2017 | жарыялаган Каныкей Бозгунова
218

Кечээ, 7-сентябрда Бишкектеги «Манас» кинотеатрында «Саякбай» көркөм тасмасынын улуттук бет ачаары болуп, чоң экранда көрсөтүлдү. Тасмага алгачкылардан болуп Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева, Жогорку Кеңештин депутаттары баштаган жогорку мамлекеттик жетекчилер, маданият ишмерлери жана шаар тургундары күбө болушту. Залкар манасчы Саякбай Каралаев тууралуу тартылган аталган фильм көрүүчүлөр тарабынан абдан жогору бааланып, элдин алкышына татыды.

1029322370-1


«20-кылымдын Гомери» аталган залкар манасчы Саякбай Каралаевдин өмүр таржымалын жана манасчылык өнөрдүн касиетин чагылдырган «Саякбай» көркөм тасмасы 7-сентябрдан тарта жалпы кыргыз элине тартуулана баштады. Аталган тарыхый тасманы тартуу манасчынын 120 жылдыгын белгилөөнүн алкагында «Саякбай манасчы» эл аралык коомдук фондунун негиздөөчүлөрү тарабынан демилгеленген. Анын сценарийин жазууга 2015-жылы сынак жарыяланып, фильмди тартуу чыгаан кинорежиссер Эрнест Абдыжапаровго буюрган.

— Бул тасманы тартууну 2015-жылы жазында сунуштаганда мен баш тарткам. Анткени ал учурда «Шабдан» тасмасынын үстүндө иштеп жаткам. Кийин булар башка режиссер издешип, дагы деле баштай элек экен. «Шабдан» бүткөндөн кийин кайра сунуш кылышып, мен макул болдум. Демилгечилер сценарий үчүн сынак жарыялайбыз деп пландап коюшкан экен. Ошондуктан, мен эки ай ичинде сценарийди жазып, сынактан утуп алдым.

Саякбай Каралаев тууралуу буга чейин бир катар документалдуу фильмдер тартылган. Бирок, залкар талант жана улуу манасчылык өнөр тууралуу көркөм тасма биринчи ирээт жаралууда. Ал эми, Эрнест Абдыжапаров мындай тарыхый фильмди өз тажрыйбасында биринчи жолу тартып жаткандыгын кошумчалады.

Фильмдин музыкасын КРнын Эл артисти, композитор Муратбек Бегалиев жазган. Ал кыргыздын залкарлары жана баа жеткис руханий байлыгы тууралуу музыка жазууда алгач чочулагандыгын жашырбайт.

 — Мен музыкасын жазаардын алдында сценарийди окуп көрүп, кичине жүрөгүм түштү. Алгач Саякбай атанын образынан эмнени жаратуу керек экендигин ойлондум. Анан акырындап ичине сүңгүп кире баштап, түшүнө баштадым. Бул жерде эң чоң дух, кыргыздын бийик руханий байлыгы — улуу «Манас» жөнүндө кеп болуп жатат. Ошондуктан, музыка деле бат эле жазылды, кино дагы бат эле тартылды. Абдан жакшы саамалык болду.

«Саякбай» тасмасын тартуудагы негизги максат «Манас» эпосун элге кеңири жайылтуу жана манасчылык өнөрдү даңазалоо болуп саналат. Анда улуу инсандар Саякбай Каралаевдин жана Чыңгыз Айтматовдун бейнеси чагылдырылган. Башкы ролдорду белгилүү актер Марат Жантелиев менен Чыңгыз Айтматовдун уулу Элдар Айтматов ойногон.  Саякбай сыяктуу таланттын образын ачып берүү оңойго турган жок, — дейт актер Марат Жантелиев.

 — Буга чейин Саякбай атабыздын көп жоруктарын уккам. Бапылдаган, өтө орой киши болгон экен. Мен ошол жагын көргөзүүгө аракет кылдым. Бирок, режиссер анын ички дүйнөсүн ачып бер деди. Саякбай атабыздын ички дүйнөсүн ачып берүү мен үчүн чындыгында кыйын болду. Баса белгилеп айтып коюшум керек, мен анын кийимин кийип, гримди жасаганда эле, эч даярдыксыз бардык нерсе өз нугу менен кетип атты.

Мындан тышкары тасмадагы негизги ролдорго белгилүү актерлор Тынара Абдразаева, Галина Кетова, Рахат Божокоева, Элина Абай кызы жана кичинекей манасчы Үмөт Дөөлөтов тартылган.

«Саякбай» тасмасы тартылып бүтөөрү менен эле Канадада өтүүчү «А» класстагы Монреаль эл аралык кинофестивалына чакыруу алган. 24-августта дүйнөлүк премьерасы болуп, тасма чет элдик кино ишмерлери, көрүүчүлөр тарабынан жылуу  маанайда кабыл алынган. Фестивалдын жыйынтыгында «Мыкты инновациялар үчүн» категориясында «Алтын Зенит» сыйлыгына татыган. Бул кыргыз киносунун жогорку деңгээлге өнүгүп бара жаткандыгынын далили экендигин Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев белгилейт.

 — Өзү эпиканын заманы бүткөн. Бүгүнкү доордо эпиканы киного алып келүү өтө татаал нерсе. Ошол эле, Саякбай Каралаевди аян алыптыр десе ошол доордогу эмес, азыркы адамдар түшүнбөйт. Аны өзүбүзгө түшүндүрө албай атып, чет жакка алып барып, ушундай чоң байге алышы кыргыз киносунун өнүгүүсүндөгү абдан жакшы көрүнүш. Саякбай жөнөкөй, карапайым жашоодон ошол эпикалык дүйнөгө кантип өтүп кетти?.. Муну кинонун тили менен берүү өтө татаал эле. Бирок, кинорежиссер аны бере алган.

Тасма Монреаль эл аралык кинофестивалына француз жана англис тилдерине которулуп жөнөтүлгөн.  Мындан сырткары, ал орус жана кытай тилдерине которулду.

«Саякбай» тасмасынын бет ачаар салтанатына өлкөнүн экс-президенти Роза Отунбаева жана башка мамлекеттик жетекчилер катышты. Анда Отунбаева фильмге жогорку баасын берип, Кыргызстанды, кыргыз элин даңазалап жаткан кинематографтарга алкышын айтты.

 — Саякбай манасчы тууралуу фильм бүгүнкү күнү бизге өзүбүздүн тарыхыбызды айтып берип жатат. Мен бүгүн жазуучу, манасчы деген кыргыз элинин көзү, жүрөгү, өзөгү экендигин сездим. Бул эпикалык фильм экен. Кыргызстандын 70 пайызы айыл чарбасына ылайыкталган, мал менен жан баккан тоодогу эл деп айтышат. Жок. Биздин арабызда ушундай укмуштуу таланттар бар экен. Мына ошол таланттар бүгүнкү күнү Кыргызстанды, кыргыз элин чет жакта даңазалап жаткандыгын барыбыз көрүп турабыз. Булар биздин сыймыгыбыз.

Мындан сырткары, өкмөт башчы Сапар Исаков өз фондунан тасманы тартууга негизги каржылык колдоо көрсөткөн «Саякбай манасчы» эл аралык фондуна  300 миң сом өлчөмүндө каражат бөлүп бергендигин өкмөт өкүлдөрү билдирди.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *