Шашылыш кабар:

Ысык-Көл: Элет жериндеги үй-бүлөлүк дарыгерлерге кызматтык унаа берилди

Сентябрь 8, 2017 | жарыялаган Бахар Хакимова
30

20170908_100331

Ысык-Көл облусундагы тоолуу аймактар жайгашкан үч райондун үй-бүлөлүк дарыгерлери кызматтык автоунаа менен камсыз болушту.


Жибек Жайылмышованын үй-бүлөлүк дарыгер болуп эмгектенгенине быйыл 33 жыл болду. Ал учурда Түп райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун жетекчиси. Ал үчүн бүгүн кубанычтуу күн болду. Анткени Түп райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна Лада 21310 Нива үлгүсүндөгү 4 кызматтык автоунаа белекке берилди. Бул борбордо буга чейин тез жардам автоунаасынан башка техника болгон эмес.

-Бүгүнкү кубаныч биз үчүн өтө чексиз деп айта алам. Себеби бул автомобилдер өзгөчө алыскы аймактардагы калк менен иштешкен үй-бүлөлүк дарыгерлерге берилип жатат. Буга чейин да бир катар колдоо болгон, бирок биздин дарыгерлердин ишине көмөк көрсөтүп ушундай белек кылып жатышканы үчүн ыраазычылык айтабыз. 

Ушундай эле кубанычтуу сезимдер Ысык-Көлдүн үч районундагы үй-бүлөлүк дарыгерлеринин жүзүнөн байкалып турду. Анткени буга чейин алыскы аймактардагы калкты медициналык кызматтар менен камсыз кылууда автоунаа жетишсиздиги кыйынчылык жаратып келген. Эми минтип Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз, Тоң, жана Түп райондоруна 14 кызматтык автоунаа Швейцариянын Кыргызстандагы элчилиги тарабынан берилди.

Саламаттыкты сактоо министрлиги автоунаалардын ачкычтарын аймактан келген дарыгерлерге салтанатуу тапшырды. Министрликтин стат-катчысы Жазгүл Кийизбаеванын айтуусунда, бул жардам «Медициналык уюмдардын автономиясы» долбоорунун алкагында ишке ашууда. Кийинки убактарда башка аймактарга да кароо планы бар.

-Бул иш-чара «Медициналык уюмдардын автономиясы» долбоорунун 2013-17-жылдарга каралган биринчи фазасы болуп эсептелет. Негизи жыл сайын саламаттыкты сактоо тармагына жыл сайын 7 миллион франк каралып турат. Негизги максаты 3 пилоттук районго өз убагында медициналык кызматтарды жеткирүү. Башка аймактарга да ушундай мүмкүнчүлүк түзүүнү карап жатабыз. 

14 кызматтык автоунааны бөлүштүргөндө элдин саны, аймактын алыс жайгашкандыгы эске алынган. Ошондо 7 автоунаа Жети-Өгүз районуна, үчөө Тоң районуна, төртөө Түп районуна берилет. Саламаттыкты сактоо министрлигинин Ысык-Көл облусу боюнча координатору Эсенбек Сатылгановдун айтуусунда, бул аймактарда 26 үй-бүлөлүк дарыгерлердин тобу иштейт. Айрым алыскы аймактарда тез жардам унаасынан башка кызматтык автоунаа болгон эмес. Бул жол тандабас автоунаалары менен тоолуу аймактарга да барууга шарт түзүлдү.

-Буга чейин бул райондордун борборлоруна гана тез жардам автоунаасы бөлүнгөн. Ал эми үй-бүлөлүк дарыгерлер дээрлик жөө-жалаң жүрүшкөн. 

«Медициналык уюмдардын автономиясы» долбоору Ысык-Көлдүн бул үч районунда 2015-жылдан бери ишке ашып келүүдө. Максаты, элет элинин үй-бүлөлүк дарыгерлердин сапаттуу кызматын көрүүсүнө шарт түзүү болуп эсептелет.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *