Шашылыш кабар:

Кулматовдун тоодой ырыскысы…

Сентябрь 8, 2017 | жарыялаган Бакыт Төрөгелди уулу
97

1014257443

Жума күнү «Фабула», «Жаңы Ордо», «De-Факто»,»Кыргыз Туусу» гезиттери жарык көрдү. Мезгилдүү басылмалар Улттук банктын төрагалыгына көрсөтүлүп жаткан Кубанычбек Кулматов, Борбордук шайлоо комиссиясынын Ахматбек Келдибековду шайлоодон четтеткени жана президент Алмазбек Атамбаевдин шайлоодон кийин өлкөдө туруксуздук уюштурууну көздөгөн күчтөргө берген эскертүүсү боюнча жазып чыгышты.

«Фабула» гезити алгачкы бетин өлкөдө болуп жаткан саясий окуяларга байланышкан кыска кабарлар менен ачты. Алардын биринде учурда Кыргыз-орус өнүктүрүү фондун жетектеп турган Кубанычбек Кулматовдун Улуттук банктын төрагалыгына көрсөтүлүп жатканы боюнча жазылган. Кулматов арабөк атка минер экенинен карабастан улам-улам жогорку кызматтарга дайындалып жатышын анын ырысы тоодой экен деен салыштыруу менен берген. Президент аны жакшы эле эркелеткенин, бирок ага жараша кызмат кыла албай жатканы сынга алынат. Автор ошондой эле Кулматов ээлеген чоң-чоң кызматтарды тизмектеген.

Ага ылайык чиновник буга чейин Бажы кызматында эмгектенип андан соң Чүй облусунун жетекчиси болгон. Кийин президенттин кеңишчиси катары иштеп, андан соң Бишкек шаарынын башына келген. Бул жумушун таштап Кыргыз-орус өнүктүрүү фондун жетектеп жатат. Улуттук банктын мурдагы төрагасы Толкун Абдыгулов биринчи вице-премьер-министр болуп кетип эми Кулматов анын ордун басканы турат.

«De-Факто» басылмасы өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевдин 31-августта Ала-Тоо аянтында сүйлөгөн сөзүнө сереп салган. «Атамбаевдин эскертүүсүн реваншчылар кандай кабылдашууда?» деген баш тема коюлган макаланы гезиттин журналистти Каныбек Кадыралиев даярдаган. Президенттик шайлоодон кийин ага катышкан талапкерлердин жактоочулары ар кандай маанайда болоорун эске алган автор кырдаалдан пайдаланып башаламандык уюштурууну көздөгөндөргө карата Атамбаевдин айткандары бир топ кишини ойго салганын жазат. Шайлоодон кийинки чыңалууда саясий кырдаалды радикалдуу нукка буруп, өлкөдөгү абалды дестабилдештирүүгө аракет кылгандар чыгаары айтылат. Ал эми президент мөөнөтү бүткөндө бийликте калбай турганын, эгер андай максаты болсо анын айласын табуунун башка жолдору дагы бар экенин туюнткан.

Эске салсак президент Алмазбек Атамбаев Эгемендик күнүндө шайлоодон кийин тополоң кылгандарды жазалоого чама-чаркы жетээрин анын президенттик мөөнөтү 1-декабрда гана аяктаарын эскерткен.

«Жаңы Ордо» Борбордук шайлоо комиссиясы президенттикке талапкер кылып каттоодон баш тарткан Ахматбек Келдибеков менен маекти басып чыгарды. Келдибеков журналисттин суроолоруна жооп берип жатып Конституциянын чегинде «Ата Журт» партиясы аны талапкер кылып жылдырып, БШК анын арызын кабыл алганын билдирген.

Бирок каттоого келгенде жыйында Боршайкомдун 8 гана мүчөсү болуп анын алтоо каттоодон баш тартууга «макул» деп добуш берсе калган экөө «каршы» болгонун айткан. Иш сапарда жүргөндүгүнө байланыштуу БШКнын төрт мүчөсү жыйынга катыша албай алардын экөө БШКнын чечимине «макул» экөө «каршы» деген добушун калтырып кеткенин белгилеген. Бирок жыйынга катышпаган мүчөлөрдүн добушуна байланышкан маселени анын юристтери текшерип жатканын жарыялаган.

Ошондой эле ал Жогорку Кеңештин төрагасы болуп турганда «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган» деп тагылган айыпты мыйзамсыз иш аракет катары сыпаттаган. Эске салсак БШК Келдибековдун соттуулугу толугу менен жоюла элек деген жүйө менен аны президенттикке талапкер кылып каттаган эмес.

«Кыргыз Туусу» гезити 100 миңдеп мамлекеттен пенсия алгандар мамлекетке эмне кылганы ачык айтылышы керектигин көтөрүп чыкты. Макаланын автору Болотбек Таштаналиев 100 миң сомдон пенсия алгандар менен 3-4 миң сом пенсия алгандарды салыштырып, бирок экөө тең бюджеттин эсебинен каржыланаарын айтат.

Ырасында айрымдар аз эмес акча алып жаткандан кийин өлкөгө сиңген эмгеги, эч болбогондо мамлекеттин пенсия фондуна канча каражат чегергени коомчулукка ачыкталышы керек деп эсептейт. Өмүрүн өмүр сакчылыгына арнаган дарыгерлер, улуттун келечеги үчүн балдарга билим берген мугалимдерге чегерилген 5-6 миң сом пенсия алардын дөөлөттүү карылыгына жетпейт. Керек болсо кочуштап алган дарысынын дагы чыгымын жаппай калаары ырас экени жазылат. Андыктан 100 миң сомдоп пенсия алгандар жашыруун болбой элге ачыкталышы зарыл экенин автор белгилеген.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *