Шашылыш кабар:

Жаңы өкмөт ачык-айкындуулукту түзө алабы?

Сентябрь 7, 2017 | жарыялаган Бурулай Шергазиева
19

Өкмөт эми министрликтердин өкүлдөрүнөн турган бөлүмдүн жардамы менен элдин көйгөйүн, арызын, өкмөткө карата сын-пикирин түздөн-түз угуп, иштеп турат. Мындай демилгени өкмөт башчы Сапар Исаков өкмөттүн 7-сентябрда өткөн жыйынында көтөрдү. Анын айтымында бул иш-чаралар «Жаңы доорго 40 кадам» программасынын негизинде, өкмөттүн ачык айкындуулугуна багытталган. Мунун алкагында  «Санариптик Борбор Азия  жана Түштүк Азия» биргелешкен долбоору боюнча гранттык макулдашуу даярдалууда. Чындыгында жаңы өкмөт коом менен ачык айкын боло алабы, бул долбоордун ишке ашуусу канчалык реалдуу?


157381503986291_big

Жаңы өкмөт кетирген катарларды моюнга алып, иштөөгө белсенди. Бул тууралуу өкмөт башчы Сапар Исаков өкмөттүн  жыйында билдирди. Ошондой эле Өкмөт башчы Мамлекеттик сектордогу ачыктуулук жана жоопкерчилик “Жаны доорго – кырк кадам” программасындагы ийгилик факторлорунун бири экендигин белгиледи.  Аны  ишке ашырууда калк менен ачык болууну айткан премьер-министр  бардык иш-кагаз процесстерин электрондук система өткөрүп, ачык айкын өкмөттү орнотууну баса белгиледи.

-Биздин өкмөт максималдуу түрдө ачык болушу керек. Ар бир кадам коомго жарыяланып туруусу абзел. Таза коом долбоорунун алкагында маалыматтык база ачып, коомго ачык көрсөтүү зарыл. Эл өкмөттүн эмне менен алек болуп жаткандыгын көрүүсү шарт. Биз иштеп жаткан материалдар санарипке өткөрүлүп, сунушталат. Ошондой эле бул иштердин баары почта менен эмес, электрондук түрдө ишке ашуусу абзел.

Мунун алкагында санариптик системага өтүү үчүн ар бир министрликке тийиштүү чараларды иштеп чыгууну, айрыкча Мамлекеттик каттоо кызматына тиешелүү тапшырмаларды иштеп чыгууну тапшырды. Натыйжада 2 жылдын ичинде электрондук өкмөт ишке ашыш керек деп премьер-министр Сапар Исаков эсептейт. Ошондой эле экинчи маселе катары коом менен мамилени түзүү үчүн өкмөттүн аппаратында министрликтердин өкүлдөрүнөн турган бөлүм ачууну сунуштады.

“Биз эл менен иштешибиз керек. Өкмөткө карата айтылган сындарды кабыл алып, убагында жооп беришибиз керек. Ошондой эле бул багытта Өкмөттүн көз карашын коомчулукка туура жеткирип туруу кажет.министрликтер менен ведомстволордон кызматтык командировка менен келип иштеген кызматкерлерден турган, тийешелүү бөлүм түзүлүп, алар коомчулук менен байланышты өнүктүрүп, колдоо багытында иш алып барат. Бул бөлүмгө 3 күндө өкүлдөрүнөрдү көрсөтүүнөрдү суранам. Келерки 2 жуманын ичинде бул бөлүмдү иштеп чыгуу керек”.

Ошондой эле ал сөзүн улай “Ачык Өкмөт” эл аралык долбооруна кошулуунун алкагында “Санариптик Борбор Азия  жана Түштүк Азия” биргелешкен долбоору боюнча гранттык макулдашуу даярдалып жаткандыгын айтты.

Бирок серепчилер жаңы өкмөттүн канчалык деңгээлде коом менен ачык болорун айтууга азырынча эрте дешет. Балким бул долбоорлор кагаз жүзүндө калышы мүмкүн дегендер да бар. Ал эми саясат талдоочу Сейтек Качкынбай дал ушундай коом менен бирге ачык иш алып баруу методу өкмөттүн ачык айкындуулугун далилдейт дейт. Бирок бул сөз жүзүндө гана калып кетиши мүмкүн деп да божомолдойт.

-Жаңы келген өкмөт бир гана Жогорку Кеңеште маалымат берип, программасын тааныштырып гана тим болбой, эл менен да бөлүшүшү керек. Атайын массалык маалымат каражаттары менен, жарандык коомдор менен кызматташуусу абзел. Ошондой ачык өкмөт боло алат го десек болот. Бирок бул сөздөр кагаз жүзүндө гана калып кетет го деп күмөн санап турам. Баарын убакыт көрсөтөт.

Деген менен саясат талдоочу Бакыт Бакетаев, жаңы түзүлгөн өкмөттө көпчүлүгү жаштар болгондуктан, эл кооптонушу мүмкүн, бирок ага негиз жок дейт. Тескерисинче аткаруу бийлиги жаңы кадамдарды таштоого күчү жетет жана ашырат деп ишенет. Болгону пилоттук программаларды ишке ашырууда чакан аймактарды тандоо менен туура методду колдонуу зарылчылыгын айтат.

-Кандай гана программа, долбоор болбосун чакан аймакта сыноо катары ишке ашырып көрүш керек. Антпесе тарых тастыктагандай, чет өлкөдө жакшы жыйынтык берген программалар бизге туура келбей калышы мүмкүн. Ошондо жакшы жыйынтык эмес, тескерисинче терс таасир бериши мүмкүн. Ошондуктан, долбоорду ишке ашырууда алгач аймактарга гана ишке ашырып көрүү керек.

Маалым болгондой Сапар Исаков баштаган жаңы өкмөттүн түзүмү “Жаңы доорго-кырк кадам” программасы менен келген.

Comments are closed.