Шашылыш кабар:

Шыкмаматов: “Liglass Trading” акча которбойт, «РусГидро» соттон утат”

Сентябрь 7, 2017 | жарыялаган Канай Анаркулов
183

pic_5054d91666d0f77ced204d40a2877577Орусиянын «РусГидро» ишканасы Кыргызстандагы Жогорку Нарын ГЭС каскадына байланыштуу сотко кайрылмай болду. Бул тууралуу Орусиянын маалымат булактары кабарлоодо. Белгилүү болгондой, ишкананын жетекчиси Николай Шульгинов эл аралык арбитраж боюнча консультант издей баштаган. Ал эми КР өнөр жай, энергетика жана жер казынасы боюнча мамлекеттик комитети сотко берсе, соттошобуз деген жообун берди. Мына ушул теманын алкагында, Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик курулуш, сот-укуктук маселелер жана Регламент боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Алмамбет Шыкмаматов менен маектештик.

«РусГидро» Кыргызстанды сотко берсе, кандай абал жаралат?

 Эгер алар сотко берсе, кыйынчылыксыз эле утушат. Себеби эки тараптуу келишимде ким келишимди денонсациялай турган болсо, ошол тарап чыгымдарды төлөп берет. Ал эми макулдашуулар болсо, Кыргызстандын демилгеси менен денонсацияланган. Ошондуктан, 37 млн долларды биз төлөп беришибиз абзел.

Келишим бир тараптуу жокко чыгарылгандан кийин ГЭС куруу ишин чехиялык компания мойнуна алып,  Орусия тарапка төлөнө турган сумманы да төлөп берүүнү убадалаган. Бирок, төлөө мөөнөтү 15-сентябрда аяктап жатат. Алар үлгүрүшү мүмкүнбү?

Биздеги ГЭСтерди курабыз деген чехиялык “Liglass Trading” компаниясы эл аралык шылуун ишкана экенин бөркүмдөй билем. Алар биздеги ГЭСтерди курабыз деп уруксат алып алып, Америкадагы биржалардан өздөрүнүн акциясын уюштуруп, акча жасап алды. Ошондуктан, алардын 37 млнду төлөөрүнө ишенбейм.

Эми мындай учурда Кыргызстан кандай кадамдарга барышы керек?

Мына биз Орусия биздин өнөктөшүбүз, жакыныбыз, түбөлүк бир болуп, таза кызматташкан дос мамлекеттерденбиз деп жатабыз. Мындай ураандар менен жашап жаткан соң, ошол каражатты сотко жеткизбей эле төлөшүбуз керек эле. Сот бул акыркы кадам. Балким сүйлөшүп ,өтүнүп, убакытты бир аз созушубуз мүмкүн. Бирок, баары бир төлөп беришибиз керек. Анан бул жерден баса белгилеп, эң өкүнүчтүү маселе бар экенин айта кетели. Ошол 37 млн доллардын үчтөн экиси уурдалган. Алардын аты аталбай, жазасын албай жатышат.

Өзбек президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга жасаган иш сапарында ГЭСтердин курулушуна каршы эмес экенин билдирди. Буга чейин коңшу мамлекет каршылыгын көрсөтүп келген эле. Бул жерде саясий оюн жокпу?

Саясий оюн деп айтыш деле кыйын. Анткени, коңшу өлкөнүн башчысы чоогу куруп, бирге пайдаланалы дегени жакшы эле сунуш деп ойлойм. Эми өкмөт дүйнөлүк аренага Кыргызстанды дагы бир жолу уят кылбай ишти бүтүрсө жакшы. Бирок, маселе чечилбей калат го деп турам. Анткени “Liglass Trading” компаниясы шылуундар экенин жакшы билебиз. Анын өкмөт жөн эле мактап жатат. Эгер, маселе чечилбей калса, ошол компанияны алып келгендер, өкмөт моралдык да, мыйзамдуу жол менен да жоопкерчиликке тартылыш керек.

Маегиңизге рахмат.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *