Шашылыш кабар:

Исаковдун программасы Кыргызстанды алдыңкы 80 өлкөгө кошууну көздөйт

Сентябрь 7, 2017 | жарыялаган Чолпон Бейшелең кызы
156

“Экомайдан” программасынын бул жолку чыгарылышында өкмөттүн  «Жаңы доорго 40 кадам”  программасынын экономикалык аспектилери тууралуу Экономика министринин орун басары Элдар Абакиров жана ЖИА бизнес ассоциясынын каржы клубунун  жетекчиси Мурат Исмаев менен маектештик.

“Жаңы доорго 40 кадам” долбоорунун негизги максаты- Экономиканы өнүктүрүү

images (3)

Экономиканы өнүктүрүү максатында соңку  5 жылга “жаңы доорго 40 кадам”  программасы иштелип чыкты.  Ал 2017-жылдан башталат.Эң алгач  жумушсуздукту азайтып, жаңы жумуш орундарын түзүү болуп саналат.  Мындан тышкары ар бир үй-бүлөнүн экономикалык абалын жакшыртуу. Анын ичинде программанын негизде эл аралык донорлор, өнөктөштөр  менен   таза коом, таза суу жана ирригацияны өнүктүрүү маселелери каралган. Негизгиси экономиканы өнүктүрүүгө багытталган.

Өнүккөн өлкөлөр өндүрүштү бутка тургузууну өндүрүшчүлөрдү колдоодон башташкан. Кыргызстанда  25 жыл ичинде өндүрүшкө көңүл бурулган эмес. Ошондуктан жергиликтүү өндүрүшчүлөргө узак мөөнөттүк насыялар берилип, экспортко чыгаруу керек.

Санариптик коомду түшүнүү коомчулук үчүн  оор

125071492490310_big

“Жаңы доорго 40 кадам” долбоорунун алкагында жазылган  стратегиянын башында санариптик коом деп, жогорку технология жөнүндө жазылган.  Муну тушүнө билүү оор.  Азыр дүйнө жүзүндөгү мамлекеттер индустрия доорунда жашап жатышат. Ал эми өнүккөн мамлекеттер андан ары датанын, маалыматтын дооруна секирип атышат. А бизде индустрия дооруна жетпей туруп, маалымат дооруна секирип жаткандай. Санариптик коомго өтүп кетебиз деген алдыга чуркап кеткендей болуп жатканын ЖИА бизнес ассоциясынын каржы клубунун  жетекчиси Мурат Исмаев айтты.

 Дүйнөлүк банк 50 миллионго жакын каражат бөлөт

0209d2c2afebcc9b9c1d6c80ef306b66

Дүйнөдө 200гө жакын өлкөлөр болсо, ар бир өлкө ар кандай даражада турат. Бирок дүйнөдө болуп жаткан тажрыйбаларга кошулуп, Кыргызстан да ошолорду өздөштүрсүн  деген максатта санариптик коомду киргизгиси келет. Бул демилгени азырынча эл толугу менен түшүнө элек.. Анткени, интернет маселеси бир жолго толук коюлган эмес. Кыргызстандын алыскы айылдарында бүгүнкү күнү деле интернет жок.  Бул жерде дүйнөлүк банк 50 миллионго жакын жардам көрсөтүп жатат. Ошону менен региондогу мектептерге интернет жеткирүү, жалпы Кыргызстандын интернет жагынан коопсуздугун диверсификциялоо деген сыяктуу максаттар коюлган.

Кыргызстан алдыңкы 80 мамлекеттин катарына кирет

4HUmvHcKgsfLpyekNmfA

2023-жылга  ИДП эки эсеге өсүп, 900 миллиард сомго өсүшү керек. Экинчисинен адамдардын кирешеси тактап айтканда,  айлык эки  эсе жогорулоосу абзел. Жакырчылыктын деңгээли 15% га чейин түшүүсү керек. Кыргызстан дүйнөдө адамдык өнүгүү боюнча индексте 80,  Дуинг бизнес боюнча рейтингге 30, Дүйнөлүк конкреттүүлүк индекси боюна 80,  Коррупцияны жоюу боюнча алдыңкы 80 мамлекеттердин арасына кириши керек деген максат бар.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *