Шашылыш кабар:

Салбуурун федерациясы: Дүйнѳлүк меморандумга кол коюлду

Сентябрь 7, 2017 | жарыялаган Гулжамал Асанкадырова
76

1409986078_salburunЫсык-Кѳл жергесинде дүйнѳлүк деӊгээлде кушчулар уюмунун ассоцияциясынын  48-жыйналышы уюшулду.  Ага IAF эл аралык конфедерациясынан куш салууну сүйүүчүлѳрдүн клубуна мүчѳ атактуу мүнүшкѳрлѳр, алдыӊкы окумуштуу изилдѳѳчүлѳр Борбор Азия, Европадан жалпы 47 мамлекеттин ѳкүлдѳрү  катышты. Иш чара алгач, Салбуурун федерациясы уюштурган жаа атуу, тайган агытуу,  бүркүт таптагандардын жүрүшү менен коштолуп, саяпкер тарыхка токтолду:

— Чоӊ аталарыбыз саяпкер болушкан, биз ошолордун тукумунан болобуз. Саякбай Каралаев ѳӊдүү кѳрүнүктүү инсандар келгенде мүнүшкѳрлѳр жалаӊ биздин айылда бүркүт салып, куш салып, тайган жүгүртүп карышкыр түлкү, коен алдырган айылдан болом.

Андан соӊ, четтен келген меймандар Тоӊ районундагы Боз салкын жайлоосунда болуп, Салбуурун федерациясы тандап алган 65 кишинин катышуусунда тайган агытуу, эр эӊиш, кѳк бѳрү, куш салуу, жаа атуу боюнча демонстрациялык кѳргѳзмѳгѳ күбѳ болушту. Бул да болсо ѳлкѳнүн келечегине жакшы ѳбѳлгѳ болгондугун Туризм департаментинин директору Азамат Жаманкулов айтат:

— Кыргызстанга келгенде туристтердин кѳбү бүркүтчүлѳр, бүркүт менен сүрѳткѳ түшуп бүркүт салгандарга кызыгып келишет. Кѳбүнчѳ араб мамлекетин тартуу абдан чоӊ ролду ойнойт да. Ошондуктан муну максимадуу түрдѳ ѳнүктүрүүгѳ аракет кылабыз. Салбуурун бир канча жыл мурун башталды эле, бүгүнкү күндѳ облустардын ар биринде кичине кичинеден болсо да бүркүтчүлѳр пайда болуп калды. Ошондой эле ѳнүгүп келатат кыздар арасында пайда болуп калды. Негизгиси күндѳн күнгѳ кѳбѳйүп бара жатат.

Айтсак, бул иш чаранын негизги максаты салттуу спорттун түрлѳрүн сактоо, жырткыч куштарды кѳбѳйтүү, ассоциациянын мүчѳлѳрү менен тажрыйба алмашуу болуп саналат. Кыргызстан биринчи жолу дүйнѳлүк деӊгээлде ѳткѳрүп, бул жыйналыш ѳз натыйжасын бергендигин Салбуурун федерациянын президенти Алмазбек Акунов белгиледи:

Сунуштар болуп жатат мисалы, Улуу Британия кызматташууга, китеп чыгарганга жардамыбызды берели дешти. Андан сырткары, Кыргызстандын архивиндеги эски китептерди, гезит, журнал, макалаларды жыйнап китеп басып чыгалы деген сунуш түштү. Андан сырткары Катар мамлекети бир жумада виза ачып берели, бизге келип Салбуурун кѳрсѳтүп бергиле деп чакырды. Андан сырткары, декабрда Дубайга бара турган болдук. Эгерде Салбуурун ѳнѳрүн кѳрсѳтѳ албай, башка мамлекет сыяктуу бир нерсени кайталап койсок, мындай чакыруулар болмок эмес.

Ал эми иш чаранын акыркы бѳлүгү илим изилдѳѳчулѳр, бүткүл дүйнѳлүк кушчулар жана мүнүшкѳрлѳр  федерациянын конференциясы менен уланды. Анда куштар арасында миграция, браконьерлик, ѳлүмгѳ дуушар болгон жаныбарларга бѳгѳт коюу, ѳнүккѳн ѳлкѳлѳр арасында жасалма питомниктин курулушу, аӊчылык кылуу темасында талкуу жүрдү.

Негизгиси, мындан ары дүйнѳлүк ассоциация менен биргеликте иш алып баруу боюнча меморандумга кол коюула тургандыгын  дүйнѳлүк этноспорт конфедерациясынын ѳкүлү илим жана билим боюнча координатору Канат Мамбеталиев  маалымдады:

Бул жерде 47 ѳлкѳнүн ѳкүлдѳрү кѳп маселелерди карап жатат. Жеке эле куш таптоо, ит агыткан эмес, жаратылышты сактоо аны менен бирге дүйнѳлүк этноспорт конфедерациясынын ѳкүлдѳрү келип жактап беришти. Ѳзүбүз да иш планыбыз менен тааныштырып,  сунуш кылдык. Маакулдашуу мемарандумга кол коюлса ассоциацияга мүчѳ болуп калабыз. Бул биринчи кадамыбыз болуп жатат чоогу жумуш алып барганга.

Айта кетсек, Бүткүл дүйнѳлүк кушчулар уюмунун ассоциациясы 48 жылдан бери аӊчылык, алгыр куштарды сактоо, аларды пайдалануу боюнча иш алып барып келет. Бүгүнкү күндѳ ассоцияцияда жалпы 86 мамлекет мүчѳ болсо, алардын катарында Кыргызстандан Салбуурун федерациясы да кирген.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *