Шашылыш кабар:

Тез жардам кызматын төлөнмө кылуу менен сапатын жогорулатса болот

Сентябрь 7, 2017 | жарыялаган Чолпон Бейшелең кызы
68

Тез жардам кызматын акы төлөнмө кылып сапатын жогорулатса болот. Мындай пикирин саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы коомдук кеңештин төрагасы Айбар Султангазиев «Марал» радиосуна кабарлады.

1445859569_1111

24 саат бою акысыз кызмат көрсөткөн тез жардамга эл тараптан нааразычылык көп айтылат. Басымдуу бөлүгү кечигет десе, дагы бири көрсөткөн кызматы үчүн акча сурайт деп жактыра беришпейт. Ал эми кызматкерлер тез жардамда иштөө оор деп жумуштан кетүүдө. Бүгүнкү күнү  Бишкек шаары боюнча дээрлик 64 жумушчу орун бош калды. Бул тууралуу Бишкек шаардык тез жардам кызматынын башкы дарыгери Искендер Шаяхметов кабарлады. Анын айтымында бүгүнкү күнү жумушунун оордугуна карата акча төлөнбөйт деген жүйө менен кызматтарын таштоодо.

Бүгүнкү күнү тез жардам кызматынада 64 жумушчу орун бош калды. Себеби биздин жумуш абдан оор. Ошондуктан келген дарыгерлер деле аз иштеп эле кетип жатышат.

Чындыгында тез жардам кызматында башка ооруканаларга караганда тынчы жок. Ошондуктан бул бөлүмгө тажрыйбалуу адистер дагы токтобойт. Жалаң гана жогорку окуу жайды жаңы бүткөн кызматкерлер түзөт. Учурда бул кызматта иштеген бир доктор айына 5 миң ал эми медайым 4миң сом маяна алат.

Былтыркы жылдан тарта тез жардам кызматында иштеген дарыгерлерге шаардык мэрия колдоо көрсөтүп келет. Жогорку билимдүү дарыгерге кошумча айлыгына 4миң, жаш жаңы келген 20 кадрларга 5 миң сомдон төлөп берип жатат. Эгер үч жыл катары менен иштеген болсо, бул чогулган 200миң сом банктык карточкасына которулат.

Бүгүнкү күнү борбор калааны жалпы  36 бригада тейлеп жатат. Бул көрсөткүч 48 жаңы конуштуу шаар үчүн өтө эле аз. Ошондуктан 103 кызматын бир саатка чейин күтүүгө туура келет. Мунун себебин тез жардам кызматында 30 жылдан бери  айдоочу болуп иштеген Алтынбек Жунусов айтат. Эгер нормага ылайык санай турган болсок, Бишкек шаарына жалпы 124 бригада тейлеши керек.

Орточо чакырууларга 30-40 мүнөттө жетип барабыз. Тыгын учурунда бир саатка чейин кармалабыз. Анан элден тил угабыз.

Тез жардам кызматындагы чиелишкен маселенин чечүү үчүн кызмат көрсөтүүнү акылууга өткөрүү керектигин саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы коомдук кеңештин төрагасы Айбар Султангазиев «Марал» радиосуна кабарлады.

Ар бир чалууга 100 же 200 сом деп ачык акыны киргизсек, маселелер чечилмек. Ошол каражаттарды чогултуп унаа тетиктерин, күйүүчү май маселелерин чечип алууга болот эле.  

Маалымат ирээтинде айтсак, тез жардам кызматына күнүнө кеминде 600 дөн ашык чакыруу келип түшөт. Максималдуу 1200гө чейин жетет.

Кызматты толук жакшыртуу үчүн Кыргызстан Бириккен Араб Эмираттары жарыялаган долбоорду утуп алган. Эми ага ылайык 65 тез жардам унаасы жана кызматкерлерге эки мезгилге ылайык келген формалар менен камсыз болот.

Мындан тышкары Швейцариянын колдоосу астында Ысык –Көлдүн тез жардам кызматына 16 тез жардам унаанын ачкычы 8-сентярда  тапшырылат.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *