Шашылыш кабар:

Кулматов: Улуттук банкты башкарууга тажрыйбам жетиштүү

Сентябрь 7, 2017 | жарыялаган Түмөнбай Абдинаби уулу
150

2A534DAD-0976-48C8-B390-76555F3800A3_w1023_r1_s

Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун жетекчиси Кубанычбек Кулматов эми Кыргызстандын Улуттук банкын башкарып калуусу мүмкүн. Анткени аталган кызматка президент Алмазбек Атамбаев аны көрсөтүп, Жогорку Кеңешке сунуштады. Кулматовдун билдиргенине таянсак, ал өзүн Улуттук банктын жетекчилик кызматына татыктуумун деп эсептейт. Ал жердеги система бир көз карашка байланганы үчүн чоң реформа кылууга да муктаждык жок деди.

-Президент Алмазбек Атамбаев Улуттук банктын төрагалык кызматына менин талапкерлигимди көрсөтүп, Жогорку Кеңешке жөнөтүптүр. Парламент муну качан карарын мен билбейт экем. Улуттук банктын өзүнүн туруктуу системасы болгону үчүн ал жерде чоң реформа кылууга болбойт. Ошондуктан биринчи ал жердин ишин карап, ошого жараша аракет кылабыз. Башкаруучулук жактан менин тажырыйбам жетиштүү.

Улуттук банкка жетекчи болууга сунушталган Кулматов 2009-жылы Бажы департаментинин киреше башкармалыгынын башчысы болуп эмгектенип баштаган. 9 жыл бою бул тармакта иштеп, 2010-2013-жылдар аралыгы Бажы кызматынын төрагалык кызматын ээлеп турган. 2013-жылдын июлунда президенттин кеңешчиси болуп, 1 айча иштеген. Андан кийин 5 ай Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп турган. Кийинки эки жылда Бишкек шаарын башкарып, аны менен бирге “эрке мэр” деген атка конгону да көпчүлүккө маалым. Темир Сариев Өкмөттү жетектеп турганда жыйынга эки жолу келбей калганынан улам эрке аталып калганы айтылган.

Андан сырткары Кулматов Бишкек шаарынын мэри болуп турганда “борбор калаа тазаланбай калды, таштандыга толуп кетти” деген дооматтар көп айтылып, бул боюнча президент Алмазбек Атамбаев да үн каткан. Мэрликтен кийин Кыргыз-орус өнүктүрүү фондуна жетекчи болуп дайындалып, учурда аталган кызматын ээлеп отурат. Ал жердеги алган маянасы тууралуу да кеп козголуп, айына 15 миң АКШ доллар өлчөмүндө аларын депутаттар айтып чыккан эле. Эми ушул баскычтарды басып өткөн Кулматов  Улуттук банкты жетектеп, татыктуу башкаруучу боло алабы деген суроо турат. Жогорку Кеңештин депутаты Абдувахаб Нурбаев Улуттук банктын жетекчиси болуп, ошол тармакта эмгектенген адистер келсе жакшы болорун белгилейт.

-Анын бажы тармагында, андан соң мэрияда иштегенин билебиз. Менин билишимче, анын банк тармагында тажырыйбасы жок. Ал кызматка адискөй, банк тармагында эмгектенген кадр керек болчу. Бажыда иштегенде системаны автоматташтырганы айтылып жүргөн. Мэр болуп турганда чарбачыл эмес экенин көрсөттү. Ошол үчүн улуттук банкты жетектей турган адам банкир келсе жакшы болмок.

Анткен менен Улуттук банкты башкаруу, анын ишин алдыга жылдыруу үчүн жетекчинин банк системасында иштеген болуусу шарт эмес. Болгону ал башкаруучулук сапатка ээ болуп, ишти көзөмөлгө ала билүүсү керек. Ушул талаптарды эске алганда Кубанычбек Кулматов Улуттук банкты татыктуу жетектей алат деп айтууга болот. Бул пикирин экономист Жумакадыр Акенеев айтты. Ал өз сөзүндө аталган кызматты башкара турган адам экономиканы түшүнгөн, кредит берүү саясатын туура жүргүзүп, тил табышууга жөндөмдүү болушу керектигин белгилеп өттү.

-Бул жумушта жетекчилик кызмат саясий орун болуп эсептелет. Ал жерди ээлеген адам башкаруучу, башкача айтканда, менеджер болуусу керек. Мен билем, Кулматовдун тажырыйбасы буга жетет. Бажы кызматында иштеп, кийин мэр, губернатор болду. Азыркы учурда фонддо эмгектенип жатат. Ушуларды эске алып, мен жеткиликтүү деңгээлде башкарып кете алат деп айта алам.

Дүйнөнүн өнүккөн өлкөлөрүндө улуттук банктардын башына ошол тармакта эмгектенген, билими жана адискөйлүгү жагынан да төп келген адамды коюшат. Ошого таянып караганда, Кулматовдун Улуттук банктын жетекчилигине көрсөтүлүшү логикалык жактан туура келбейт. Муну саясатчы Равшан Жээнбеков айтып, бирок Кыргызстанда президенттин айланасындагы адамдар каалаган кадрын коюп жатканын, бул көнүмүш көрүнүш экендигин баса белгилейт. Бирок бул тармакта азыркы учурда тобокелчиликтер арбып баратканын да кошумчалап, адискөй адамдын келүүсү туура болмок деди.

-Акыркы учурда бул жаатта акчага байланышкан көп тобокелчиликтер пайда боло баштады. Орусияга карата санкциялардын киргизилиши, ал жактын экономикалык абалынын начарлап баратышы биздин каржы системаларыбызга тез-тез таасирин тийгизип турат. Ошол себептүү улуттук банкты адис башкарганы жакшы болмок. Бирок бизде баардыгы авторитардык башкаруу жолу менен башкарылат. Ошол үчүн биздин президент, премьер-министрлер бул да иштеп кетет деп ойлоп жатса керек. Мында тобокелчиликтер көп деп айтсак болот.

Кошумчалай кетсек, Улуттук Банктын мурдагы төрагасы Толкунбек Абдыгулов жаңы бекитилген өкмөттүн курамына кирип, вице-премьер-министрлик кызматты ээлеген. Ошол себептүү анын мурдагы кызмат орду бош калган. Ага жаңы төраганы президент көрсөтүп, Жогорку Кеңешке сунуштайт. Парламент колдоого алган соң расмий түрдө жетекчи болуп эсептелет.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *