Шашылыш кабар:

Кыргызстанда кургак учук менен жабыркагандардын саны азайды

Сентябрь 7, 2017 | жарыялаган Айжамал Худайбердиева
79

Бишкекте Борбор Азия аралык кургак учукту интеграцтяланган көзөмөлдөө боюнча “Кургак учукту токтотуу” аталышындагы экинчи эл аралык конференция өтүп жатат.  Негизги максаты кургак учук менен жабыркагандырдын санын азайтуу. Тагыраак айтканда, бейтап аталган ооруунун жеңил жана жугуштуу эмес түрү менен ооруса, аларды үй шартында дарылоо.


obnaruzhenie-tuberkuljoza

Улуттук фтизиатрия борборунун башкы дарыгери Бердиким Сейилканов билдиргендей, өлкөдө кургак учук менен жабыркагандардын саны 0.41%га төмөндөгөн. Дарыгердин айтымында, мунун башкы себеби дартты туура аныктоодо. Мындан сырткары USAID менен өкмөттүн биргелешкен күч-аракетинен улам, лабораторияларды модернизациялоонун, дарылоонун жаңы моделдерин киргизүүнүн жана саламаттыкты сактоо системасын реформалоонун эсебинен бул ооруунун жайылышы кыскарган.

“2016-жылы 5548 оорулуу катталган. Бул көрсөткүч 2015-жылдагыга салыштырмалуу 95.4 пайыздан 91.3%га төмөндөгөн. Карап көрсөк, жылдан жылга азаюу байкалат. Ооруунун азаюсунун эң башкы себеби дартты аныктоонун жакшырганында. Экинчиден, профилактикалык-санитардык маалыматтын кеңири таралуусунда. Бул жерде эл аралык донорлордун эмгеги чоң. USAID кургак учукту жеңүү боюнча проект иштеп жатат. Алар бизге лабораториялык реактивдерди, аппараттарды алып берүүдө чоң жардам көрсөттү. Жаңы техникалар менен иштеген адистерди окутууга да чоң салым кошуп келет.”

СССР тарагандан кийин өлкөдө кургак учуктун дарыга туруктуу формасы пайда болуп, ага чалдыккандардын саны көбөйгөн. Аталган оорууну эл аралык программанын негизинде дарылоо колго алынган. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Амангелди Мурзалиев билдирди. Маалым болгондой, азыр жаңы техникалардын келиши менен дартты аныктоонун шарттары жакшырган.

“Кургак учуктун дарыга туруктуу формасы пайда болгон. Эл аралык стандарттагы программанын негизинде дарылоо башталган. Натыйжада ооруунун төмөндөшү байкалды. Азыр жаңы ыкмалар менен жаңы дарылар келди.  Улуттук фтизиатрия борборундагы жаңы аппарат тез арада кургак учук дартын аныктап берет.”

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун техникалык кенешчиси Игорь Перегинец кургак учук менен күрөшүүгө биргеликте аракет кылып, ооруунун көрсөткөчү азайды дейт. Анын айтымында, кургак учукту туура дарылабагандыктан улам ооруунун жаңы түрлөрү жаралууда. Убагында дарыгерге кайрылбаса, дарылоо татаалга туруп, көп убакытты талап кылып жатат.

“Мурда каражат тартыш болуп, кургак учук менен күрөшүүдө жана орууну дарылоодо тийиштүү чаралар толук көрсөтулчү эмес. Азыр аталган оорууну дарылоонун жаңы ыкмалары, бейтаптарга социалдык колдоо көрсөтүүнүн шарттарынын үстүндө иштеп жатабыз. Тажырыйба көрсөткөндөй, заманбап дарылоонун ыкмасы менен бейтап бир ай дарыланган соң соо кезиндегидей жүрө алат. Айтарым, дартка чалдккандар дароо дарыланып башташса. Болбосо, ооруу күчөп кеткенден кийин аны дарылоо татаал болот”

Белгилей кетсек, жыйынга берилген милдеттерди ишке ашыруу жана прогрессти талкулоо үчүн 250гө жакын өлкөдөн мамлекеттик жана медицина кызматкерлери келген. Иш-чара АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин (USAID) колдоосунун астында Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан уюштурулган.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *