Шашылыш кабар:

Посттор ачылды, чек ара качан чечилет?

Сентябрь 7, 2017 | жарыялаган Арген Нуров
45

6-сентябрда кыргыз-өзбек чек арасындагы Достук өткөрмө бекети ачылды. Эми эки өлкө жарандары мурдагыдай телеграмма аркылуу эмес, жарандык паспорту менен гана эки тарапка өтсө болот.

ФЫСС

Кыргыз-өзбек чек арасынын Достук өткөрүү бекети. Миллиондогон бул жайдан адамдар эми тоскоолдуксуз өтө алышат. Оштун тургуну Холида Нышанова өткөрүү бекети ачылаары менен Анжиян облусундагы апасына барып, ал абалын сурап кайтууну ниеттенип жатат. Чек ара жабылгандан бери,  Өзбекстанда 2 бир тууганы жана ата энеси калган.

-Апам Өзбекстанда. Жашы 70тен ашкан. Ал жакка барып келүүгө чамабыз жок. Качан гана той же тажыя болгондо телеграмма аркылуу барчубуз. Балдарыбыз туугандарын тааныбай калган. Чек ара ачылаары менен апама тез-тез барып турамын.IMG_5157

Өткөрүү бекетти ачууга кечке жуук салтанатуу иш чара белгиленген. Ага эки өлкөнүн тең маданият кызматкерлери  чакырылган. Расмий өкүлдөр элди чек аранын ачылуусу менен куттуктап, көп жылдык карым катнаш мындан ары да уланаарын белгилешти.  КРнын вице-премьер министри Дүйшөнбек Зилалиев эң башкысы  телеграмма аркылуу каттоо жоюлганын кабарлады.

-Мындан ары башка дагы чек ара пункттары ачылат. Биз эки президенттин сүйлөшкөнүн, чегаранын 85%ы чечилгенин көрдүк. Калганын октябрь айы ичи же жыл аягында чечебиз. Баарыңыздарды чек аранынын ачылуусу менен куттуктаймын. Эми эркин басалы.

Эки өлкөнүн карапайым эли жана расмийлери  6- сентябрдагы өткөрүү бекеттин ачылышы   тарыхый дата болуп калды дешти.  Анжиян облусунун акими Шухратбек Абдурахманов буларга токтолду.

-Президенттерибиздин жолугушуусунда 10дон ашуун документке кол коюлду. Бул маселенин чечилүүсүнө миңдеген адамдар сүйүнүп турганын көрүп турабыз.

IMG_4931Эки тараптуу келишимге ылайык эми Ош шаары менен Анжиян шаары өз ара ар кандай багытта кызматташат. Соода экономикалык жана бизнес чөйрөнү өнүктүрүү багытында келишимдерге кол коюлган. Анжиян шаарынын мэри Дилмурат Рахматтуллаев менен Ош шаарынын мэри А.Кадырбаев журналисттерге маалымат берип жатып,  чек аранын ачылуусу менен келишимдер иш жүзүнө аша баштайт деп ишендиришти.

Жакынкы арада калган чек ара өткөрүү бекеттерди да ачылаары кабарланууда. Мындан сырткары октябрь айында президент Алмазбек Атамбаевдин Өзбекстанга иш сапары менен баруусу күтүлүп жатат. Ага чейин эки тараптын чек арасындагы талаш жараткан  15 пайыз жерди тактоо тапшырмасы берилген.

Бирок байкоочулар дал ошол 155 пайыздын ичинде эң талаштуу аймактар камтылганын билдиришүүдө. Маселен, Сох анклавы, Кемпир-Абад суу сактагычы, Кара-Суудагы Барак эсклавы.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *