Шашылыш кабар:

«РусГидро» Кыргызстанды сотко берүүгө камынууда

Сентябрь 7, 2017 | жарыялаган Анара Бакытбекова
52

Орусиянын «РусГидро» ишканасы Кыргызстандагы Жогорку Нарын ГЭС каскадына байланыштуу сотко кайрылмай болду. Бул боюнча Орусиянын маалымат булактары кабарлоодо. Ага ылайык, ишкананын жетекчиси Николай Шульгинов эл аралык арбитраж боюнча консультант издей баштаган. Ал эми Кыргызстандын өнөр жай, энергетика жана жер казынасы боюнча мамлекеттик комитети сотко берсе, соттошобуз дейт.


Өткөн жылдын аягында Орусиянын “Русгидро” энергохолдинги Жогорку-Нарын каскадын курууга1028544217 жумшалган каражаттарга байланыштуу Кыргызстандын үстүнөн эл аралык арбитражга кайрыларын маалымдаган эле. Ишкана каскаддын курулушуна короткон 37 миллион долларды кайтарып берүүсүн талап кылган.

Ал эми 6-сентябрда Орусиялык ишкана «РусГидро» Кыргызстанды сотко бермей болгонун жергиликтүү маалымат булактарына кабарлады.

Айтылган маалыматка ылайык, ишкананын жетекчиси Николай Шульгинов эл аралык арбитраж боюнча консультант издей баштады.

Жогорку-Нарын каскадын курууга коротулган каражатты чехиялык компания төлөп берүүнү убадалаган. Бирок эмдигиче чехиялыктар каражатты которо элек.  Liglass компаниясы аталган ГЭСтин каскадын жана чакан ГЭСтерди курууга тендерден утуп алган.

Кыргызстандын өнөр жай, энергетика жана жер казынасы боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Улан Рыскуловдун айтымында, чехтер 18-сентябрга чейин 37 млн долларды которуп берүү керек. Эгерде «РусГидро» сотко берсе, өкмөт соттошот.

Ал эми өкмөт  башчы Сапар Исаков 25-августта парламентте эгерде чехиялык Liglass Trading CZ компаниясы менен келишим ишке ашпай калса, Кыргызстан зыян тартпайт, бирок андан чыгат деп билдирген.

Чехиялык  Liglass компаниясын атайын комиссия тандаган. Аларга берилген мөөнөт бүтө элек. Келишим аткарылбай калып, мамлекетке зыян келтирилсе, жоопкерчилик каралат, бирок мамлекет зыян тартпайт.

Чех компаниясы менен ГЭСтерди куруу үчүн келишимдерге азыркы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев кол койгон.  Ал келишим ишке ашпай калса, анда жоопкерчиликти толугу менен өзүнө аларын айтты.

Саясат талдоочу Марс Сариев «РусГидронун» сотко кайрыла турганы саясий аракет болуп жатат деп баалады. Анын пикиринде, Өзбекстан Кыргызстан менен Камбар-Ата ГЭСин чогуу кураары белгилүү болду. Бул долбоорго Орусиянында кошулуу ниети бар. Ошондуктан сотко кайрылуу менен белги берди.

Себеби, Камбар-Ата ГЭСин курууда чоң акча бар. Орусиянын сотко кайрыла турганын капыстан эле кайра билдиргени саясий белги. Мен муну ушундай кабыл алдым. Менимче, акчаны Кыргызстан бербей эле Орусияда ушул долбоорго кирет го, ага жол табылып, маселе чечилет. Мүмкүн чех компаниясы деле Орусияга байланыштуу алдамчы компания.

Эксперттердин пикиринде чех компания келишимди аткара албай калышы мүмкүн. Анткени Liglass компаниясы тууралуу айтылган терс пикирлер көп дешет.

Мурдагы өкмөт башчы Темир Сариев социалдык тармактагы баракчасына Liglass компаниясын Кыргызстанга алып келгендер боюнча тез арада териштирүү баштоону сунуштап, аларды «алдамчылар» деп атады.

Анын айтымында, аталган компаниянын долбоору ишке ашпай калса «Кыргызстан эч зыян тартпайт» деген сөз калп.  Тендердин өзү одоно мыйзам бузуулар менен коштолгон.  Эми Жогорку Нарын ГЭС каскадына инвестор табуу дээрлик мүмкүн болбой калышы мүмкүн.

Эгер чехиялык компания акча каражаттарын которбосо, эч жоготуу деле болбойт деген жалган. Өлкөнүн аброюна, жалпы бул долбоорго кандай сокку болоорун түшүнбөй жатышабы? Чехияда эки айдан бери бул тема гезит беттеринен түшпөй жатат, коопсуздук кызматтары иликтөө жүргүзө башташты. Чын эле эч бир жоготуу болбойт деп ойлоп жатышабы? Эми бул долбоорлорго инвесторлорду кантип тартабыз? Жалпы эле өлкөнүн инвестициялык климатына терс таасирин тийгизет. Жогорку кызматта отургандар чечимдерин бир аз ойлонуп кабыл алышпайбы — азыркы дүйнөдө инвестициялык чечимдер кантип кабыл алынат дегенден эч бир түшүнүгү жоктой.

Эске салсак, 2012-жылы Кыргызстан жана Орусия өкмөттөрү Камбар-Ата-1 жана Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын куруу боюнча макулдашууга кол койгон. Буга ылайык, Орусиянын «Русгидро» компаниясы аталган эки энергетикалык объектти курмак. Бирок бул жаатта иш үзгүлтүккө учурагандыктан, 2015-жылы Кыргызстандын демилгеси менен макулдашуу денонсацияланган. Буга байланыштуу, Кыргызстан Орусиянын Жогорку Нарын каскадына жумшаган 37 миллион долларын төлөп бериши керек.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *