Шашылыш кабар:

Матраимов: «Достуктан» элдер эми паспорт менен эле өтүп калышат

Сентябрь 7, 2017 | жарыялаган Бакыт Төрөгелди уулу
898

1390854.1.1498129248

Кечээ, 6-сентябрда 2010-жылдагы Ош окуясынан кийин кыргыз-өзбек жарандарынын өтүүсү катаалдаган «Достук» өткөрмө бекети ачылды. Ага Кыргызстан тараптан дагы Өзбекстан тараптан дагы миңдеген адамдар катышты. Аталган бекеттин ачылышына вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев, Жогорку Кеңештин депутаттары Искендер Матраимов, Айнуру Алтыбаева, Ош облусунун башчысы Таалайбек Сарыбашев жана өзбек тараптан дагы бийлик өкүлдөрү катышты.

Биз эки эл эңсеп күткөн бекеттин ачылышына катышкан эл өкүлү Искендер Матраимов менен «Күн чабыт» программасында маектештик.

Марал: Искендер мырза кечээ кыргыз-өзбек чек арасындагы «Достук» өткөрмө бекети ачылды. Бул бекеттин ачылышы менен жарандарга кандай жеңилдиктер болот?

Искендер Матраимов: Эки мамлекеттин ортосундагы Ош шаарында жайгашкан «Достук» бекетин ачуу аземи болду. Ага Анжиян облусунун хакими (ред: акими) биз тараптан Ош шаарынын губернатору, мэри, Айнуру Алтыбаева, вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев жана мен катыштым. Азыр эми эки мамлекеттин жарандары паспортун көргөзүп эле бири-бирине каттай бергендей болуп калат деп ойлойм.

Марал: Эки өлкөнүн жарандары бир топ жылдан бери тууган-туушканарына каттай албай убара тартышканы белгилүү. Өткөрмө бекеттериндеги буга чейинки абал элдерге дагы кандай тоскоолдуктарды жаратып келди эле?

Искендер Матраимов: Өзүңөр жакшы билесиңер. Чек арада кыйынчылык болмок тургай эки жакка өтүш жок эле болуп калган. Бир гана телеграмма болсо өтүүгө уруксат берилген. Болбосо чек ара жабык бойдон туруп, карын-катнаш үзүлгөн.

Марал: Искендер мырза «Достук» көзөмөл өткөрүү пунктунун ачылышына сиз өзүңүз дагы катышып келдиңиз. Эл муну кандай кабыл алды?

Искендер Матраимов: Эл кандай кабыл алганын мен өз көзүм менен көрдүм. Муну сөз менен айтыш кыйын. Эл батпайт. Аларды эч ким чакырган жок. Өзүлөрү эле угуп алышып келишкен экен. Биз аэропорттон түшүп «Достук» посттуна араң жеттик. Бул Кыргызстан тарапта болду. Биз элдерге каалоо-тилектерди айтып, ачылыш аземин кылып коюп өзбек тарапка өтсөк ал жакта андан дагы көп эл күтүп отуруптур.  Биз өзбек тараптан кыз алганбыз, кыз бергенбиз. Бирок катташуу жок болчу. Керек болсо ата-энеси өлгөндө топурак салганга келе албай калгандар болгон.

Марал: Кыргыз-өзбек чек араларында буга окшогон дагы канча өткөрмө бекеттер бар?

Искендер Матраимов: Менин билишимче негизги пункттардан Кара-Сууда, Ош шаарында, Араванда бар. Ал эми Баткен облусунда Кызыл-Кыяда дагы эки жерде бар. Баш аягы 5-6 өткөрүү жайлары бар.

Марал: Кыргызстан менен Өзбекстандын президенттеринин жолугушуусунун бир үзүрү катары жогорудагы ишти айтса болсо керек. Эми алака-катышты мындан ары дагы арттырыш үчүн кандай кадамдар жасалышы зарыл?

Искендер Матраимов: Илгертен эле Ош менен Анжиян облусу чектеш жайгашкан. Мурда бири-бирибиз менен жакшы эле катташып турганбыз. Өзбектер Кыргызстанга, кыргыздар Өзбекстанга барып соода кылышкан. Эки өлкөнүн президенттери Алмазбек Атамбаев менен Шавкат Мирзиёев тарыхта кала турган ишти жасады. Чогулган эки элдин жарандары да рахмат деп баталарын берип турушту. Бул ушуну менен токтоп калбаса керек.

Бекеттин ачылышында Анжияндын акими, Ош облусунун башчысы жана мэринин ортосунда сүйлөшүү болду. Жакын арада түштүк жергесинде эки элдин ортосунда семинар өткөрсөк, соода-сатык боюнча жарманке кылсак деп бааралашуу кылышты.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *