Шашылыш кабар:

Кыргызстан көчө футболу боюнча дүйнөлүк чемпиондукта 3-орунду ээлей алган жок

Сентябрь 7, 2017 | жарыялаган Түмөнбай Абдинаби уулу
25

2016-07-18_12-35-09_806924

Норвегиянын Осло шаарында өткөн кыздар арасындагы көчө футболу боюнча Дүйнө чемпиондугунда Кыргызcтан 4-орунду ээледи. Кыргызстандыктар коло медал үчүн болгон оюнда Кения курамасына туш келип, 4:2 эсебинде жеңилүү ызасын тартты.

Оюндун алгачкы бөлүгүндө Кыргыз оюнчулары 1 гол киргизип алдыга чыккан. Бирок экинчи бөлүктө Кениянын футболчулары алгач эсепти теңеп, андан кийин 3 гол киргизүү менен 3-орунду ээледи. Кыргыз футболчулар экинчи бөлүктө бир гол гана киргизгенге үлгүргөн. Ошентип оюн 4:2 эсебинде Кениянын пайдасына чечилди.

Кошумчалай кетсек, өткөн жылы Шотландияда өткөн кыздар арасындагы көчө футболу боюнча Дүйнө чемпиондугунда Кыргызстан курама командасы 6 команданын ичинен 2-орунду ээлеген болчу.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *