Шашылыш кабар:

Төкмө акын Идирис Айитбаевге Өзбекстандын президенти унаа жана үй белек кылды

Сентябрь 6, 2017 | жарыялаган Орозгүл Арстанова
8695

21317663_1474336129321354_190672712224308861_n

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев  кыргызстандык төкмө акын Идирис Айитбаевге эки элдин ынтымагына кошкон салымы үчүн автоунаа жана үй белек кылды. Бул тууралуу анын жакын санаалаштары Фейсбук баракчасына жазды.

Бул жаңылыкты Анжиян облусунун акими Шухрат Абдурахмонов бүгүн чек ара постунун ачылышында айтып өткөн. Тагыраак айтканда, эки элдин достугун даңазалап эки тилде ырдаган төкмө акынга өзбек президентинин атынан «Мalibu» маркасындагы автоунаа менен Өзбекстандан бир үй белекке берилген. 

Маалым болгондой, Идирис Айитбаев кесиби боюнча англис тили мугалими. Ал өзбек, орус, түрк жана англис тилдерин эркин билет.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *