Шашылыш кабар:

Рыспаев: Эми ГЭС курууга Өзбекстан бут тоспойт

Сентябрь 6, 2017 | жарыялаган Бакыт Төрөгелди уулу
109

DSC_0649

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев менен жолугушууда өзбек тарап Камбар-Ата ГЭСин биргеликте курууга даяр экенин айтты.

Биз ушул теманын айланасында Жогорку Кеңештеги Отун энергетикалык- комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин төрагасы Кожобек Рыспаев менен маектештик.

Марал: Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев менен болгон жолугушууда Өзбекстан Кыргызстан менен КамбарАта ГЭСин биргелешип курууга макул экенин билдирди. Коңшу өлкөнүн президентинин бул сөзү аталган ГЭСти толугу менен бүтүрүүгө кандай түрткү боло алат?

Кожобек Рыспаев: Биринчиден, бул Өзбекстандын президентинин биздин өлкөгө келип, ушундай билдирүү жасоосу бизди кубандырат. Себеби, мурунку президент Ислам Каримов Камбар-Ата ГЭСин курууга каршы болчу. А бүгүнкү күндө Мирзиёевдин бизге кылган мамилеси бул эң жылуу мамиле. Алар ГЭСти чогуу курабыз деген жок, курууга катышууга даярбыз деген меморандумга кол коюлду. Меморандум — алдыга көз караш, дайыма кызматташуу дегенди билдирет. Эми ГЭС курууга Өзбекстан тараптан бут тосуу болбойт.

Марал: Эгер Камбар-Атаны чогуу куруу боюнча эки тарап тил табышып кала турган болсо Өзбекстан ГЭСтин курулуш иштерине каржылык колдоо көрсөтө алабы?

Кожобек Рыспаев: Өзбекстандын мамлекети бай. Ошондуктан биз тараптан алгылыктуу сунуштар болсо эмне үчүн каржылоого болбосун. Буларга ишенсе болот.

SAB_6928

Депутат Кожобек Рыспаев

Марал: Өзүңүз башта айтып кеткендей Өзбекстандын мурдагы бийлиги Камбар-Ата ГЭСи курулуп калса Өзбекстанда суу тартышытыгы жаралат деп келген эле. Бул канчалык негиздүү эле жана бул маселеде эки тарап кантип мунасага келе алды?

Кожобек Рыспаев: Кыргызстан сууну бөгөп Өзбекстанга бербей коет деген маселе жок. ГЭСти курганда тескерисинче жакшы болот. Суу топтолот, жайкысын сугат маалында топтолгон сууну өлчөмү менен берсе болот. ГЭС курганда Кыргызстан суунун башында болуп, өзү сууну бөгөп алат деген түшүнүк болбош керек. Муну азыркы өлкө башчысы туура түшүндү. Макулдугун берип чогуу куралы, же болбосо силер койгон шарттар биздин көз карашка дал келет, сүйлөшөлү деген гана өзүнүн жакшы оюн билдирди.

Марал: РусГидро компаниясы менен Кыргызстандын ортосунда Камбар-Атаны куруу боюнча келишими ортодо денонсацияланып курулуш иши ара жолдо калды. Эми бул долбоордун келечеги кандай болот?

Кожобек Рыспаев: Жогорку Нарын ГЭСи, Камбар-Ата ГЭСин курууда ушундай маселе жаралды, тагдыры кандай болоорун өзүңөр көрдүңөр. Азыр мына чехтер келип майда жана Жогорку Нарын ГЭСин куруу боюнча тендерден утуп алган. Чехиянын алдына коюлган чоң маселелер, милдеттер бар. Аларды аткарбаса биз Чех компаниясын кууп чыкканга жана айып салганга укуктуубуз.

РусГидро болсо денонсация болуп кеткен. Бул компания өзү кура албай, 37 миллионду илип кетишкен. Биз тараптан да мүчүлүштүктөр болду, себеби жергиликтүү бийлик жерлердин баарын бербей көпкө кармаган. Азыр эми чехтер 37 миллионду төлөп, курулушту баштайбыз деп айтышкан, ошону күтүп жатабыз. Бирок эгер алар сөзүнө турбай, кандайдыр бир туура эмес иштер болсо мамлекет эч нерсе жоготпойт. Тескерисинче, буга чейин төлөгөн миллион доллары мамлекетте калат, андан кийин санкциялар кетет. Ошондо ГЭСтерди курууну башка компанияга берсе болот.

Марал: Бирок, айрым депутаттар Чех компаниясы ГЭСтерди кура албай калса Кыргызстан убакыттан уттуруп жатат бул эң чоң жоготуу экенин айтып жатышпайбы. 

Кожобек Рыспаев: Эми айта беришет. РусГидро кеткенден бери бирөө келип бул ГЭСтерди курам деп айтты беле? Кайсы инвестор жулунуп жатат? Бул жөн эле саясаттын оюндары. Эгерде чехтер төлөбөсө катуу талаптар коюлган. Мамлекет бул жерде эч нерсе уттурбайт.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *