Шашылыш кабар:

Өкмөт: «Центерра» миллиондогон доллар бөлмөй болду

Сентябрь 6, 2017 | жарыялаган Бакыт Төрөгелди уулу
130

2013-10-23_19-05-10_737555

Кыргыз өкмөтү «Кумтөр» кенинин айланасындагы экологиялык абалды жакшыртуу боюнча «Центерра Голд Инк» компаниясы менен сүйлөшүүлөр жыйынтыкталып калганын билдирди. Анын натыйжасында тараптар эл аралык арбитраж менен экологиялык соттук териштирүүлөрдү чечип, бир пикирге келүүгө ниеттенүүдө.

Өкмөт башчы Сапар Исаков парламенттин Отун энергетикалык- комплекси жана жер казынасын пайдалануу комитетинде «Кумтөр» кенин иштетип жаткан Канадалык «Центерра Голд Инк» компаниясы Кыргызстандын айлана-чөйрөнү коргоо тармагына 50 млн АКШ долларын которууга даяр экенин айтты. Премьер-министр ал каражат биринчи кезекте Ысык-Көлдүн жээгиндеги саркынды суу тазалоочу түктүктөрдү курууга жумшааларын белгилеп, өлкөгө келтирген экологиялык чыгым үчүн «Центерра Голд Инк» жыл сайын төлөп келген каражатты көбөйтүү демилгеси менен бөлүштү.

-Биз ойлоп жатабыз экологиялык төлөмдөр биздин бюджетке 310 миң доллар эмес 3 млн доллар болушу керек. Андан тышкары Ысык-Көлдөгү суу тазалоочу түтүктөр чоң көйгөй болуп жатат. Бул маселени түп тамыры менен «Центерра» менен чогуу чечишибиз керек.

Өкмөт тараткан маалымат боюнча 2009-жылдагы келишимге ылайык «Центерра» экологияга келтирген зыяны үчүн Кыргызстанга жыл сайын 310 миң доллар төлөп келген. Эми ал 10 эсеге чейин өскөнү турат. Аны менен катар «Центерра» экология боюнча эл аралык «AMEK» компаниясы койгон бардык көрсөтмөлөрдү аткарууга моюн сунганы кабарланды. Канадалык инвесторлор Республикалык онкологиялык борборунун курулуш иштерине да 10 млн доллар бөлүүгө макулдугун берген. Отун энергетикалык- комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитеттин төрагасы Кожобек Рыспаев «Центерра» менен болгон акыркы келишимдерди жакшы жышаан катары баалады.

— Бир дагы премьер-министр ушинтип алып келип айткан жок эле. Бул жакшы төлгө болуш керек. Биздин комитетке өзүңүз атайын жетишкендиктер менен келдиңиз, мен дагы  ушуну тилеген элем.

«Кумтөр» кени иштетилип бүткөндөн кийин жаратылышты калыбына келтирип, уулу калдыктарды зыянсыздандырыш үчүн Рекультивация фонду түзүлгөн. Ал фондго 69 млн доллардан кем эмес акча топтолушу зарыл. Сапар Исаковдун айтымында учурда аталган фондго 23 млн доллар каражат түшкөн. Бирок, акча чет өлкөдөгү банктарда сакталып тургандыктан, аны Кыргызстандагы банктарга которуп өлкө экономикасынын пайдасына иштетүү пландалып жаткан экен.

Парламенттеги «Ата Мекен» фракциясынын лидеринин убактылуу милдетин аткаруучу Алмамбет Шыкмаматов аткаруу бийлигинин аракети колдоого алаарлык экенин белгилеп, бирок ал сөз боюнча калбаш керек дейт.

— Чубактын кунундай болуп жети жылдан бери «Кумтөр» боюнча бир дагы маселе чечилбей келатат. Азыркы өкмөт сунуштап жаткан идея жакшы, алдыга жылыш десек болот. Бирок, эгерде ишке ашса.

2010-жылдан кийин келген төрт өкмөт тең «Центерра» менен «Кумтөр» кенине байланыштуу орток пикир таппай келет. Жогорку Кеңеш Канадалык инвесторлор менен 50-50 пайыз үлүштөгү ишкана түзүү боюнча меморандум кабыл алган. 2015-жылы Темир Сариев башында турган өкмөт «Кумтөр» долбоору боюнча «Центерра» менен болгон сүйлөшүүдөн чыккан. Ошол учурдагы аткаруу бийлиги мунун Канадалык ишканын экологиялык маселелерди эске албаганын негиз кылган.

Экс-депутат Эркингүл Иманкожоева жаңы келген өкмөттүн «Кумтөр» боюнча акыркы билдирүүсүн элди алаксытуу аракети катары сыпаттап жатат.

-Мунун аркасында чоң нерселер турат. Анткени булар мөңгүлөрдү талкалаганга баргантат. Балким ушул нерселерди айтып, алдамыш болуп андан ары муздарды талкалаганы турушат. Эгер депутаттар түшүнө турган болсо муздарды талкалоого жол бербеш керек.

Июль айында кыргыз тараптын «Кумтөрдөгү» акциясы 32,1 пайыздан 26,6 пайызга азайып кеткен. Буга «Центерранын» «Thompson Creek Metals Inc.» компаниясын сатып алганы негиз болгон. «Кыргызалтын» ишканасы кыргыз тараптын үлүшү азайганы менен анын терс таасири тийбейт деп ишендирип тескерисинче 20 жыл дивиденд алып турууга шарт түзүлөт деп маалымат тараткан эле.

Деген менен парламенттеги «Республика-Ата Журт» фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов «Кыргызалтындын» алты пайыз акциясынан ажырашын сындап депутаттык комиссия түзүп, ишти иликтөөнү демилгелеп чыккан.

— «Центерра» финансылык абалы кыйын акыбалда турган «Thompson Creek» деген 1 млрд 100 млн долларга сатып алды. «Центеррага» 80 пайыз акча биздин «Кумтөрдөн» түшөт. Биздин фракция депутаттык комиссия кылып туруп негизги кен байлыгыбыз болгон «Кумтөрдөгү» үлүшүбүз эмнеге 32 пайыздан 26 пайызга түшүп кеткенин иликтөөнү сунуш кылат.

Өкмөт «Центерра Голд Инк» Кыргызстандын аймагындагы дагы башка кендерди иштетүүчү ишканаларды түзүү аркылуу жаңы инвестицияларды тартууга даяр экенин билдиргенин кабарлоодо. Жыйынтыгында Отун энергетикалык- комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитети эки тараптуу жетишилген сүйлөшүүлөрдү карап чыгып маалыматты палатанын кароосуна макулдашууга жиберди.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *