Шашылыш кабар:

Коңшу өлкөлөр курууга белсенген «Камбар-Ата» ГЭСи

Сентябрь 6, 2017 | жарыялаган Түмөнбай Абдинаби уулу
103

399530.1449115704_0

Кошуна өлкө Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев иш сапары менен Бишкекте болуп, эки тараптуу сүйлөшүүдө “Камбар-Ата” ГЭСин чогуу кура тургандыгын айтты. Анда мамлекет башчы Атамбаевдин «бир дагы ГЭС Өзбекстан катышмайынча курулбайт» деген сөзүн айтып, аны менен макул экендигин билдирди. Аты аталган ГЭС Өзбекстанга да керек деп белгилеп өттү.

Алмазбек Атамбаев «бир дагы ГЭС Өзбекстандын катышуусусуз курулбайт» деп айтты. Мен ага толук кошулам. Биз ар тараптан: каржы, ресурс жана башка жагынан толук көмөктөшүп, Камбар-Ата ГЭСин чогуу курабыз. Анткени, ал бизге керек.

“Камбар-Ата” ГЭСтер долбоору 1980-жылдары иштелип чыккан. Бирок Кыргызстан эгемендүүлүктү алгандан кийин аны ишке ашырууда коңшу өлкөлөр менен саясий көйгөлөр пайда болгон. Алардын бири “Камбар-Ата-2нин” курулуусуна Өзбекстандын мурдагы президенти Ислам Каримов да каршы чыгып келгени маалым. 2013-жылы эки тараптын сүйлөшүүсүндө бул саясий маселе жөнгө салынып, эки жак тең ГЭСтин курулуусуна макулдугун берген. Бирок каржы жагынан көйгөй жаралып, бүгүнкү күнгө чейин курулбай келди. Атамбаев коңшу мамлекеттин башчылары менен жолуккан учурларда да аны чогуу ишке ашырууга чакырык жасап келген дейт энергетика жаатындагы серепчи Расул Умбеталиев. Ал өз пикиринде “Камбар-Ата” ГЭСин Өзбекстан менен чогуу куруу туура экенин, эмесе мамлекет аны өз алдынча бүтүрө албастыгын айтты.

-Өзбекстандын сунушуна жок дебей, мүмкүнчүлүк берүү менен чогуу куруу керек. Анткени аны биз өз алдынча кура албайбыз. Бирок чогуу иш алып барууда жер, суу Кыргызстанга таандык болгону үчүн өндүрүлгөн электр кубатынын 50 пайыздан көбү бизге калышы керек. Ал эми Өзбекстанга 49 пайызга чейин беришибиз мүмкүн.

Алмазбек Атамбаев менен Шавкат Мирзиёев бул меселеде бир пикирге келип, чогуу иш алып барууга макулдугун беришти. Эми Кыргыз өкмөтүнүн өнөр жай,  энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитети, Улуттук энергохолдинг ишканасы жана “Электр энергиялар” ачык акционердик коому президенттердин туура чечимин колдонуп, ишти канчалык деңгээлде аткара тургандыгы да чоң маселе. Бул иш мыкты деңгээлде аткарылса анда Кыргызстандын электр энергияны экспорттоодогу иши бир жолго салынып калат. Анткен менен Кыргызстандын өндүргөн электр энергиясы өзүнө жетишсиз. Жылына 3-4 млрд киловатт жетпейт жана ишке берилүүсүнө уруксат берилбей жаткан обьектилер ишке кирише турган болсо, анда ал көлөм 6 млрдга чейин жетиши мүмкүн. Ошол себептүү бул демилгенин эки тарапка тең жемиштүү болорун мурдагы энергетика министрлигинин стат-катчысы Батыркул Баетов билдирди.

-Адистердин айтышынча, азыр өлкөдө жылына 3-4 млрд киловатт саатына энергия жетпейт. Эгер колдонууга уруксат бериле элек ар кандай обьектилерди кошуп эсептесек, ал 6 млрдга чейин жетет. Ошол үчүн аны иштеп чыгууну көбөйтүүгө шарт түзүлгөнүнө кубанышыбыз керек. Мындай мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбоо керек.

Кыргызстан өндүргөн электр энергияны 1 киловатт саатын 77 тыйындан сатса, CASA-1000 долбоорунун алкагында 9 сомдон сатууга болот. Ошол себептүү өкмөт энергияны өндүрүүгө кызыктар болушу керек. Ошондой эле ГЭСтер курула турган болсо, агып жаткан сууну пайдалануу туура нукка түшүп, кошуна өлкө жана Кыргызстан үчүн да эки жактуу пайда болот. Муну энергетик Бекбоо Маматбеков айтты. Ал өз сөзүндө эки өлкө бул ишти аягына чыгарарын белгиледи. Өзбекстан өткөн жылы Дүйнөлүк Банктан 2 млрд доллар карызды энергетика тармагын өнүктүрүү максатында алганын, ошонун жарымын Кыргызстанга бөлө турган болсо, ГЭСти каржылоо кыйынга турбайт деди.

-Элге электр энергиясын 77 тыйындан сатып жатсак, ал долбоордун алкагында 9 сомдон сатууга болот. Ошол үчүн бул тармакты өнүктүрүү менен келечекте пайда алып келе турган тармакка айлантуубуз керек. Мындан Кыргызстан эч нерсе жоготпойт.

Кошумчалай кетсек, 2012-жылы Кыргызстан жана Орусия өкмөттөрү Камбар-Ата-1 жана Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын куруу боюнча макулдашууга кол койгон болчу. Ага ылайык, Орусиянын «Русгидро» компаниясы аталган эки энергетикалык объектти кура турган болгон. Бирок бул жаатта иш үзгүлтүккө учурап, 2015-жылы Кыргызстандын демилгеси менен макулдашуу денонсацияланган.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *