Шашылыш кабар:

Топтогон колдору жараксыз деп табылган президенттике талапкерлер эмне дейт?

Сентябрь 6, 2017 | жарыялаган Канай Анаркулов
38

zayavlenie-2Президенттик шайлоого катышууну максат кылган айрым талапкерлердин тилегин таш кабып, алардын топтогон колдорунун көпчүлүгү жараксыз деп табылды. Баш мыйзамда президент болууну каалган жаран 30 миңден ашык кол топтошу керек экени жазылып турат. Борбордук шайлоо комиссиясы тараткан акыркы  маалыматка караганда, талапкерлердин өкүлдөрү колдор топтолчу үлгү документти туура эмес пайдаланышып, колдор туура эмес толтурулгандыктан,алардын көбү жокко чыгарылган. Мындай абалга кабылгандардын катарында, Исхак Масалиев, Рита Карасартова, Кубан Чороев, Камила Шаршекеева, Турсунбек Акун жана Талгатбек Кожогуловдор бар. Биз алардын кээ бирлеринин пикирлерин угуп көрдүк.

Исхак Масалиев БШКга 36 миң 673 кол тамга коюлган баракчаларды тапшырган. Текшерүүнүн жыйынтыгында анын 30 миң 470 кол тамга жараксыз болуп чыккан. Жарактуусу 6 миңден ашык.

«Топтогон колдору жараксыз эмес, баракчаларды көбөйтүү үчүн шайлоо фондунан акча короткон жоксун деген жүйөө менен колдорду жараксыз кылып коюшту. Мындай план эчак эле түзүлүп калган экен. Талапкерлерди кынтык издеп, жарыштан четтеттүү жүрүп жатат. Болбосо колдор жарактуу, барактарга гана акча сарпталбай, үйдө аппарат болгондуктан, өзүбүздө чыгарылган. муну мен жүйөө деп айта албайм»,-деди Масалиев.

Ошондой эле Кубан Чороев, бул саясий чечим болуп калганын белгилеп, буларга токтолду.

-Канча мээнет менен колдор такталып эле чогултулган. Алгач БШКнын комиссиясы 400гө жетпеген эле кол жараксыз деген жыйынтык чыгарганы менен Юстиция министрлигинин алдындагы  эксперттер 22 миң колду жарксыз деген бүтүм чыгарып койду. Мынча кыска убакыттын ичинде аларды текшерип чыгууга физикалык жактан да жетишпейт эле. Анын үсүндө текшерүү кандай жүргөнүн көрсөтпөй, ич ара чечип коюшканы бизди нааразы кылды. Мыйзамда өкүл катышууга уруксат бар. Бул жерде сүкорлукту жоюу боюнча менин программам биздин бийликти чочулатып койду деп эл айтам. Эми жарышка өзүм катышпасам да, программаны ишке ашыруу үчүн башка кандидаттар менен бирге иш алып барам.

Ал эми Рита Карасартова болсо, чындап эле БШК койгон талаптар аткарылбай калган учурлар бар экенин моюнга алды. Бирок,бийлик каалабагандарды жарыштан четтетүүгө жол куруп алганын айтты.

-БШК койгон талаптар аткарылбай калган учурлар бар экен. Буга жарандардын да документ иштерин толтурууда сабатсыздыгы себеп болуп жатат. Бир адам эки адам үчүн толутуруп, басма тамгалар менен жазып жана башка каталар болду. Бирок баары бир шайлоону уюштуруучулар өз адамдарын өткөрүү үчүн үтүр, чекитти да ката деп саноо менен жарыштан четтеттүү аракети байкалды. 

БШКнын төрага орун басары Абдыжапар Бекматов болсо, нааразы болгон тарап сөзсүз болорун, бирок  мыйзам баарына бирдей болгондуктан, катачылык кетирүүгө жол жок экенин билдирди. Ошондой эле макул болбогондо сот аркылуу акыйкаттыкты таба алышарын айтты.

Турсунбек Акун болсо соттон БШКнын чечимин жокко чыгаруу өтүнүчү менен сотко кайрыла турганын 6-сентябрда маалымдады .

Айта кетсек 2017-жылдагы президенттик шайлоого катышуу үчүн 59 жаран арыз жазган. Бүгүнкү күндө алардын 13 толук талаптарды аткарып, талапкер катары каттоого алынышты. Калгандарына 9-сентябрга чейин дагы мөөнөт бар.Андан соң  үгүт иштери башталат. президенттик шайлооболсо 15-октябрда өтөт.

 

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *