Шашылыш кабар:

Мирзиёев: «Чек арада маселе чыкса аны акимдер эле чечиш керек»

Сентябрь 6, 2017 | жарыялаган Бахар Хакимова
481

SAB_2371

6-сентябрда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков жана премьер-министр Сапар Исаков менен жолукту. Анда чек ара маселесине өзгөчө көңүл бурулуп, меморандумга кол коюлду. Ага ылайык, эми эки өлкөнүн чектеш аймактарынын акимдеринин кеңеши түзүлөт.


Жогорку Кеңештин спикери Чыныбай Турсунбеков менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жолугуп, эки өлкөнүн парламенттер аралык кызматташуусу жөнүндө кеп козгошту. Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков, акыркы жылдары Кыргызстандын эли эки мамлекет ортосундагы алакалардын жакшы жагына өзгөрүүсүнө күбө болуп жатканын айтып, бул өлкөнүн түштүк аймактары үчүн эле эмес, түндүк тараптагы аймактарга да оң таасирин тийгизип жатканын айтты.

-Тамчыдагы аба майданындагы Өзбекстанга түз аба каттамынын ачылышы – эки өлкөнүн кызматташтыгы жогорку деңгээлге көтөрүлгөндүгүнүн далили. Биз, Жогорку Кеңеш да Өзбекстан парламенти менен өнөктөштүк мамилелерди чыңдоону көздөйбүз. Баарына белгилүү болгондой, парламенттер аралык кызматташтык эки элди жакындатууда маанилүү роль ойнойт. Президентибиз Алмазбек Атамбаев менен кечээки жолугушууңуз жана Самаркандга болгон сапарындагы жолугушуулар тарыхый бир бурулушка алып келди.

Ал эми Өзбекстандын мамлекет башчысы Шавкат Мирзиёев спикер жана фракция төрагаларына ыраазычылык билдирип, эки өлкөнүн чек арасы, достуктун чек арасы болуусун каалай турганын айтты.

Андан кийин, премьер-министр Сапар Исаков менен жолугуп, Исаковду өкмөт башчылыкка дайындалышы менен куттуктады. Ошондой эле, ага жазуучу Чыңгыз Айтматовдун өзбек тилине которулган китебин белек кылды.

Маалым болгондой, Мирзиёев өзү 14 жыл бою премьер-министр болгон жана бул убакта Кыргызстандын өкмөт башчысы менен 4 гана жолу телефон аркылуу сүйлөшкөн. Ошондуктан мындан ары эки өлкөнүн премьерлери керек болсо жолугуп туруусу керектигин кошумчалады. Муну менен катар, чектеш аймактардын акимдеринин кеңеши түзүлүп, карапайым калк тоскоолдуксуз катташып туруусу керектигин белгиледи.

-Мамлекеттерди бөлүп турган чек арасы болуш керек. Бирок, Кыргызстан менен болгон чек арабыз, достуктун чек арасы болуусун каалайм. Элибиз биздин туура эмес чечимдерибизден тажашты. Анткени алар достошуп, биргеликте жашап, тойлоруна барып турууну каалашат. Чектеш аймактардын акимдери өз ара жолугушуп жергиликтүү көйгөйлөрдү өздөрү чечип туруусун каалайт элем. Бул биздин ишибизди да жеңилдетмек. Кыргызстандын эли татыктуу президентти тандап алаарына ишенем жана андан кийин да азыркы алакабыз уланаарынан үмүтүм бар.

Бул сөздөрдү тастыктап эки өлкөнүн акимдеринин кеңешин түзүү боюнча меморандумга коло коюлду. Ошондой эле, Мирзиёев эки тараптуу мамилелердин жакшырышын каалабаган адамдар да болуп келгенин белгилеп өттү. Бир топ тармакта өз ара кызматташууга болоорун белгилеп, анын ичинен Кыргызстанда машина чогултуу, өзбек пахтасын текстиль өнөр жайында колдонуу сыяктуу тармактарга басым жасады.

-Эмне үчүн биз машиналарыбызды Кыргызстандан чогултуп, башка өлкөлөргө сата албайбыз? Эмнеге кездемелерибизди сата албайбыз? Сиздердин тигүү брендиңиздер бар. Биздеги мөмө-жемииштер Кыргызстанга караганда 1-1,5 ай мурун бышат. Биз бул мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланууга эмне үчүн болбосун?

Өкмөт башчы Сапар Исаков, бул боюнча келишимдер жакынкы убакта компаниялар менен иштелип чыгып, кол коюлаарын айтты. Президент менен сүйлөшүлгөн иштер да улантылат. Ошондой эле Исаков, Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга жакшы жаңылык алып келген урматтуу адамдардан деп эсептейт. Анткени, 17 жылдан бери эки өлкөнүн мамилеси азыркы деңгээлдегидей болбой келген, Мирзиёевдин келиши менен чек ара маселеси чечилди.

-Биз сизди Кыргызстанда көргөнүбүзгө абдан кубанычтабыз. Биздин кыргыз эли сизге дуаларын, каалоо-тилектерин айтып жатышат. Буга чейин кыргыз-өзбек мамилеси мынчалык деңгээлге чыккан эмес. Биздин кийинки муунга да жакшы жаңылык алып келдиңиз, сизге рахмат!.

Ошентип, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга болгон алгачкы мамлекеттик сапары аяктады.

Эске салсак, мамлекеттик сапардын алкагында эки өлкөнүн президенттери тар жана кеңири чөйрөдөгү жолугушууларды өткөрүштү. Анда бир топ маанилүү маселелер боюнча сүйлөшүүлөр болуп, эң негизгиси кыргыз-өзбек чек арасын тактоо боюнча келишим түзүлдү. Мирзиёев эми, эки өлкөнүн эли тоскоолдуксуз достошууга мүмкүнчүлүк түзүлөөрүнө убада берди.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *