Шашылыш кабар:

Марс Сариев: Өзбекстандын мүмкүнчүлүктөрүн толук колдонуп калышыбыз керек

Сентябрь 6, 2017 | жарыялаган Чолпон Бейшелең кызы
213

Кыргызстан менен Өзбекстандын мамилеси жаңы багытка карай жол алды. Анын ичинде дээрлик 25 жылдан бери чечилбей келген чек ара маселесинин 85% такталып, маанилүү документке Кыргызстан менен Өзбекстандын президенттери кол коюшту. Бул тарыхий окуя Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин расмий сапарынын алкагында ишке ашты. Тараптар бир гана чек ара менен чектелбестен, экономикалык, социалдык, облустар аралык, маданий кызматташтыктар боюнча да келишимдерге жетишти.  Жаңы нукка түшкөн кыргыз-өзбек алакасы тууралуу суроолорубузга саясат талдоочу Марс Сариев жооп берди.

-Өзбекстанга жаңы президенттин дайындалышы менен Кыргызстан менен Өзбекстан өнүгүүнү жаңы жолуна түштү. Муну сиз кандай баалайсыз?

Бүгүнкү күнү Өзбекстанды Орто Азия аймагында лидер катары көрсөк болот. Себеби Өзбекстан эң чоң мамлекет. Ошондуктан эки мамлекеттин ортосунда жылуу мамиле болсо, Фергана аймагы жалпы эки тараптуу өнүгөт. Азыр эле  үч айдын ичинде эки тараптуу соода -жүгүртүүнүн көлөмү эки эсеге өстү. Бул абдан жакшы. Өзбекстан  башкача система жүргүзүүгө өттү.   Ага ылайык жаңы жол ачылып, жаңы мамиле кылына баштады.

-Алдыда эки тараптуу алака дагы кайсы нукта уланышы керек?

Мен ойлойм, азыр Жакынкы Чыгышка чыкканга Кыргызстанда темир жол бар. Өзбекстанда автоунаа жолу дагы бар. Ал байланыштарды колдонуу менен эки тараптуу кыла турган көптөгөн долбоорлор бар.

-Эки өлкө ортосундагы маселе дээрлик толук  чечилгени кабарланды. Чындыгында эле эки өлкө ортосундага маселелер чечилип бүттүбү?

Чындыгында Өзбекстан менен эң оор маселе бул чек ара болчу. Анклав маселелерин  чечип жатканда биз дагы Өзбекстан дагы өз аймактарын бериши керек. Бул абдан татаал маселе. Канча жылдан бери чечилбей келеткан. Эми гана акыркы бир жылда Шавкат Мириеевдин президент болуп келиши менен биздин президент менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында маселе дээрлик 85 пайызы чечилди. Ошондуктан мен ойлойм, анклавдардын деле маселелери чечилет. Муну абдан жакшы прогресс катары санасак болот.  Бирок андан башка дагы маселе бар. Ага сөзсүз токтолуп өтүшүм керек. Бүгүнкү күнү Кыргызстан траспорттук жактан туңгуюкта турат. Мында Шавкат Мирзиеев «Кыргызстан аркылуу Кашкарга чыгабыз» деген кебин айтты. Мындан тышкары, Кыргызстан-Кытай автоунаа жолун салып Өзбекстан аркылуу чыкса, Европа менен Кытайды байлаган чоң трасса пайда болот. Мен ойлойм эгер мындан ары ушундай жол менен барсак, Орто Азия толук өнүгөт. Экономика дагы көтөрүлөт.

Сиз айтып өткөн мүмкүнчүлүктөрдү толук пайдаланып калуу үчүн Кыргызстан кандай саясат жүргүзүшү керек?

-Мен ойлойм азыр жакшы эле. Кыргызстан адекваттуу саясат жүргүзүп жатат. Мындай маалдан биздин өлкө сөзсүз пайдаланып калышы керек. Себеби эки өлкөнүн товар жүгүртүүсү көтөрүлүп кетсе, түштүк жактагы элдин жашоосу оңолот.

Маегиңизге рахмат! 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *