Шашылыш кабар:

М.Абдубачаев: Акча которуунун агымы быйыл 31,5 пайызга көтөрүлдү

Сентябрь 6, 2017 | жарыялаган Nargiz Bayomurоva
30

Улуттук банк менен «Марал» радиосу биргеликте даярдаган экономикалык багыттагы «Эколикбез» программасынын алкагында Кыргызстандагы төлөм системасы тууралуу маектешебиз. Программанын коноктору; Улуттук банктын Финансы статистикасы жана маалымдоо башкармалыгынын төлөм теңдеми жана тышкы карызды тейлөө бөлүмүнүн жетектөөчү адиси, экономист Абдубачаев Мирбек жана төлөм системалары башкармалыгынын төлөм системасынын методологиясы, анализдөө жана өнүктүрүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Джакубова Асель.

валюта-сом-аралаш-768x512

Марал: Саламатсыздарбы, Мирбек Рысбекович алгачкы суроом сизге, жумушчулардын акча которуулары деген эмне? Которуулардын  ыкмасын жана жол жоболору тууралуу айтсаңыз?

М.А:  — Жумушчулардын акча которуулары – бул чет өлкөлөрдө бир жыл бою же андан көбүрөөк иштеп жүргөн эмгек мигранттары тарабынан өз мекенине жөнөткөн акча которууларды айтсак болот. Көбүнчө акча которуулар мигранттар тарабынан өзүнүн үй-бүлөсүнө колдоо көргөзүү максатында жөнөтүлөт. Акча которуулардын натыйжасынан үй чарбасындагы киреше булагы көбөйүп, акчаны кабыл алган тарап ал каражатты эң негизги керектөөлөрүн жабуу максатында жумшайт.

Негизинен, акча которууларды жөнөтүүнүн 2 ыкмасы бар: формалдуу жана формалдуу эмес.

Формалдуу каналдар (акча которуу системалары аркылуу которуулар (Мисалы: Золотая Корона, Контакт, Юнистрим, Western Union), жеке адамдардын банк жана почта аркылуу которуулары ж.б. Бул каналдар расмий статистика менен эске алынып турат.

Формалдуу эмес каналдар (эмгек мигранттар, алардын достору, тааныштары, автобус айдоочулар же поезддин коштоочулар аркылуу алып келинген накталай акча). Акча которуулардын накталай формада алып келүүсүн эсепке алуу мүмкүн болбогондуктан, Улуттук банк которуулардын бул бөлүгүнө кошумча эсептөөлөрдү жүргүзөт.

Кыргыз Республикасына  келип түшкөн мигранттардын акча которууларынын негизги каналы болуп акча которуу системалары эсептелинет, алар которуулардын 90,0 пайыздан көбүн түзөт. Ал эми жеке адамдардын банк жана почта аркылуу которууларынын үлүшү чоң эмес.

 Марал: -Кайсыл мамлекеттен  Кыргызстанга жумушчу мигранттардан акча которуулары  көп келет?

М.А  -Жумушчу мигранттардын акча которууларынын жалпы агымында Россия Федерациясынын үлүшү 98,0 пайызга жакын. Акча которуулардын географиялык кесилишинде башка өлкөлөрдүн үлүшү мурдагыдай эле аз.

 Марал: — Асель Кенжетаевна, финансылык мекемелердин акча которуу кызматын көп колдонгон кардарларга кандай жеңилдиктер каралган?

А.Д: -Ар бир банк, өз алдынча чарбалык субъект катары, акча которуу болобу же башка банктык операциялар болобу, ар кандай жеңилдиктерди киргизүү чечимин өздөрү гана кабыл алышат.

Марал:  -Кыргызстандагы акча которуулардын өсүш темпине токтоло кетсеңиз?

А.Д:  -2017-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча жеке адамдардын акча которуу системалары аркылуу которуулары 1 090,4 млн АКШ долларын түздү, бул 2016-жылдын салыштырылып жаткан мезгилдин көрсөткүчүнөн 28,9 пайызга жогору. Кыргыз Республикасынан 191,8 млн АКШ долларындагы суммада акча которуулары жөнөтүлгөн. Салыштырып кетсек, 2016-жылы өлкөдөн 162,8 млн АКШ доллары көлөмүндөгү которуулар жөнөтүлгөн. Ошондуктан 2017 — жылдын биринчи жылдыгында акча которуулардын таза агымынын көлөмү 898,6 млн АКШ долларын түзүп, 2016 жылга салыштырганда 31,5 пайызга жогорулаган.

 Марал:  -Ал эми акча которуу кызматынын наркын ким бекитет?

А.Д:  -“Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк ишмердүүлүгү тууралуу Мыйзамдын 11- беренесине ылайык банктар өз алдынча комиссиялык сый-акыларды жана банктык кызматтардын акысын аныкташат. Акча которуу кызматынын тарифтерин аныктоодо акча которуунун көлөмү/суммасы, жөнөтүлүп жаткан аймагы, которуунун ыкмасына көңүл бөлүнөт. Албетте банктардын тарифтери ар башкача болот.

Анткени менен акча которууларды (Береке, Ылдам, Аргымак) түйүндөрү менен гана ишке ашырбастан, эл аралык (Вестерн Юнион, Золотая Корона ж.б) акча которуу системалары жана башка ыкмалар аркылуу жүргүзүүгө болот. Ошондой эле акча которууларды бир банктык эсептен, экинчи банктык эсепке өткөрүү менен жөргүзсө да болот.

Мисалы, SWIFT чек ара төлөм системасы аркылуу, эгерде банктык эсепке байланган төлөм картаңыз бар болсо, Кыргыз Республикасынын чегинен ары жактан дагы акчаны нак эмес төлөм жүргүзүү ыкмасына жараша интернет-банкинг аркылуу которууга болот жана ага ылайык кардар аралыктан туруп, өзүнүн банктык карталарын интернет булагы аркылуу башкара алат. Ошондой эле тийиштүү мобилдик тиркемелри бар уюлдук телефондун жардамы менен акча которууларды мобилдик банкингдин жардамы менен ишке ашырса болот. Аны үчүн банктык эсепке алыстан туруп, уюлдук телефон аркылуу кардарга смс билдирүүлөрдү жиберүү керек.

Акча которууларын ишке ашыруу үчүн коммерциялык банктардын тарифтери менен жакшылап таанышып чыгыш керек.

 Марал: — Айтсаңыз, акча которуу системасынын рыногунда азыркы тапта жаңы инновациялык жана ишенимдүү шарттар барбы?

А.Д:  -Бул рынокто азыр бир топ инновациялык жагымдуу жана ылайыктуу шарттар каралып жатат. Аларга токтоло турган болсок, калктын ыңгайлуулугун эске алуу менен “Кыргыз Республикасынын акча которуулар системасы боюнча акча которууларды ишке ашыруунун эрежесине” ылайык Кыргызстанда акча которууларды ар ким каалагандай ишке ашырса болот. Тагыраак айтсак, накталай же накталай эмес формада акчаны кабыл алуучуну белгилөө менен банктык төлөм картага акчаны которуу/ банктык эсепке акча салууну ашке ашырса болот. Ошондой эле электрондук капчык/электрондук акчаны пайдалануу шарттары түзүлгөн.

Марал: -Мирбек Рысбекович, акча которуулардын коопсуздугуна кепилдик берилеби?

М.А  -Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, коммерциялык банк  акча которуулар системасынын катышуучулары катары саналат. Алар акча которуучудан акчаны кабыл алат жана тийиштүү формат менен эрежелерге ылайык акча которуулар системасы аркылуу аны жөнөтүүнү камсыздайт.

Акча которуулар системасынын банк –катышуучусу акча каражатын которуп жатып, акчаны жөнөтүүчүгө же аны кабыл алуучуга акча которуулардын эрежелери тууралуу маалымат берет жана тийиштүү бардык документтерди сунуштайт, ар бир кабыл алуучу жана жөнөтүүчүнүн жеке маалыматтары текшерилип чыгат.  Мындан сырткары акча которуулдар системасынын катышуучу-банкы акча которуучуга кийинки маалыматтарды берет:

— акча каражатынын суммасы;

— төлөөгө керектелүүчү төлөмдөр. катышуучунун комиссиялык жыйымдарынын суммасы;

— акча каражатын которуудагы акча алмаштыруу курсу;

— акчаны кабыла луунун датасы, убактысы;

— акча которуунун натыйжасында акчаны кабыл алууга мүмкүн болгон жайлар;

— акча которууларды ишке ашыруунун коопсуздук эрежелери;

Акча которуу системасы аркылуу келген акча каражатын кабыл алуучуга берүүдөн мурда, коммерциялык банк-катышуучу электрондук билдирүүдөгү бардык реквезиттин дал келишин тактап чыгат. Реквезиттер дал келбей калган учурда катышуучу акчаны кабыл алуучуга реквезиттеги дал келбестиктер тууралуу маалымдайт жана ал акча каражатын берүүдөн баш тартат. Финансылык милдетти аткарууну камсыздоо үчүн коммерциялык банк –катышуучу тарабынан талаптар коюлат.

Ага ылайык, эл аралык акча которуулар системасынын оператору катышуучунун милдеттүү коопсуздук депозитин жайгаштырып, же банктан кепилдик берүүсү жана акча которуулардын коопсуздугун камсыздоосу керек.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *